АРАШАН – ПОПУЛЯРДУУ КОЙ ПОРОДАСЫ

Учурда Кыргыз эли малдын санына эмес, сапатына басым жасоого ыктап баратат. Гисар жана кыргыз коюн аргындаштыруудан алынган арашан породасындагы кочкорлорго суроо-талап жогору экенин айтышат фермерлер. "Жылдан жылга малдын саны көбөйүп, жайыттар азайып баратат, санга эмес, сапатка басым жасоого учур келди",- деген фермер Аманбек Алымкожоев учурда популярдуу болуп жаткан арашан породасы кантип жаралганы, анын артыкчылыгы боюнча кенен маалымат берди.

– Саламатсызбы, Аманбек мырза? Алгач арашан породасынын пайда болуу тарыхына токтолсок.

– Саламатчылык, өзүңүздөр билгендей, кыргыз эли мал-жандыкка жакын, аталарыбыз Союз мезгилинде жалаң уяң жүн багытындагы койлорду кармашкан, кийин куйруктуу койлорго өттү. Кийинчерээк тажик, эдилбей породасындагы койлорду кыргыз койлору менен аргындаштырып жүрүштү. Арашан породасы мурунтан эле аз санда бар болчу, бирок мунун порода катары катталуусуна Арашан айылынан чыккан Мирлан, Нурдин, Искен деген жигиттердин салымы чоң. Ошол жигиттердин демилгеси менен бул порода ата мекендик бренд болуп калды десем болот.

Алгач бул породаны Кыргыздын атынан каттайлы дегенде көбү арсар оюн айтып, тоскоолдуктар да болгон экен. Жигиттер Ысык-Көлгө, Таласка барып арашан койлорун баккан чарбакерлер менен кеңешип, сунуш кылышыптыр. Арашан деп аталып калышынын себеби – бизде мындай аталган жерлердин, суулардын аты көп экен, ошого ушул атка токтолгонбуз.

2017-жылы биринчи жолу арашан породасындагы Чүйдүн гулливер деген коюн Казакстандын Чымкент шаарында өткөн койлордун көргөзмөсүнө алып барышкан. Ал көргөзмөдө арашан кою 188 килограмм тирүү салмак менен 1-орунду алган. Ошондон баштап биз ушул породаны расмий каттайлы деген иш-чараны баштаганбыз. 2021-жылы 15-апрелде айыл чарба министри тарабынан порода катары реестрге киргизип катталган. 18-сентябрда Кара-Балта шаарында презентациясын да өткөрдүк.

Аталган породадагы койлордун түпкү жери Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрү. Бирок учурда өлкөнүн 7 дубанында бар. Түштүк жергесиндеги туугандар көбүнчө гисар койлорун кармашат, арашанды эми гана алып кетип багып жаткандар болууда.

– Арашан породасындагы койлордун өзгөчөлүгү эмнеде?

– Алардын башка койлордон артыкчылыгы – жайы-кышы жайытта жүргөнгө ыңгайлашкан. Көлөмдүү, салмагы аябай чоң. Кубаныч Мыктыбаев деген казакстандык мыкты чарбакер бар, ошол короосундагы арашан коюнун салмагын 225 килограммга чейин жеткирген. Негизинен, арашан койлору куйрук жана эт багытында деп эсептелет. Ошондой эле өтө көтөрүмдүү, ысык, суукта бирдей жүрөт. Учурда мен өзүмдүн арашан койлорумду Сырт өрөөнүнө алпарып багып жатам. Кыргызстан боюнча өткөн көргөзмөлөрдө арашан койлору 190-200 килограммга чейинки салмакта болсо, козулары 120 килограммга жетип жатат.

– Бул породадагы койлордун баасы да кымбат экен...

– Туура айтасыз, арашан койлоруна теңдеш Орто Азияда аналог жок. Эдилбей, гисар койлору да арашандан кичине болушат. Чет өлкөлүктөр көбүнчө сырткы көрүнүшүнө, сулуулугуна, салмактуулугуна, анан табияттын ар кайсы мезгилине жөндөмдүү, тоютка ийкемдүү деп кызыгышат. Баасы кымбат, “10 кочкорду 10 миң доллардан алгандан көрө 1 жакшы кочкорду 50 миң долларга сатып алып, уруктандырууга алып кеткенибиз жакшы” дешет казакстандык чарбакерлер. Аталык жагына абдан кызыгышат. Арашан койлору жылкы, уй баласына салыштырмалуу өтө кымбат бааланат. 3 айлык козулары 50 миң сомдон кем эмес, чоң койлору 12 миң доллардан сатылып жатат. Жакшы кочкорлору 50 миң доллардан сатылган учурлар да болду. Бирок мындай койлор базарга чыкпайт, чарбакерлер үйгө келип алып кетишет. Базарга көбүнчө эт багытында сатыла турган койлор чыгат.

– Кыргызстан боюнча канча баш арашан кою бар?

– Негизи эл аралык стандарт боюнча, порода катары каттоо үчүн 5600 баш кой болушу керек. Биз арашанды жаңы каттаганда Кыргызстан боюнча 6000дей койду киргизгенбиз, азыр болжол менен 30 миңден ашып калды.

– Чүйдүн арашанын Ошко алып барып кармаса, оңой эле көнүшүп кетеби?

– Чоң кочкорлорду алып барганда бир аз жер тандашы мүмкүн. Эгер козу кезинде алып барса ошол климатка көнүп кадимкидей эле калыптанат. Кээде кан алмаштыруу максатында Чүйдүн арашанын Ысык-Көлгө, Ысык-Көлдүкүн Таласка баккан учурлар да кездешет. Өрөөндөрдөгү арашандардын бири-биринен айырмачылыгы болот. Мисалы, Чүй менен Таластын климаты жылуурак болгондуктан, алардын арашандары кылчыктуурак болот, ал эми бизде – Ысык-Көлдө кыш узагыраак болгондуктан кичине тыбыттап кетет.

– Аларды кароо да өзгөчө эмгекти талап кылабы?

– Өзгөчө эмгекти талап кылбайт, “капризный” эмес. Бирок эт алыш үчүн, салмак кошуш үчүн жөнөкөй койлорго караганда көбүрөөк жем беребиз. Мисалы, жөнөкөй кой 500 грамм жем жесе, арашан 700 грамм жейт. Бул жерде жөнөкөй койдон 40-45 килограмм таза эт чыкса, арашан 100 килограммга чейин таза эт берет деген кеп.

– Койлордун көргөзмөсү да уюштурулуп турат экен, мындай иш-чаралар максатына жетип жатабы?

– Өткөзүлүп жаткан көргөзмөлөрдүн максаты – мактануу эмес, биз бул породаны жакшы жагына өнүктүрүп жатабызбы же майдаланып баратабызбы деген иштерди жакшыртуу. Анан акыркы учурларда жайыт, тоют маселеси бизде курч турат, тартыш болуп жатат. Сандан сапатка өтүүнү максат кылып жатабыз. Мисалы, 100 жөнөкөй кой баксак анын козулары орто эсеп менен базар баасында 5000 сом болот дейли, арашандын козулары 40-50 миң болуп жатат. Облустарда кандай көрсөткүчтөргө жетип жатканыбызды облустарда өткөрүлгөн көргөзмөлөрдөн билебиз. Мунун артынан аталган порода карапайым эл арасында жайылат. Кыргызстан боюнча бир жолу эле республикалык деңгээлде көргөзмө өтөт, биз андан малдын асылдануу деңгээли кайсы облуста кандай даражага жеткенин билебиз. Атаандаштыктан сапаттуулук күчөйт.

Мындан тышкары чет өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөргө да барып турабыз. Быйыл Молдавиядагы көргөзмөгө барып, ал жакта Европанын чарбакерлери менен тажрыйба алмашып келдик. Өзбекстанда, Казакстанда өткөн көргөзмөлөргө да тынбай катышып турабыз. Салыштыруу иретинде айтсам, биздин кыргыз арашандарына суроо-талап абдан жогору. Биз өзүбүздүн ички рынокту камтып бүтө элекпиз, ички рынокто тартыштык бар. Буюрса, жакынкы жылдары бул ишке ашчу эле максаттар.

– Анда максаттар орундалсын! Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан