Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АР БИР ЫРЫМДА ЖАН ДҮЙНӨМДҮН БИР БӨЛҮГҮ БАР”

Ысык-Көл жээгинде кичинекей кыздын музыкага болгон сүйүүсү күндөн-күнгө күчөй берди. Башка балдардай болуп оюндан эмес, музыкалык аспаптарды кармагандан, кыңылдап ырдагандан ырахат алчу. Мектеп курагында эле теле-радиодон ырлары уктурулуп, 10 чакты ырдын автору болуп калган. Ошентип дегдеп жүрүп музыкалык окуу жайда окуп, кыргыз элинин сүйүктүү ырчысына айланат. Бул ирет Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, атактуу ырчы Каныкей Эралиеванын өнөр жолуна саякат жасадык.

“ӨНӨР ЖОЛУНА БАЯН, АККОРДЕОН АРКЫЛУУ КИРДИМ”

– Ыраматылык атам комуз чертчү, апам мандолинде ойночу. 1950-60-жылдары кыргызда мандолин чертүү аябай мода болчу. Экөө тең жакшы ырдачу. Ата-энем студент болгондуктан иним экөөбүз Ысык-Көлдүн Кожояр деген айылында таенемдин колунда чоңойдук. Таенем аябай колу билги уз киши болчу, темир комузда ойночу. Кичинемден эле баян тартканды үйрөндүм. Ошол кезде радиодон залкар ырчылар Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Үсөн Сыдыков, Бейшеке Жандаров, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушеванын ырларын аябай жакшы көрүп укчубуз. Ошолордун ырларынан таасирлендим. Кийин Балыкчы шаарына көчүп келдик. Таенем кимде баян, аккордеон, гармошка болсо дагы “кызым ойнойт эле” деп сурап келип берчү. Аны кармалап аябай сүйүнчүмүн. Таенем инимди көтөрүп алып конокко кетет, мен үйдү шыпырып баштайм. Бирок улам кичине жерин шыпырып эле баягы сурап келген аспапты кармап ойноп жатып, таенем келгенде араң үйдү жыйнап бүтчүмүн. Мектепте сабак ортосундагы тыныгууда “пионер бөлмөсүнө” бара берчүмүн. Себеби ал жакта баян бар эле. Балдар эшикте ызылдап ойноп жүрсө, мага баян тартуу кызык болчу. Өнөр жолуна мен баян, аккордеон аркылуу кирдим. Мектепти Балыкчыда окуп баштап, анан Ак-Талаада уланттым. Ата-энем мени, баянымды салып алып Нарынга Жумамүдүн Шералиевдин үйүнө алып барышты. Ал киши мени ырдатып көрдү. “Кызыңарды окуткула, таланттуу экен” деп батасын берип, бизди коноктоп узатты. Кийин байланышты үзбөй катташып турдук. Чыгармачылык жолума Жумамүдүн Шералиевдин дагы батасы тийди.

“МЕКТЕП КУРАГЫНДА ЭЛЕ ОНГО ЖАКЫН ОБОНДУН АВТОРУ БОЛУП КАЛГАМ”

– 8-классты бүткөн жылы Искусство институтунан элдик обондорду жыйнаганы мугалим, студенттер келип, биздин үйүбүздүн маңдайындагы мейманканага жайгашып калышты. Алар менен таанышып, аларга меймандостугубузду көрсөттүк, ырдап бердим. Алар “кызыңар таланттуу экен, музыкалык окуу жайга окуткула” деп атамды ынандырышты. Ага чейин атам мени медициналык окуу жайга өткөрөм деп жүргөн. Атам эсепчи болчу, сентябрда Фрунзеге отчёт тапшырууга бара турган болуп калды. “Кызымды дагы алып барып көрсөтүп келейин” деп калды. Фрунзе дегенде менин көзүм төрт. Мени ээрчитип, баянымды кошо көтөрүп алды. Келип композиторлор үйүнө барып Мукаш Абдраевге жолуктук. Ал атама “кызыңды билем, көргөм” деди. Мурун ырдап телевизорго чыгып калчумун да. Бизди Мураталы Күрөңкеев атындагы училищеге жөнөттү. Директору Амангелди Керимбаев экен, кирсек, ал дагы мени тааныды. “Сынак алгыла” деп бир орус мугалимди чакырды. Мен баян менен “Кичинекей ак куулардын бийи” дегенди ойноп, өзүмдүн ырларымдан ырдап бердим. Ошол кезде эле мен онго жакын обонду баянга салып өзүм чыгарып алгам. Ошону менен окууга алынып, училищенин даярдоо курсун жалаң “5ке” бүтүрдүм. Музыкалык окуу жайга жаңы келген жылдары Карамолдо Орозов атындагы оркестрде ырдап калдым. Ал кезде Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева декретке чыгып кетишиптир. Мени оркестрге алабыз дегенде окуусу калып калат деп директорубуз болбой койгон. А менин эл алдына чыгып ырдагым келип жатат да, 3-4 концертине катышып бергем.

“МУЗЫКА ОКУП БҮТҮП КОЁ ТУРГАН ИЛИМ ЭМЕС, БИЛЕ ЭЛЕГИМ КӨП”

– 1-курста окуп баштаганда жолдошум Атайбек (ред.: Бөдөшов, Кыргыз Эл артисти) менен тааныштым. Ал мурун окуп жаткан жеринен аскерге кеткен экен. Ал кайра келгенде биз менен курсташ болуп калды. Экөөбүз 2-курсту бүткөндө, мен 18, Атайбек 23 жашында баш коштук. Ал Жалал-Абаддан, мен Нарындан болгонум үчүн ата-энелерибиз аябай каршы болушканына карабай баш коштук. 3-курсту бүткөндө уулдуу болдук, аны чоң ата-чоң энеси багышты. 4-курсту бүтүп жатканда композитор Алтынбек Жаныбековдун ийримине катыштык. Анан ал “Атай, Каныкей, силер баянды, аккордеонду ансыз да мыкты ойнойсуңар. Эми Искусство институтунун композиция бөлүмүнө тапшыргыла” деди. Ошентип ал жакка тапшырып, кайрадан эки жыл даярдоо курсунда окудук. Бул учурда кызым төрөлдү. 7 жыл дегенде искусство институтун бүтүрдүм. Окуу жайда жалпы 12 жыл билим алдым. Бирок бул музыка окуп бүтүп коё турган илим эмес. Спортчу сыяктуу күн сайын машыгып, күн сайын изденип турушуң керек. Менин азыр дагы биле элегим көп.

Жаш аялмет болгонума карабай окууну таштабай бүтүргөнүм, ошол эле учурда ырларды жаздырганым өжөрлүгүмдүн аркасы менен болду. Анын үстүнө ата-энебиз дагы бизге жакшы каралашты. Чыгармачылыгыма жолдошумдун кошкон салымы өтө чоң. Эч качан “үйдү, баланы кара” деген жок. Бизде деле тартыш, ага-буга жетпеген учурлар болду. Бирок биз бири-бирибизди туура түшүндүк, колдодук. 2 уул, 1 кызды өстүрдүк. Учурда 2 неберебиз бар. Кичүү уулубуз кубандырып биздин жолубузду жолдоду. Азыр Асанкан Жумакматов атындагы жана шаардык оркестрде иштейт.

“ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ”, “ЖАЗ”, “СЕН МЕНИН ТҮШҮМСҮҢ” ДЕГЕН ЫРЛАР ЭЛДИН ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛҮН БУРДУ”

– Мени элдин калың катмарына сиңирген ыр Аксуубай Атабаевдин “Кыргыз жери” деген ыры болду. Ал өзү музыкалык окуу жайга келип, баарыбызды ырдатып көрүп, мени тандап алды. Ошол ырды жаздырдым, радиодо “Кутмандуу болсун күнүңөр” деген берүүдөн тынбай уктурулуп баштады. Анан Эсенбек Мааданбековдун “Таң чолпону”, Атайбек экөөбүздүн ырларыбыз, айтор, ырларды биринин артынан бирин жаздырып жаттым. Баары жаңы ырдын бет ачары делип радиодон тынбай уктурулуп жатты. Асанкан Жумакматов, Эсенгул Жумабаев, Төлөгөн Томотоевдин оркестрлеринде иштеп, ырдап көп ийгиликтерге жеттик. Коммунисттик партиянын 1-катчысы Турдакун Усубалиев бизге 3 бөлмөлүү үй берген.

1970-жылдары обону Сардарбек Жумалиевге, сөзү Турар Кожомбердиевге таандык “Жаңы жылды тосолу” ырын ырдап калдым. Сардарбек агай аялы экөө үйүбүзгө чейин издеп келип ырдаткан. Андан бери канча жыл болду, бүгүнкү күнгө чейин угулуп келе жатпайбы. Андан тышкары Атайбектин “Эңсөө”, “Кызгалдак”, “Кыргыз тоосу”, өзүм автор болгон “Акыркы коңгуроо”, “Ак куулар сени сагынар”, “Жаштыгыма” деген ырлар менин атактуулугума жол салды. Кийин “Жаз”, “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Сен менин түшүмсүң”, “Бала жыты” деген ырларым элдин өзгөчө көңүлүн бурду. Бул ырларды улам кийинки муун жаңылап ырдашса сүйүнүп калабыз.

Мен атактуулук эмне экенин ушул убакка чейин билбей элемин. Атактуу болуп өзгөрүп кеткен жокмун. Ата-энем жөнөкөй кишилер эле. Апам, таенем да “көппө, кызым, эч качан мен кыйынмын деп бой көтөрбө, мактанган жаман нерсе” дечү. Элдин көзүндөгү адам болгондон кийин жоопкерчиликти дайыма сезиш керек. Элдин алдында уят болбоюн, обондорум окшош болбосо экен деп обонду чыгарар алдында аябай электен өткөрөм. Бирок кээде өзүңө жаккан обон эмес, жактырбай жүргөн ырың элге сиңип кетет.

“НААМ АЛАЙЫН ДЕП ЭЧ КАЧАН ЖУТУНГАН ЖОКМУН”

– 1980-1988-жылга чейин КТРКда радионун хорунда иштедим. Анан Атайбек “концерт менен элди кыдыралы” деп калды. Ошону менен Кыргызстанды түрө кыдырдык. 1988-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алдым. Бир топ жыл жалаң гастроль, концерт менен иштедик. 2010-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга келип иштеп калдым. 12 жылдан бери эстрада бөлүмүндө сабак берем, бөлүм башчымын. Андан бери колумдан бир топ студент чыкты. Кичине бир нерсе кылып коюп эле асмандап калгандар көп да. Окуучуларыма “таланттуу болуш бир, эң негизгиси, жакшы адам болуш керек. Жакшы адам болуш – эң кыйын нерсе, жан дүйнөң бай, ичиңде жылуу сезим болсо сен эч качан жаман жолго барбайсың” деп калам. Ырды сезим менен ырдасаң угуучуңа жетет. Муздак мамиле менен ырдап койбой, жан дүйнөңдү беришиң керек. Ар бир ырдалган ырымда мээрим, жан дүйнөмдүн бир бөлүгү бар. Кулакка кирип жүрөктү алган ыр ушинтип жаралат.

Эл артисти наамын 2008-жылы беришти. Мен наам алайын деп эч качан жутунган жокмун. Элмурза Сатыбалдиев Гүлнур Сатылгановага телефон чалып “эженин документтерин Маданият министрлигине алып барып бер” дептир. Гүлнур келди “эже, кечирип коюңуз, сизден мурда наамды мен алып алдым” деди. “Ой, сен татыктуусуң” деп ыраазы болдум. Анан документтеримди алып кетти. Элмурзаны деле мен таанычу эмесмин. Ал мени ырчы катары таанычу экен. Болбосо өзүм документ тапшырбай жүрө бермекмин.

Азыр обондорум бир топ эле болуп калды. Атайбек экөөбүз “Күн балдары”, өзүм “Коңур күздөгү кусалык” деген ыр жыйнагымды чыгардым. Эми дагы бала бакчадагы балдар үчүн “Атам, апам жана мен” деген китебибиз чыгуу алдында турат. Биз көбүнчө поэзия менен иштейбиз да. Акындын ырынын бир эле сабы көкүрөгүңө от жандыра алса, анда ошону менен изденебиз. Атайбек мага “обонду аз жазып жатасың” деп калат. Ал өзү күн-түн дебей иштейт да. Үйдөгү пианинонун үстү толтура акындардын китеби. Ошол жерде эле отурат.

Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Эл артисти: “Обондорумду башка бирөө ырдаса жакшы чыкпай, Каныкей ырдаса элге жагып калат”

– Окуу жайга келгенден берки Каныкейдин чыгармачылыгы менин көз алдымда болду. Ага чейин дагы өзүнүн ырлары бар экен, 11-12 жашында баян менен ырдаптыр. Чыгармачылыктагы аялзатын жолдошу колдобосо болбойт да. Ансыз да үйдү кармаган аял, түйшүктүн баары аялга түшүп калат. Эркектер жөн эле чыйкылдай беребиз. Экөөбүз чогуу жүргөнгө айрымдар обондорубузду окшоштура беришет. Бирок мыкты түшүнгөндөр окшошпосун билишет. Эжең ар бир ырга тыкыр карады. Ырларынын көбү элдик ырга айланып кетпедиби. Каныкейдин үнүнүн уникалдуулугу – ал ырдаган ырлар элге тез жетет. Өзүмдүн обондорумдан деле көп жолу байкадым. Башка бирөө ырдаса жакшы чыкпай калат, ошол эле ырды Каныкей ырдаса эле элге жагып калат. Убакыттын өтүшү менен үндүн элге жагымдуулугу, жугумдуулугу билинет экен. Каныкейге “үнүңдүн бир магиясы бар го” деп күлүп калам. Мурунку жөнөкөй магнитофондордон да анын үнү тунук угулчу. Радиодо Ваникин деген үн режиссёр бар болчу. Ал “эки эле ырчыны бааладым. Бири – Болот Миңжылкиев, бири – Каныкей. Себеби микрофонду коюп коёсуң, үнү туптунук түшөт, эч бир жерин оңдобойсуң” деген. Менин нааразы болгонум, ушунча жыл эмгектенсе дагы Каныкейдин чыгармачылыгын баалабай коюшту. Эч убакта Каныкей деп башынан эч ким сылаган жок. Тескерисинче, сыйлык бербей бут тоскон учурлар болду. Алган наамдарын деле кокустуктан алды. Эмгек сиңирген менен Эл артисти наамынын ортосу 20 жыл болуп жатпайбы. Ал эми ошол эле учурда айрымдардын көкүрөгү медалга толду.

Султан Каримов, Кыргыз Эл артисти: “Бала кезден Каныкей эженин угарманымын”

– Каныкей эже менен 80-жылдардын аягынан тартып чыгармачылыкта тыгыз иштешип, дуэт ырдап калдык. Экөөбүздүн ортобузда 3 жаш айырмачылык бар. Бала кезден Каныкей эженин угарманы болдум, радиодон ырларын көп берчү. Ал киши окуучу кезинде эле ырдап жүрдү да. Эженин үнүн аябай жактырчумун, жакындан таанышсам деп жүрчүмүн. Кудай буюруп, Атай байкенин чыгармачылык кечесине ырда деп мени чакырып калышты. “Кудай берсе”, “Коштошкондо” деген ырларын ырдадым. Анан Каныкей эже экөөбүз “Сен да мендей”, “Сен менин түшүмсүң”, “Ырдалып бүтпөйт махабат” жана башка көптөгөн дуэттерди жаздырдык. Ошону менен бүгүнкү күнгө чейин катыштабыз. Акыркы жылдары ооруп калып бир аз чыгармачылыгым тыныгууга учурап калбадыбы. Эми Кудайга шүгүр, жакшымын. Буюрса, алдыда дагы дуэт аткаруу пландарыбыз бар.


Шахрезада Аскарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Кандай учур болбосун кол сунуп, тикесинен-тик туруп берет”

– 1980-жылдары “Кубулжу менин ырларым” аттуу берүүдөн таанышып калганбыз, андан кийин концерттерде жолугуп жүрүп жакшы мамиле түзүлүп калды. Ага чейин мектепте окуп жүргөндө Каныкейдин ырларын 1 сомдук пластинкага жаздырып алып угуп жүрчүбүз. Ал мектеп курагында эле ырдап жүрдү да. Кийин сахналаш болуп калдык. 1988-жылдары Каныкей, Атай акелер концерттик топ түзүп, мени дагы кошуп алышты. Ошону менен чогуу иштеп, бир туугандай болуп жүрүп, үй-бүлөлүк дагы катышта болуп калдык. Каныкей аябай адамгерчиликтүү, оор басырыктуу, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылып, бир калыптагы мүнөзү менен жүрөт. Аябай ишеничтүү, кыйналып турган учурда ага жөлөнүп-таянсаң болот. Кандай учур болбосун кол сунуп, тикесинен-тик туруп берет. Башыбыз бириксе чүпөрөк-сапырак тууралуу сүйлөшпөйбүз. Эски обондорду карап, ыр тандайбыз. Атай байке экөөнүн тең ырлары бийик диапазондуу, мазмундуу, аларды жеңил-желпи кишилер ырдай албайт. Булар түгөнбөгөн казына. Азыркы заманда мындай адамдарды табуу кыйын.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан