БИР БҮРКҮМ. ОКТЯБРДА ПЕНСИЯ КӨТӨРҮЛӨТ...

  • Чүйдүн Лебединовка айылында окуучуну урушкан деп кызматтан кеткен мугалим ишине кайтканы кабарланды.
  • Кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 2,7 миллион сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан жарандар кармалышты.
  • Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Улан Жусупов Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландия падышачылыгындагы элчиси болуп дайындалды.
  • Ошто 5-март күнү 12 жашар баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.
  • Өлкөдө 1 апталык рейдде жол эрежесин бузган 19 814 айдоочу аныкталды.
  • 2022-жылдын октябрь айында пенсияны 50 пайызга чейин көтөрүү пландалууда.
  • Талас Бегалиев өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Тоолуу аймактардагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов 45 жаш курагында каза болду.
  • Оштун Кара-Суу районунда 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды.
  • Ноорузга карата Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер 19,20 жана 21-март күндөрү эс алышат.
  • 2022-жылдын алгачкы 2 айында өлкөдө пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө
    9 миллиард 41 миллион сом жумшалганы айтылды.
  • АКШ Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн 11 кризистик борборду өнүктүрүүгө 1,1 миллион доллар бөлөт.
  • 9-мартта Бишкек-Ош трассасына кар көчкү түштү, жабыркагандар жок.
  • Өткөн аптада Нарын дарыясына агып кеткен 8 жашар баланы издөө иштери уланууда.
  • 10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
    7 миллиард 977 миллион метр кубду түздү.
  • 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашайт, анын 50,4 пайызы аялдар.
  • Депутаттар Орусияда жумушсуз калган мекендештерди Кыргызстандагы курулуш компанияларына ишке алыш керектигин айтып чыгышты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан