КЫРГЫЗСТАНДА КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН 1 АЙГА ЖЕТПЕГЕН ЗАПАСЫ КАЛДЫ

Парламент 10-мартта Кыргызстандагы экономикалык кризис, ага каршы күрөшүү боюнча министрлер кабинетинин планын укту. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин антикризистик иш-чаралары бекитилгенин айтты. Министр учурда кредит алгандарга, айрыкча, доллар менен насыя алгандарга жеңилдиктерди түзүү, азык-түлүк камдоо жана социалдык төлөмдөрдү убагында берүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын белгилейт. Доллар менен берилген насыялар конвертацияланып, насыялар доллар 85-90 сомдук деңгээлде эсептелип, айырмасын мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөп берүү планы бар экенин айтты. Депутаттар күйүүчү майды Орусиядан доллар менен эмес, рубль менен сатып алуу жолун сунушташты. Министр Амангелдиев бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

– Бул 1-2 күндө чечиле турган маселе эмес. Эки өлкө ортосунда жалпы түшүнүшүү бар. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечилчү иш,- деди министр.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын 1 айга жетпеген запасы калды.

– Ири заводдордон күйүүчү май ала албай жатабыз. Бирок чакан партиялар ташылып жатат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө,- деди Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов. Казакстандан да күйүүчү май сатып алуу боюнча макулдашууга жакында кол коюларын экономика жана коммерция министри билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлү күйүүчү майдын баасы сөзсүз көтөрүлө турганын айтты:

– 3 компания монополист, аларга катуу талаптарды койгонбуз. Эгер баа кескин көтөрүлсө, биз колдонуучу рычагдар бар. Баары бир баа өсөт, бирок кескин өсүүсүнө жол бербейбиз,- деди чиновник.

Ал эми Бишкек-Москва багыты боюнча токтоп калган аба каттамдары бир аптадан кийин жанданарын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. "Сүйлөшүү жүрүп жатат, "Аэрофлот" компаниясынын учактары кайрадан учуп баштайт",- деди Тиллаев.

Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстандын кампаларында ундун 6 айга жетерлик запасы бар.

– Бул биринчи жолку кризис эмес, кампада 1-2 аптага жетерлик ун калган учурлар да болгон. Пандемия учурунда 5-6 эле ун заводу иштеп калган. Учурда 26 заводдун баары иштеп жатат. Биз бааларды жасалма жол менен көтөрүүгө, чайкоочулук кылууга жол бербөөгө аракет кылабыз. Кризис канчага созуларын билбейбиз, алдын алуу чараларын көрөлү деп 5 миллиард сом каралып жатат,- деди министр Амангелдиев.

Министр Орусия, АКШ, Канада, Казакстан сыяктуу дүйнөлүк буудай экспортчуларында 57 миллион тонна запас бар экенин, бул 27 күнгө гана жетерин кошумчалады. Украина жыл сайын 33 миллион тонна өсүмдүк мыйын өндүрүп жүрсө, быйыл бул көлөм болбой турганын, мунун айынан майдын баасы кымбаттай турганы да эскертилди.

Депутаттарды "Орусиядагы мекендештер массалык түрдө Кыргызстанга кайтып келишсе мамлекет аларга кантип иш таап берет" деген маселе да кызыктырды. Буга "Түркия, Түштүк Корея менен миграциялык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген жооп айтылды. Кыргызстанда мигранттар массалык түрдө келбейт деген жоромол бар экени да белгиленди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан