БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ОК АТЫШТЫ

10-мартта Баткен районунун Тескей тилкесинде Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Тажикстандын чек арачылары адаттагы маршрутун өзгөртүп, өз ордунда турган Кыргыз чек арачыларынан "ордуңарды таштап кеткиле" деп талап кылышкан. Ошондой эле ал жерге кошумча күч катары башка дагы Тажик чек арачылары келишкен. Кыргыз аскерлери алардын талабын аткаруудан баш тартып, ортодо 10 мүнөттөй ок атышуу орун алган. Окуяда Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Эки тарап сүйлөшүү жүргүзүүдө.

– Тескей участогу мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирет жана Кыргыз жарандары пайдаланып келген. Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү,- деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан