УКРАИНАДА 100дөн АШЫК КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КАЛДЫ

9-мартка карата Украинанын аймагында 100дөн ашуун Кыргыз жараны калды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Алардын дээрлик ар бири менен байланыш бар",- деди ТИМдин маалымат кызматы.

Кыргыз жарандарын мекенине алып келүү максатында Бишкектен атайын топ Польшага жөнөп кеткени, учурда ал топ Варшавада иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Украинадан жалпы 412 Кыргыз жараны коопсуз өлкөлөргө жеткирилгени айтылды. Венгрияда 91, Польшада 201, Словакияда 20, Румынияда 19, Түркияда 66, Молдовада 21, Чехияда 85, Литва жана Германияда 13 мекендешибиз бар.

Орусия-Украина жаңжалы токтобой жатат. Эки өлкөнүн өкүлдөрү 3 жолу сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтык чыккан жок. БУУнун маалыматы боюнча, 24-февралдан бери Украина аймагында 474 жаран каза тапса, 861 жаран жарадар болду. Украинадан чыккан качкындардын саны 2 миллионго жеткени маалымдалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан