Шайыр Касымалиева дегенде дайыма сулуу, дайыма жапжаш болуп жүргөн кино жылдызы көз алдыма тартылат. Бул аптада гезитибиздин башкы бетин дал ушул ажарлуу актриса кооздоду. Шайыр айым менен апасы –белгилүү гримёр Гүлнар Суранчиева тууралуу кеп курдук.
“АПАМДЫ ЭСТЕП КАЙРАТТАНАМ”
– Былтыр 8-декабрда апам дүйнөдөн өтүп кетти. Албетте, орду толгус жоготуу. Бирок айткан акыл-насаатын, мамилесин күнүгө бир канча жолу эстеп турам. Муунум бошогон кезде “апам бар болсо мага эмне деп айтат эле? “Шайыр, минтип ыйлабай кайраттуу болушуң керек, жашоо уланып жатат” деп айтмак” дейм да, кайраттанам. Жашоо өзү ушул экен да, кезеги келгенде адам кетчү жакка кетет. Биз көр тириликте тырмыңдап жашай берет экенбиз.
Апамдын мүнөзү аябай жумшак, токтоо, айкөл адам эле. Ачуусу келип жатса дагы кыйкырып жаман сөз айтчу эмес. Эч убакта көңүлүбүздү ооруткан жок. Иним экөөбүздү өзгөчө тарбиялады. Биз менен баладай ойноп, сырдашчу. Ал кезде деле апамдын айлыгы аз болчу. Театрда иштегендердин айлыгы өмүр бою эле аз да. Эки баланы жалгыз өстүрөм деп апам көп жумушта иштеди, таң эрте барып декорация жасашчу, андан келип гримдөөчүлүк ишин кылчу, ал ортодо театрдын полун жуучу, кечинде болсо спектакль.
“АПАМДЫН БИЗДИ КЫЙНАЛЫП ӨСТҮРҮП ЖАТКАНЫН СЕЗЧҮБҮЗ”
– Мен 10 жашымдан баштап кийим токуганды үйрөндүм, апам экөөбүз буюртма алып, түнкү саат 2-3кө чейин кийим токучубуз, уйкусу келбесин деп мага кызыктуу окуялардан айтып берчү. Токтоп калса “анан эмне болду, андан ары айтпайсызбы” дечүмүн.
Мен кичирээк кезде телевизор жок болчу. Апам бизди жумасына 2 жолу киного алып барчу. Мультфильмге, кээде өзү кино көргүсү келгенде ар кандай киного ээрчитип алчу. Обу жоктук кылып аны-муну алып бер деп иним экөөбүз такыр кыйнаган жокпуз. Анткени апамдын ансыз да бизди кыйналып өстүрүп жатканын сезчүбүз. Апамдын көңүлүн ачыш үчүн күлдүрүп спектакль коюп берчүбүз. Кийин чоңоюп калган кезде биз үйгө тамак жасап коюп, театрга барып апам жумуштан чыкканда тосуп алчубуз. Анан ээрчишип алып үйгө келчүбүз. Иним экөөбүздүн тең боюбуз өсүп, апамдан чоң болуп кеттик. Театрда иштегендер курбусу менен жигити келе жатат деп күлүп калышчу. Кээде апам “Шакин, биз спектаклден чыгып алып үйгө барабыз, бир нерсе даярдап кой” дечү. Мен дагы үйгө киши келгенин жакшы көрчүмүн. Анын үстүнө, элестет, актёр, актрисалар келет да. Үйдө эмне болсо ошондон тамак жасай калчумун. Ошентип тосуп алчубуз.
“АКТРИСА БОЛУШУМА КАРШЫ БОЛГОН”
– Адегенде апам “балам, актрисалык аябай оор кесип, муну көтөргөнү көтөрө алат. Актриса болсоң алдыңкы актриса болушуң керек, орто заар же артта калган актриса болбой эле кой” деп каршы болду. Мен ага көнүп медициналык окуу жайга тапшырмай болдум. Лаборант болуп иштесе окууга тапшырганга жеңил болот экен дегенди угуп, 10-классты бүткөндө стоматологиялык поликлиникада 8 ай иштедим. Аңгыча болбой эле Москвага Щепкин атындагы театралдык окуу жайга кабыл алуу болуп жатат деген кулактандырууну окуп, баягы “оорум” кайра башталды. “Өз күчүм менен тапшырып көрөйүн, сиз эч кимден жардам сурабаңыз, өзүм аракет кылам” деп апамды көндүрдүм. Ошентип 2 турдан өтүп кеттим. Апам менде талант бар экенине ынанды окшойт, “кызымдын монологун даярдап бериңизчи” деп Гүлшара Дуулатова деген актриса эжеге алып барды. Анан Москвадан комиссия келди, 500дөн ашык бала тапшырганбыз. Кимибиз өткөнүбүздү деле билбейбиз. Отуруп алып сынакка кантип кирип-чыкканымды эстей баштадым. Комиссия суроо берип жатканда кыжалат болуп колумду кечке мыкчылай бергенде биринин мага айткан“колдоруңду жайына кой, алар бизге кийин керек болот” деген сөзүн эстегенде “окууга өттүм” деп кубандым. Ошону менен өтүп кеттим.
“ЭЧ КАЧАН МЕНИН ТАЛАМЫМДЫ ТАЛАШКАН ЖОК”
– 2-курсту бүткөндө жайкы каникулда Кыргызстанга концерттик программа менен келдик. Ошондо мен дөбөт ит менен сөөк талашкан күчүктү ойнодум. Сахнага чыга бериште Бакен Кыдыкеева отурган. “Мен Шайырды эмес, кичинекей капкара күчүктү көрдүм” деди. Апам дагы үйгө келгенде “бар экен сенде талант, бүгүнкү көрсөткөн өнөрүңдү көргөндөн кийин мен өкүнбөйм” деген. Өтө мактап, сүйүнүп сезимин билгизчү эмес. Бирок көп жыл өткөндөн кийин “менин кызым болгонуң үчүн сулуу көрүнсөң керек деп ойлочумун, сен чындап эле сулуу экенсиң, анткени көптүн арасынан өзгөчөлөнүп турасың” деди.
Апам эч качан менин таламымды талашкан жок. Мага ушунусу жакчу. Баарын угуп, таразалап калыс сөзүн айтчу. Апамдын тарбиясы мени дагы акылмандуулукка алып келди. Апам жок болгон күндөн баштап мен анын мүнөзүн алып калгандай, кандайдыр бир бөлүгүм апамдай болуп калганын сезип жатам.
“Балам, ылайыктуу адам жолукса турмушка чык. Жалгыз болгонуң жарабайт” деп дайыма эле айтып келди. “Турмушуңда оош-кыйыш болду. Эми турмушка чыкпа, отур” деген жок. Акыркы убакытка чейин “али да кеч эмес, маңдайыңа жазган бирөө бар. Сен өзүң жолуктура албай жатасың” дечү. Чынын айтканда, “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, түпкүрүмдөгү "жок" деген нерседен арыла албай койдум окшойт.
Динара Акимова