Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо министри: “МЕНИ САБАЙ ТУРГАН АДАМ АЛИ ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК”

Маек алганы барсам спорттук кийимчен, жумушчуларга аралашып Саламаттыкты сактоо министрлигинин короосунда арча тигип жатыптыр. Алгач тааныбай "каяктасыз?" деп телефон чалсам, “мына, жүрбөймүнбү” деп жаныма басып келди. “Тааныбай калганың эчтеке эмес, ошол таанылбаганым жакшы. Азыр бул жактан чыгып 2-3 оорукананы текшере кетем” деп тамашалады. Курч билдирүүлөрү, тамаша-чын сөздөрү менен талкуудан түшпөгөн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биздин маек төрүбүздө.

– Саламатсызбы, Алымкадыр мырза? 8-март күнү да иштеп жатыпсыз, айымдарды куттуктадыңызбы?

– Саламатчылык, мен ар бир майрамды эсте калгыдай өткөргөндү жакшы көрөм. 40 жылдан бери бир принцибим бар, аны бузбайм. Эртең менен туруп эле базардан гүл алып келип аялыма, кызыма берем. Быйыл небере кызым бар, ага да бердим. Жумушка барганда бардык кесиптештерди куттуктадым. Бүгүн мына, өзүң көрүп тургандай, Бишкектеги ооруканалардын бардык башкы врачтарын чакырып арча отургузуп жатабыз. “Өз колуңар менен тиккиле, кийин 30 жылдан кийин небере-чөбүрөңөрдү жетелеп келип ушул арчаны мен тиккем деп көрсөтөсүңөр” дедим. Майрам деп жатып албай, майрам менен кошо пайдалуу иш жасаганды айкалыштыруу керек.

– Кеп нугун министрликтеги ишмердүүлүгүңүзгө бурсак. Сиз баштаган реформалар ызы-чуулар менен коштолууда. Жыйынтыгына ыраазы элесизби?

– Саламаттыкты сактоо министрлигине келгениме 1 жыл 5 ай болду. Мен келгенде эле реформа жасап баштагам. 10-январь күнү президенттик шайлоонун эртеси орун басарларыма, депутаттарга айтпай 5-6 оорукананы бириктирүү жөнүндө буйрук чыгардым. Ал кезде Эльвира Сурабалдиева вице-премьер болчу, Жогорку Кеңеште “эмнеге бизге айтпай реформа жасайсың, буйрук чыгарасың?” деп ошол жерде 120 депутат мени "жумуштан кетсин" деп кол коюп берди. Мен 4 ай бою ооруканаларды кыдырып кайсы оорукананын керектөөсү кандай, ким канча оорулуу дарылап жатат, ким иштеп, ким иштебей жатат, баарын байкап келген болчумун. Мисалы, Түп районунда 5 аймактык оорукана бар, оорулуу барса “сен бизге карабайсың, тиякка бар, биякка бар” деп эки жакка элди кубалачу экен. Алардын баарын бириктирдим, бир эле башкы врач калды, калгандары кыскарды. Кыргызстан боюнча 200дөй башкы врачты жумуштан бошоттум. Бирок кыскарууга дуушар болгон бир да медицина кызматкери жумушсуз калган жок, башка ооруканаларга жайгаштырдым. 30 жылдан бери айлыгы көтөрүлбөгөн медицина кызматкерлеринин айлыгын бир жылда эки жолу көтөрдүм. Оптимизация, реформа кылып жатып каражат өзүбүздүн министрликтен эле табылды. Реформалардын дагы бир себеби – отуз жылдап отурган башкы врачтар бар болчу, бүт кетирдим. Академиктер менен алышып жатып шайым ооп калды.

– Ооба, ал академиктердин арасында Сабырбек Жумабеков да болду, абдан тирештиңиз...

– Сабырбек Жумабеков өзү эле ал оорукананы борбор кылып алган. 20 жылга жакын оорукананы ээлеп, басып жатты. 2004-жылы мэриядагы Керимкулов деген досу буйрук чыгарып берген экен аны жетекчи кылып. Ошол бойдон тактыдан түшпөй отурган. Президенттик шайлоо деле 6 жылда бир өтүп эл шайлап жатпайбы, аны эч ким шайлап же кызматка койгон эмес, 20 жыл өзүн-өзү билип эле отурат. Диплому да жасалма, мен аны далилдеп берем. Бирок президент “койчу, токтотчу, тирешпечи” деп суранганынан токтоп калдым.

– Дипломумдун түп нускасы деп социалдык тармактагы баракчасына сүрөтүн жүктөдү го?

– Аны метродон сатып алган дипломбу, мен каяктан билем? Мен доктордук ишимди 20 жылда жактап бүткөм. Аскар Акаев 10 жыл жактаган. Сабырбегиңер 1 жылда алып жатпайбы. Ал жасаган операцияны жүздөгөн травматологдор жасайт. Мен өзүм да кыйын академиктер менен кыл чайнаштым. Алмазбек Исманкуловго 24 жылдан бери эч ким кире алчу эмес. 3 кабат оорукананы менчик кылып басып жатат. Бардым да “бир күндө чыгып кетесиңер” дедим. Чыкпаса эртеси өзүм балдар менен барып эмеректерин көчөгө ташып, өзүн көчүккө тээп чыгарам (ред.: гезит басууга кетерде Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына барып, анын чыгып кетишин талап кылганы тартылган видеолор тарады).

– Реформалардын максаты – ошол тармакты өнүктүрүү, өстүрүү да, башкы врачтарды жумуштан кетирип, тескерисинче, саламаттыкты сактоо тармагын бүлүндүрүп алам деп кооптонбойсузбу?

– Жок, реформанын шарты, мыйзамы ушундай, кээде элге жакпаган, көпчүлүк макул боло бербеген нерсени кылышың керек болот. Бул тармактагы акча келчү булактарды таптым, айрымдардын алкымын буудум, ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп жатат. Мисалы, Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканада килтейген 10 корпус бар, анын экөөсүндө эле оорулуулар дарыланышат. Короосу кенен, кой, уйлар байырлап алышкан. 100 оорулуу болсо, 200 медицина кызматкери бар. Жөн эле айлык алып жүргөндөрү да бар. Анын баарын кыскарттым. Кургак учукка каршы ооруканага барсам, бир кызматкер “мен 30 жылдан бери иштейм, эмнеге кыскарышым керек, сен министрсиң, мага оорулуу алып келип бер” дейт. Кургак учук менен ооругандар азыр амбулатордук жардам алып эле дарыланып калышкан, ооруканага жаткандар жокко эсе.

– Жакында эле 17 медициналык окуу жайды жабуу тууралуу кептер козголду?

– Ооба, 17 медициналык окуу жайды жаап жатам. Медициналык билим берүү солгундады, биздин дипломдор “кара тизмеге” кирип, дипломдорубузду эч ким тоготпой калды. “Индустар бизге акча алып келет, жумуш ордун түзүп жатат” дегендерге бир да студент билимсиз калбайт, баарын тиешелүү медициналык окуу жайларга жайгаштырабыз дедим. Бизге акча керекпи же адамдардын өмүрүбү? Эртең бизди ким дарылайт? Буюрса, медициналык билимдин сапатын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Акыркы учурларда олигархтар бандиттерге чалдыртып мени коркутушууда. Өткөндө бирөө чалып “абайласаңчы, башыңа таш түшүп кетпесин” дейт. “Эй, сен келчи ташыңды көтөрүп, экөөңдү кошуп талкалайм” дедим. Мен интернатта чоңойгом. 5 жашымдан турмуштун таягын жеп өстүм, эч кимден коркпойм. Мени билгендер “аа, баягы Алик” деп коюшат. Өткөндө көзүм көгөргөнү маалымат каражаттарына чыгып кетпедиби, ошондо “бирөөдөн таяк жеди” деп чыгарышыптыр. Кыргызстанда мени ура турган адам жок, төрөлө элек. Жумабеков болсо арак ичти деп көө жапты. Мен арак ичпейм, бирөө менин ичкенимди далилдеп берсе дароо отставкага кетем.

– Сизге мындай ишенимди президент берип жатат дегендер да бар, ал киши менен жакшы мамиледесизби?

– Мени министр кылганда президентке “мен бардык жумушту кылам, мага колдоо гана көрсөтүңүз” дегем. Бирок мага президент эки жолу таарынды. Биринчиси – кыйын академиктерди жумуштан алып таштаганымды жактырган жок. Эки, үч жолу “кой, токтоп кал” деп эскертти, мен болбой койдум. Мен эч качан бирөөдөн кечирим сураган эмесмин, Таластын депутаттары алып барып мени Жогорку Кеңештен “таластыктар” дегеним үчүн кечирим суратышты. Мен беш жолу кечирим сурадым, эми Сабырбек Жумабеков элдин алдында менден беш жолу кечирим сурашы керек.

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак...

– Өзүм Бишкектин четиндеги Надежда Крупская атындагы мектеп-интернатта чоңойдум. Ата-энем колхозчу болгон экен. Атам каза болуп, энем 8 баласы менен жесир калат. Балдарын бага албай 2 баласын туугандарына, 2 баласын интернатка берип, 4 баласын өзү карап калат. Кийин ооруп каза болуптур. Бир туугандарым менен кеч таанышып, табыштым. Министр болгондон кийин туугандарың деле көбөйүп кетет экен. Бирок эч кимиси менден кызмат сурабайт. Сураган күнү катыгын берем, менин мүнөзүмдү билишет. Жубайым менен ооруканада медкызматкер болуп иштеп жүргөндө таанышкам. Башына таш тийип, мээси чайкалып келген экен, ийне сайып жүрүп сүйүшүп калганбыз. Түтүн булатканыбызга 41 жыл болду. Ортобузда 3 балабыз бар.

– Медицина тармагында дагы өзгөрүүлөр болобу?

– Абдан көп болот, аларды айтып койсом, сен жазып чыгасың да, алар даярданып алышат. Өзгөрүүлөр күтүүсүз болгону жакшы.

– Ишиңизге ийгилик анда!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан