Үмүтай Абдышова, ырчы: “АЛ МАГА КОЛ КӨТӨРҮҮГӨ ЧЕЙИН БАРДЫ”

“Хайп-тайм” рубрикасына кош келдиңиз, бул жолу биз комузун колго алып, үкү топусун сеңселте жандуу ырдаган ырчы кыз Үмүтай Абдышовага кыжырын келтирген суроолорду берип көрдүк. Аракетибизден эмне чыкты, өзүңүз баамдап көрүңүз.

– Үмүтай, өзүңдү күчтүү аялзатымын деп ойлойсуңбу?

– Күчтүү аялмын деп толук айта алам.

– Анткени...

– Анткени жалгыз концерт уюштурдум, аншлаг менен өттү. Демөөрчүсүз, менеджерсиз, продюсерсиз, режиссёрсуз концерт өткөрдүм. Тарыхта биринчи жолу болушу мүмкүн, Ысык-Көл өрөөнүнө оркестр менен гастролго чыктым. Билеттерди да өзүм тараттым, ушинтип чуркап жүрүп концерт өткөрүп алдым. Күчтүү экенмин деп өзүмө баа берип отурган учурум.

– Демөөрчүсү жок концерт өтпөйт дешет го. Пайда түштүбү?

– Ижарадан формаларыма чейин өзүм жаптым. Азыр гүл менен кошо конверт да берип калышкан турбайбы, эки КамАЗ гүл алдым, анын ичинен конверттеримдин кээ бири жок болуп кеткен учур болду. Ким алды, эмне болду, аны деле териштирген жокмун. Өзүм үчүн чоң иш аткардым. Үй алганга жетпейт. Бирок машинемди жаңыртканга жете тургандай таптым окшойт. Эсептей элекмин.

– Азамат экенсиң анда, айтсаң “сулуу чымчык” образынан качан чыгасың?

– Чымчыгы жок эле сулуумун, кээ бирөөлөр “көзүң сулуу, уячаң сонун” дешет, “менин бардык жеримде, дене мүчөмдө кынтык жок” деп айтам. Тамашасыз айтсам “сулуу чымчык” образынан чыкканымды жакындарым билишет. Кыйкырып салганымды көргөн адам “эч кандай сулуу чымчык эмес” деши мүмкүн, көп учурда бетке айтам (күлүп).

– Ит акылдуубу же мышык акылдуубу?

– Ит акылдуу. Жолдон өтөрдө иттин жол чыракты карап күтүп турганын эки-үч жолу көрдүм. Мышык болсо машинанын алдына чуркап чыгат го.

– Калп айткан учурларың болду беле?

– Жок, такыр калп айта албайм эмнегедир. Сүйүү сунуштары болгондо гана “сиз жакшы адамсыз, сонунсуз, бирок дос гана болуп жүрөлү” деген сыяктуу сөздөрдү айтышым мүмкүн. Бул калпка жатабы же жатпайбы билбейм.

– Сунуштар көп болобу?

– Көп болот. Акын Алтынбек Исмаиловдун төрт сабын айтып кутулам.

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,

Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин,

Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,

Сенден башка адамга да керекмин.

– Сүйүүдөн коркосуң, демек?..

– Катуу сүйгөм. Азыр деле сүйүп жүрөм. 5-курста кеч болуп баратат, турмушка чыгыш керек деген ой менен эле сүйүүсүз турмуш куруптурмун, эми ойлосом. Ажырашып кеткенден кийин жалгыз кыйналып жүргөндө бир адамга жолуктум. Мээримге суусап турганда жашоомо келди. Мен анын байлыгына, бийлигине, билимине, келбетине, эч нерсесине караган жокмун. Анткени анын баары анда жок болчу. Болгону мага мээрим, сүйүү керек болгон экен, ошону берди.

– Анан эмне болду?

– Кызганыч, чыр-чатактар көп болду, кол көтөрүүгө чейин жетти. Ден соолугумду ойлоп алыстайын деп чечтим. Бул мамиленин аягы болобу же бир өмүр ушинтип өтүп кетебизби, белгисиз.

– Ар кишинин бет кабы болот эмеспи, сенде канча бет кап бар?

– Убакытка такмын, эфирге чакырып алып даяр болбой жатса алып баруучулардын жинине тийип “убакытты туура колдонгула да” деп ызылдап, кууруп жибермейим бар. Эфир башталары менен баягы тажаал кыз жок, жаркылдап-жайнап чыга келем. Бул бет каппы же табиятымбы, билбейм. Ыйлап жатып эле жарым саатта боёнуп, жасанып-жаркылдап эл алдына чыгып ырдап салам.

– “Үлпүлдөк кыз Үмүтай” деп айтыптыр акын Жыпара Исабаева, канча пайыз чындык?

– Жылдыз төлгөм эгиздер да, ичимде эки адам бар. Бирөө назик, алсыз, үлпүлдөк Үмүтай болсо, экинчиси ээ-жаа бербеген, каалаганын кылган, эч кимге баш бербеген пантера Үмүтай. Абалга жараша экөө кезектешип чыгып турушат (күлүп).

– Аялдардын тили ачуу дешет. Сеники?

– Меники аябай ачуу. Даамын таткандар билишет (күлүп).

– Сен үчүн эркектердин кайсы мүчөсү сексуалдуу?

– Кыраакы адам болсо ошол аябай сексуалдуу сезилет. Адамдын акылы саламдашкандан кийин эле билинет, “кандайсың, эмне жаңылык?” деп андан ары эмне темада сүйлөшөрүңдү билбей отуруп каласың. Билимдүү адам менен ар түрдүү темада сүйлөшсөң болот. Билимсиз эркектер менен сүйлөшө албайм.

– Жогоруда айткан сүйүктүүңдүн билими жок деп айттың...

– Анын мээримине арбалып калдым окшойт. Таарынып калсам “сен мага таарынып калдың” деп ыр жазат. Жаркылдасам “жаркылдагым” деп ыр жазат. Элдей болуп эркелетпейт, “бар жашоом”, “жүрөгүмдүн эргүүсү” дегендей бал сөздөр менен эркелетет. Мага арнап 100 обондуу ыр чыгарды. Биздин таанышканыбыз да кызык. Ал чыгармачыл чөйрөдө жүргөн адам. Мени сыртымдан көрүп эле жактырбай жүрчү экен. Бир тизмеде “Үмүтай Абдышева ырдайт” дегенди көрүп атымды өчүрүп салыптыр. Сыртымдан эле жаман көрө берчү экен. Чала тааныш кезде мен студиядан ыр жаздырып кетип баратып кылчайып “жакшы калгыла” деп жалт караган экем. “Өмүр бою көз алдымда ошол көздөрүң калды” дейт. Бир көз карашыма ашык болгон экен. Кийин “кантип карадым эле, минтиппи же мындайбы?” деп көп жолу окшоштура албай койдум.

– Ырдалып жүрөбү сага арналган ырлар?

– Жок, келечекте ырдап чыгат.

– Стриптизге барып көрдүң беле?

– Жок, стриптиз, түнкү клуб дегендерге барып көргөн эмесмин ушуга чейин. “Койчу ай” дегендер болот, дайыма эле кыздар болуп баралы дейбиз, акыры келип эле чайханага отуруп калабыз (күлүп).

– Бийлегенди жакшы билесиңби?

– Жакшы билем. Жакшы көрөм, бир жылы жылдын мыкты хореографы деген наам да алгам. Тойлордо макияжым куюлуп калгычакты бийлейм. Бирок сахнада бийлей албайм.

– Эмнеге? Кесибиң бийчи болсо...

– Шалактап бийлей турган деле ырым жок, анын үстүнө шиш така менен ыңгайсыз, кулап кетемби деп коркот окшойм. Же жанагы сиз айткан “сулуу чымчык образымдан” чыга албаймынбы, билбейм.

– Жашооңдо эркиң жеткен жиндилик...

– Жиндилик деле кылып көрө элекмин. Ичкилик ичпейм, чылым тартпайм, мушташып көргөн эмесмин. Бул менин принципиалдуу жашоо образым. Кээде эле бакырып-өкүрүп жинимди чыгарып алганым жиндилик болбосо...

– “Хайп-тайм” рубрикасын “Жүрөк сыры” рубрикасына айландырып салганың үчүн рахмат. Бактылуу бол!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан