Түрк жылдызы СЕРЕНАЙ САРЫКАЯ

2010-2014-жылдар. Бул жылдар аралыгында экрандан түрктөрдүн “Кызгалдактар гүлдөгөн маалда” сериалын көргөнбүз, эсиңиздеби? Андагы терс каарман, “стерва” Йешимдин ролу үчүн коркутуулар болгонун актриса Серенай Сарыкая журналисттерге берген бир маегинде айтканы бар. Андан бери канча күн өттү, жылдар алмашты... Серенай Сарыкая болсо баягыдай эле таланттуу, жаш, сулуу бойдон.

АПАСЫНЫН КЫЗЫ

Серенайдын карьерасында, негизи эле жашоосундагы жеткен ийгиликтерине апасы Урмандын салымы зор. Атасы Мустафа кызы 5 жашка чыкканда эле үй-бүлөсүнөн кетип калган. Шайыр кыз эс тартканы ырдайм деди, апасы вокал ийримине алып барды. Бийлейм десе бийге, волейбол ойнойм десе ага, тенниске десе тенниске алып барды. Ата ордуна ата болгон Урман кызын эч нерседен кем кылбай өстүргөнгө аракет кылган. Серенай амбициясы бийик кыз болуп чоңойду. Мектепте окуп жүргөндө эле эл аралык сулуулар сынагына катышып, 4-орунга татыган. Мына ушундан тарта анда чыгармачылык дүйнөсүн багынтам деген максат пайда болот. 15 жашында алгачкы жолу “Баш аламандык” деп аталган тасмада эпизоддук роль аткарган кызга кино сынчылар жылуу пикирлерин айтышкан. Алар Урманга кызын Стамбулга алып барса, кино тармагына эртерээк аралашат деп кеңеш беришет. Көпкө ойлонуп отурбаган эне-кыз ээрчишип Стамбул шаарына көчүп келишкен. Алгачкы мезгилде жумуш жок кыйналышты... “Стамбулга келерим менен киного тартылып, атактуу болуп кетем деп ойлогом. Жашмын да. Киностудияларга барсак мага окшогон кыздар каз-катар узун кезек күтүп турганын көргөндө эле шаабайым сууп калды. Болбойт го, кете берели деп артка бурулсам апам “ийгиликке жетиш үчүн чыдамкай болуш керек, баары сонун болот” деп дем берип турду. Эгер келечекте өмүр баянымды тасма кылып тартсам, апам жанымда болуп, колдогону үчүн гана кайсы бир ийгиликке жеткенимди баары көрмөк”,- деп эскерет Сарыкая.

“ЭҢ МЫКТЫ ФОТОМОДЕЛЬ”

Элге анча тарабаган бир нече тасмада майда-чүйдө роль аткарып жүргөн Серенайга ийгилик башка эшиктен жылмайды. Узун бойлуу, эсте каларлык жүзгө, келбетке ээ кызга сулуулар сынагына чакыруу түшөт. 2010-жылы “Түркия сулуусу” сынагында вице-мисс аталып, кошумча “Эң мыкты фотомодель” наамына татыган Серенай Сарыкаянын аты мода дүйнөсүнө тарап, сүрөттөрү белгилүү журналдардын башкы беттерине бакыйып чыга баштаган. Ошондон бери Серенай Түркияда суроо-талапка ээ моделдердин катарында. Актрисалыктан канча гонорар алса, моделдиктен андан кем эмес каражат чөнтөгүн томпойтуп турат.

ЖЫЛАН-АДАМДЫН РОЛУНДА

Актриса катары Серенайды көпчүлүк “Суу көтөрүлгөн маал” сериалы аркылуу тааный алды. Тасмадагы ролу үчүн түрктөрдүн “Оскары” болгон “Алтын көпөлөк” кино сыйлыгынын 2 статуэткасын алган. Андан сырткары GQ журналынын тандоосу боюнча “Жылдын айымы” аталган.

Актрисанын “визиттик картасы” же болбосо аны дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргыз элине тааныткан тасмасы тууралуу айта кетпесек болбос. “Кызгалдактар гүлдөгөн маалда” (“Пора тюльпанов”) сериалындагы Йешим. Йешимди бир тарап жек көрсө, бир тарап боору ооруду, айтор, эч ким кайдыгер калган жок. Йешимди көрөрмандардын жаман көргөнүн ушундан байкаңыз, актрисага байма-бай “үй-бүлөнү бузба”, “өлтүрүп кетебиз” деген коркутуулар келип турган.

Серенай карьерасында түрдүү жанрдагы тасмаларда роль аткарды. Жакынкы аралыкта күйөрмандарынын алдына дагы бир жаңы образда чыгам деп турган чагы. Netflix платформасына таандык “Шахмаран” сериалы 2022-жылдын күз айларында экранга чыгат деп пландалууда. Шахмаран – жыландардын ханышасы аталган мифологиялык жандык. Жарымы адам, жарымы жылан Шахмаран тууралуу фантастикалык тасманын башкы каармандары актёр Бурак Деңиз жана Серенай Сарыкая. Күтөбүз, Серенайга жыландын образы куп жарашса керек.

СЕРЕНАЙДЫН КАЙЫРМАГЫНА ИЛИНГЕН МЫРЗАЛАР

“Эмоционалдуу, импульсивдүү адаммын. Эмнени ойлоп турсам, балп эттирип айтып салам. Кандай эле адам ар бир кадамын пландап таштайт билбейм, токтоолукка үйрөнө албай койдум. Анан да таарынчаак сапатымдан арыла албай келем. Азыраак таарынсам, жашоо жеңил жана түркүн түстө болмок”,- деген актриса өзүн романтик адамдардын катарына кошот. “Үй-бүлө куруу мен үчүн эмес, эркиндикти баалайм” дегени менен, Серенайдын жашоосунда мырзалар жок эмес.

“Кызгалдактар гүлдөгөн маалда” сериалын тартуу учурунда актёр Толгахан Сайышман менен Серенайдын ортосунда сүйүү оту тутанат. Бирок бул от алоолонуп күйүп кетпей, “жалп” этип өчүп калган.

Андан кийин актриса өзүнөн дээрлик 30 жаш улуу актёр, продюсер Музаффер Йылдырым менен жетелешип калган. Бул мамиле да түбөлүктүү боло алган жок.

Актёр Чагатай Улусой экөөнү бири-бирине мүнөзү, амбициясы жагынан окшош түгөйлөр дешкен. “Суу көтөрүлгөн маал” сериалынан табышкан жаштар бирде урушуп, бирде жарашып күйөрмандарын зериктиришкен жок. Акыры эки жолго түшүштү.

Серенайдын сүйүү кайырмагына актёр Керем Бүрсин да илинген. Жарнамага тартылуу учурунда таанышкан түгөйлөрдүн мамилеси бир нече жылга созулган. Төшүнө пластикалык операция жасаткандын айынан шишик пайда болуп, аны алдыруу, калыбына келүү учурунда Керем сүйүктүүсүн колдоп жанында болгон. “Ата-энелери менен таанышты, эми үйлөнөт” деген кептер айтылып, айтылган боюнча кала берди.

2020-жылы Серенай өзүнөн 18 жаш улуу актёр, куудул, сценарист Жем Йылмаздын колун кармаган. Бирок бул союз да көпкө узаган жок.

Азыр Серенайдын аркасынан жүргөн папараццичилер көп. “Баланча бизнесмен менен тамактанды", "муну менен эс алды” деген жаңылыктар түрк басылмаларында активдүү чыгып турат. Бирок актриса жанындагы мырзалардын баарын “достук” статусунда деп келет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан