АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуу бир жумадан бери атасынын көрүстөнүнүн башынан кете албады. Күндө келет. Туш тарабы муздак бул көрүстөндө атасынын калышын кыйбайт. Атасы өзгөчө адам болчу. Жашоого тек гана жакшылык кылуу үчүн келгендей, оозунан бир жаман сөз чыкпай, дилинен да жамандык сызылбай апакай жашап өттү да кетти.

– Айсулуу?

Кылчая караган кыз атасынын ассистенти болгон Таирди көрдү. Ушул жигитти атасы жакшы көрчү. Жанына келгенде ага сиңип калган дарынын жытын сезди.

– Сен үшүп калыпсың, жүрү машинага барып жылынып турчу. Мен Анвар байкеге куран окуп, анан жаныңа барам.

Айсулуу башын чулгуй берди, “кетпейм” дегени. үшүгөнүнөн оозу камтууга келбей калыптыр.

– Сен эмне жука күрмө менен келдиң бул жакка, үшүп калбайсыңбы?- деп өзүнчө нааразы болгон Таир кызга өзүнүн күрмөсүн чечип жапты. Атасы ушинтчү. “Жылуу кийин” дей берчү, күн ысып турса деле Айсулуу үшүп калат деп ойлой берчү. Таирдин сөзү дилине ушунчалык жакын да, жат да сезилди. Жакындыгы – “үшүп каласың” деген сөздү атасы гана айтчу, жаттыгы – ал сөздү башка бирөөнүн оозунан угуп жатканы эле. Таир куран окуп бата кылды да, Айсулууну жөлөй ордунан тургузду. Купкуу болгон, көздөрүнүн нуру өчкөн кызды тиктеп туруп башын чайкап алды.

– Өзүңдү колго ал, Айсулуу...

– ...

– Билесиңби, мен дагы Анвар байкени аябай жакшы көрчүмүн. Түшүмө кирди түндө, “Айсулуу жалгыз калбасын, ага көз бол, агасы бол” деди. Ошол үчүн бейитине келдим бүгүн... Сени көрдүм. Бул бир жышаан эмеспи?

Айсулуу үн каткан жок.

– Азыр машине жылыйт...- деди башка эмне айтарын билбеген Таир.

– Таир байке, атам эмнеге өлдү?- деди бир кезде кыз.

– Жол кырсыгынан...

– Андан башка да себеби бар... Менимче... Телефону жок... Ал такыр жоготчу эмес. Так жол кырсыгы болгон саатта мага телефон чалыптыр... Демек...

– Билбейм, Айсулуу, “баягы иттердин аркасынан жүрөм. Кызымды ыйлаткандардын жанын тынч койбойм” деген мага. Акыркы жолу ушинтип айткан...

– Акыркы жолубу?

– Мага түрмөдө отурган жигит менен сүйлөшкөнүн, күнөөлүү деп башка бир адамдын ысымын бергенин айткан.

– Түндө атамды ооруканага ким чакырды эле?

– Тилек байке. Анткени оор операция болмок, тезинен консилиум кылмай болушту. Мен да нөөмөттө болчумун. Биз кайдан билдик ушундай болорун?..

– Таир байке, мен атамсыз кантип жашайм?- деди бир аздан кийин кыз көздөрүн көтөрүп. Көздөрүн карап туруу мүмкүн эмес эле, Таир көзүн ала качты.

– Билбейм, Айсулуу, бирок жашашың керек. Атаң сенде уланышы үчүн жашашың керек, сенде, сенин балдарыңда анын жакшы сапаттары калса, демек, атаңдын жашап жатканы.

– Менин жашоомдо атам, анан чоң энем бар болчу. Чоң энем каза болгондо атам калды. Атам мен үчүн бардыгы болчу, досум, сырдашым... Мени менен сүйлөшүп тамашалашканды жакшы көрчү. “Айсулуу кичине” деп ойлочу эмес, дайым пикиримди сурачу. Тамак жасаганды да атамдан үйрөнгөм. Баары бир атамдай сонун жасай албайм. Кийим үтүктөгөндү атам үйрөттү, анткени апам анын халаттарын үтүктөгөндү жаман көрчү. Ошого өзү үтүктөчү... Апам бар болгону менен, жашообузда жок эле, анын жоктугун атам толуктап турчу... Баарын үйрөткөн атам, мага өзү жок болгондо кантип жашашты гана үйрөтпөптүр. Мен ансыз кантип жашайм?

– Айсулуу, антпечи...

– Ооба, туура айтасыз, мен жашашым керек! Ичимде атамдын жашашы үчүн жашашым керек. Дүйнөдө атамдай адамдар болбогондо капкараңгы болуп калмак.

Айсулуу бир нерселерди айтып жатты, ыйлап жатты. Атасы каза болгондон бери бирөө менен сүйлөшкөнү ушул. Эки сааттай сүйлөшүп отурушту, Таир аны үйүнө жеткирип койду. Машинесине отуруп Айсулуунун кызыл шарфы калып калганын көрдү. Колуна алып, аркасынан алып барып берейин деди да, кайра айнып кетти. “Унутуп кеткени жакшы ырым” деп алды өзүнчө сүйүнүп.

ххх

Эркин кыжалат. Тамак ичсе да, уктаса да, компьютерден оюн ойноп отурса да көз алдында Айсулуу. Анвардын аза күтүү зыйнатына көп киши келди. Маска кийип, кепкасын түшүрө кийген Эркин да келген эле, четте турду. Бою узун сулуучумак аялдын жанында Айсулууну бир-эки жолу көргөндөй болду. Бирок жүзүн көрө албады. Жүзүн бир көрсө эмне... Куду ичиндеги тытып жаткан бир күч Айсулуунун жүзүн көрсө эле жанын койчудай сезилчү. Бирок кантип? Анын атасынын өлүмүнө өзү себепкер болбодубу. Кайсы бети менен анын жүзүн көргүсү келип жатат? “Кач, Эркин, акылың болсо бул жерден, бул кыздан, ата-энеңден, деги эле бул шаардан качып кет” дейт өзүнө-өзү. Эчен жолу чет өлкөгө билет алайын деп барып токтоду. Ичинде бир үн жок дегенде акыркы жолу бир көрүп алайын дейт да турат.

– Сага эмне болду, балам?- деди бир күнү апасы.

– Эмне болуптур?

– Такыр башкачасың, сүйлөбөй калдың, күнү бою бөлмөңдөн чыкпайсың, бөлмөңдөн карасам да шыпты тиктеп ойлонуп жатасың. Эмне чечилбеген маселең бар?

– Сиз чече албайсыз, апа,- деди ал ичинен түтөп.

– Билем, чече албай турганымды, буга чейин кайсы маселеңди чечтим мен? Бирок мага айтсаң, балким, сага жеңилирээк болор.

– Апа, мен...- деп баратып көзүнөн жашы айланып кетти. – Мен жашай албай баратам. Бул шаар мени тумчуктурчу болду. Бир эмес, эки адамдын убалына калдым. Кыздын... Атасынын...

– Ал кыз менин күнөөм, атасы атаңдын күнөөсү! Сага тиешеси жок. Сен өзүңдү кыйнаба, балам, бала ата-энесинин күнөөсүн тартпашы керек...

– Мен кетишим керек. Атама айтыңыз, мен бул үйдө аны менен чогуу жашай албайм. Окуумду чет өлкөдө улантам.

Эркиндин беттегенин бербеген көк беттик жайы бар. Мунусу атасына окшош болчу. Апасынын ыйлаганына, атасынын бакырып-өкүрүп коркутканына болбоду. “Кетем” деди да, турду. Аскар да ойлонуп, уулу бул жерден алыс болгону туура экенин түшүндү окшойт, уруксат берди. АКШга окуусун улантыш үчүн кетмей болду. Баары чечилди. Бирок Эркинди буттан байлаган бир нерсе бар эле. Жүрөгүн өйкөгөн эң чоң жарасы эмне экенин эч ким билген жок. “Айсулуу” дейт да турат көңүлү. “Эмне кылып жатты экен? Атасынын көрүстөнүнө дагы деле барып жатты бекен? Тамак ичип жатты бекен, ооруп калбады бекен?” дей берет. Аны акыркы жолу көрүп алгысы келди. Машинесин анын үйүнүн тушуна коюп эшигин кароолго алганга өттү. Өчөшкөнсүп чыкпайт. Экинчи күн дегенде араң чыкты. Таштанды төгүү үчүн чыкты. Чачтары жайылып, спорттук күрмөсүн, анын капюшонун башына кийип алган экен. Таштанды төккөн жай так Эркиндин машинеси турган жакта эле, түз аны көздөй басты. Эркиндин жүрөгү дүк-дүк. Жан талаша жүзүн карады. Көзүн издеди. Эстеп калганга, бир элес, бир саам көзүнө тартылып калышын каалады. Табияттын боору ооруп кеттиби, шамал учуруп кыздын башындагы капюшон түшүп кетти. Чачын сылай берген кыз супсулуу көздөрүн көтөрүп, эриндери бүлк эте бир жылмайгандай болду. Ушул элес фотоплёнкадай жадында калды Эркиндин... Эртеси таң атпай беттеген жагына учуп кетти...

ххх

– Эмнеге окууну таштап салдың?- Альфия кызына бурк этти.

– Каалабадым.

– Сен өзүңдүн жашооңду эмне кылып жатасың?

– Эч нерсе...

Кыз атасынын ак халатын үтүктөө менен алек. Куду атасы күндө халатын кийип алып кетчүдөй халатын жууп үтүктөп коёт. Ишин унчукпай уланта берди.

– Айсулуу, сени менен сүйлөшүп жатам...- деди Альфия жини келе.

– Апа, сенин жашооңо кийлигишпей эле турам, сен дагы менин ишиме кийлигишпе. Мен сен өткөргөн окууга окугум келбеди. Жакында балет менен машыгуу боюнча кайра сынак тапшырам. Эгерде өтсөм, ал жактан мага кичинекейлерге сабак берүүмө уруксат беришет.

– Мээң ордундабы?

– Ордунда.

– 10-15 миңдик маяна менен жашайсыңбы?

– Мага жетет.

– Атасынын кызы!- деп алды эрксизден Альфия. Анвар да ушундай эле. “Мага жетет ушул” дечү. Жеткени ушул 2 бөлмөлүү "хрущёвка", бир унаа.

– Атамдын кызы болгонума сыймыктанам. Сенин кызың болбой калганыма шүгүр!- деди Айсулуу.

– Мен эмне экенмин?

– Өзүңүздөн башка эч кимди ойлобогон, жашоонун маңызы акчада деп ойлогон, жан дүйнөсү тайыз, жашоосу кызыксыз, эл көрсүн үчүн жашаган бир адамсыз, апакеси,- деди Айсулуу шылдыңдай карап. Атасынын өлүмүнөн кийин ал ого бетер апасына муздады. Катуу болуп калды. Апасына эле эмес, баарына ишенбей, ыза менен караган кызга айланды. Ички бир туюму менен бул иште апасынын күнөөсү бар экенин сезчү. Альфия үн ката албады. Сумкасын алып чыгып кетти. Машинесине отуруп өксүп ыйлап жиберди. Акыркы жолу Анвар менен сүйлөшкөнүн эстеди. Бирок ал тууралуу эч бир жанга айткан жок. Айтканда кимге эмне пайда? Ичинен жеген курттай шек менен жашаган кандай жаман. Аскар менен мамилеси токтогон. Анвардын өлүмүнөн кийин ага эмнегедир бардык нерсенин баркы кеткендей сезилди. Өкүнүчүн, таарынычын, тагдырдын кайчы кеткен жолдорун кимге айтып түшүндүрө алат? Айсулуу менен кайра чогуу жашагысы келип, оозун таптап бара жатып кызы кагып коёбу деп токтойт. Ушундай эки жалындын ортосунда калды. Бирок көз алдында кызы соолуп бара жатат. Үйдөн чыкпайт, атасынын көрүстөнүнө эле каттабаса, башка эч ким менен жолукпайт. Окуусун таштап салды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан