«ХВАСТОГРАМДА» ЭМНЕ КЕП?

Кандайсыңар, бурадарлар? Бул мен баягы эле Толик сынчы. Социалдык баракчалар популярдуу болуп кеткенден бери мен дагы катталып алып “жалтырак-жултурак” дүйнөгө кирип кеткем.

Жакында бир кеп уктум,

Кеп укканда деп уктум,

Жакында социалдык тармактар жабылып,

Гезиттин күнү келет деп уктум.

Койкоңдогон ырчылар

Жабылып келип гезитке

Жалдырашат деп уктум.

Мына, минтип төгүп иймей да талантым бар деп мактанып кетейин. Инстаграмды мен “хвастограм” деп атам алгам. Ичкен-жегенин, баскан-турганын, “ич-кийим, халат алдым эле” деп деле тартып киргизип жатышканынан ошентип коём. Кээде жаман кемпирим да жакшы тамак жасап калса жеп бараткан тамагымды жулуп алып тартып тарыхчага киргизет, тобо! Мына бул 8-март күнү, Кудай бетин салбасын, бир тал гүлүн да “паланча белек кылды” деп белгилеп жатышты го, чиркин! Бриллиант, алтын алгандар ары жагынан, бери жагынан укмуш тартып киргизишти. Кемпирим мен сатып берген байпакты тартып “киргизе калсамбы, элден кем белем?” дейт, “уят болбочу, кемпирим, Анжелика кокус көрүп калса уят болобуз” деп араң токтоттум. Баса, Анжелика демекчи... Жок, баарын башынан түшүндүрөйүн, мен мындан ары социалдык тармактарда болгон жаңылыктарды гезитке жазып турайын деп чечтим. Анткени гезит тээ интернет тартпаган жактарга да барат эмеспи, аларды да бул “жалтырак-жултурак” дүйнөдөн кабардар кылып туралы.

АДЕГЕНДЕ ЭЛЕ АНЖЕЛИКА

Бек Борбиев ырдайт эмеспи, “мен сенин таалайыңа төрөлгөмүн, Кыргызстан” деп. Ошол жаңылыш эле ыр сабына өзүн кошуп алган, менимче. Во-от, чын эле Анжелика “таалайыбызга” төрөлгөн. Болбосо кимди же эмнени кеп кылмакпыз десең. Анжеликанын акыркы посту көңүлүмдү бурду. Кыскача мааниси:

“Ай, силерге ким айтты жашоо бир эле учурда “шикарный”, ошол эле учурда “жөнөкөй” боло албайт деп? Болот эле! Мына, мисалы, мен “шикую”! Болгону Кудайдын алдында бет каптарды чечип салыш керек.

“Мүшөк кийип алып жүргөндөн тажаган жоксуңбу? Качан чечесиң?” деген келесоодой суроолоруңарга акыркы жолу жооп берип жатам. Баары Кудайдын каалоосу менен болду, кимдир бирөөгө жакпашы мүмкүн, бирок мен намаз окуган татыктуу адамды издеп жатам”.

Эми мен постко бир аз “туз” кошуп койдум дегилечи. Негизи “баракелде” дедим. Издесин, тээ Дубайдан бери эле издеп жатабыз өзү Анжеликага татыктуу жигитти, же ал табылсачы. Болгону бир аз башым жетпей жаткан учурлар бар да. Жообу жок суроолор деп коём мен муну. “Эми, кокуй, кантип “күйдүм, сүйдүм” деп ырдайт? Же ата мекен, ата-эне, балдар тууралуу эле ырлар менен чектелеби? Же түз эле даават айтууга өтүп кетет болду бекен?” деп коём ичимден. Чын дилден сүйүндүм, эй, бирок, болгону ушуну менен биз “Анжелика” деген сериалдын акыркы серияларын көрүп жатабызбы, же уландысы тартылабы деген күдүк ойлор турат да мээмде...

Б ТАМГАДАН БАЛБАК

Жогорку Кеңеште бир үкөм бар, аты Балбак Түлөбаев. Жагат мага, пикирлери жагат, өзү жагат, көзү жагат дегендей. Кебетеси да сүткө тойгон күчүктөй сүйгүнчүк тим эле. Ошол үкөм айтты жакында эле: “Оо калайык, баары бир той-ашка кошумча кошобуз. Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумчага алтын алып барышат. Мына, бизде да ушундай шарт түзүлдү. Экономикага да пайда болот, казынага акча түшөт. 1 граммдан 100 граммга чейин чөнтөккө жараша биз деле ушуга өтсөк болот эле. Бардык банктардан сатып алганга шарт түзүү керек. Алтын ар дайым баа болот” деп салды. “Кыргыздар Африкада да кыргызбыз да”, баса калып эле талап-тулап ийишти. Эй, сонун пикир айтып жатат, чет өлкөгө сата албаган алтыныбызды өзүбүз албаганда ким алат эле, мындай ойлонсоңор кичине. Болгону бир маселе бар да, алтынга эмес, нанга акчасы жетпей жаткандар кантет? Же Балбак үкөм жаш эмеспи, өзү көлөмдүү бир алтын алып, тиши да курч эмеспи, четинен кетип бизге берсе деп кыялданып койдум. Ал тургай ошол күнү алтын берип жатканы түшүмө да кирди. Балбак экинчи күнү эле айнып калыптыр, “алтын алып барбасаңар койгулачы, эй, мени чимкирик, пимкирик дей берет экенсиңер, ошол тай торпокту тойго кошуп жүрө бергиле” деп көмөчкө таарынган баладай тултуюп калыптыр. Туура да, жөн эле асыла берген болбойт. Ай, кыргызым, Балбактай уулуңарды качан колдоп-коштоп аласыңар, билбейм...


АЙЗАДАДАН БАЛП ЭТМЕ, НАЗИРАДАН ТАРС ЭТМЕ

Төкмөлөрдөн Жеңишбек Жумакадыр “автомат” атка консо, алып баруучулардан мен Айзада Жамгырчиева деген карындашымды “тапанча” деп коём. Тыпылдап-тыпылдап сүйлөйт, анан да сүйлөмү бүткөнчө дем албайт го, чиркин! Ошентип тыпылдап жатып айдап жүргөн Лексусу менен мактана калам деп балп эттирип алса болобу?! “Мисалы, жигиттер алтын алып берем десе мен албайм. Анткени алгандын бермеги бар, алдыңбы, сен да беришиң керек, же “бир жериңди” беришиң керек” деди, чиркин! Ачык кеп да, таластыктар ушундай ачык эле сүйлөшөт. Мактанса мактанып эле коюшат, мисалы, “өзүмдүн айгырым жок болгон үчүн муну кара айгырым деп коём” дейт Айзада карындашым. Не дей аласыңар?

Жөн эле жигиттерден белек алып кымыйып жүрө берем деп ойлогон кыздар, силер Айзадага карап түздөнгүлө! Видеонун ушул туздуу жерин кесип алып таратып жиберишти кээ бир тентектер. “Таластыктан көлдүк кем бекен?” дедиби, ана эмесе деп Айтбекова ачык эле айтып таштады. “Мага деле унаа, батир белек кылгыла-аачы! “Өз күчүм менен алдым” деп мактангым кела-аааатат!” деп таштады, чиркин! Ай кыргызымдын кыздары, ичиңерге таруу айланбайт. Эркектер “ай азамат, мен анте албайм ушу” демиш болуп башты кашып эле туруп бермекпиз. Назикем да кылт дегенди байкаган кыйын кыз да, “мен эч кимдин маегин көрбөй эле жаздым. Майрамга карата эле тамаша сөз” деп кутулуп кетти. Эми Айзаданын чеңгелинен чындап кутулдубу же кандай болду, ал жагы жабык көшөгө.

"Хвастограм", Фейсбукжанда жазылган постторго азил-чыны аралаш минтип “обзор” жазып койдум. Силер балп эттирип эле турсаңар эле, ананайындарым, мен жаза берем. Эмнеси жаман, сонун “пиар ход”.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан