Нуркыз Токтогонова, тиктокер: “КИЧИНЕМДЕН ЭЛЕ ТААНЫМАЛ БОЛУУНУ КААЛАЧУМУН”

Нуркыз Токтогонова. Бул кыз бирде чоң апанын, бирде атанын, келиндин, кыздын образын, айтор, кайсы образ болбосун ийине жеткире ачып берген Тикток жылдызы. “Тикток жана карантин элге талантымды көрсөтүүгө жардам берди” дейт ал.

– Салам, Нуркыз! Инстаграмдагы баракчаңды жоготуп алыптырсың, абалың кандай?

– Биринчи күнү “эч нерсе болбойт, эмне болмок эле, Тиктогум бар го” деп өзүмдү жооткотуп жүргөм. Бирок катталуучуларың өзүңдүн бир бөлүгүңдөй болуп калат экен. Аябай жаман болот экенсиң. 54 миң катталуучум бар болчу. Алардын баары жандуу, активдүү катталуучулар эле. Аккаунтумду кайтара аламбы же ала албай каламбы, билбейм.

– Өзүң жөнүндө айтып берсең...

– Мен 1998-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Тельман айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Апам бухгалтердик кесипти аркалап келет. Атам менен апам биз кичирээк кезде ажырашып кетишкен. Кичинекейимден эле искусство тармагына кызыгам. Мурун ырчы болом деп жүрчүмүн. Чоңойгон сайын актриса, журналист, режиссёр болом дей баштадым. Окууну бүткөндө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетине тапшыргам, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окуудан чыгып, Түркияга иштегени кеткем. Ал жакта бир жарым жылдай иштеп келдим. Эми кайра окуумду калыбына келтирсемби деп жүрөм.

– Блогерликке кантип киришип калдың?

“Эл мени көрсө экен, тааныса экен” деп кичинемден эле таанымал болууну каалачумун. Элге өзүмдүн талантымды көрсөтүүгө Тикток, анан карантин маалы жардам берди. Ошол кезде менин катталуучуларым көбөйдү. Азыркы учурда коомдук киши болуп калгандыктан, өзүмдү туура алып жүрүүгө аракет кылып калдым. Мен жакшы эле видеолорду тартам, мисалы, өлкөгө зыяны тие турган же адамдардын укугуна каршы келе турган эч нерсе тартпайм. Видеолорум менен элге жакшы нерселерди жеткиргим келет. Негатив жок, баары жакшы кабыл алышат.
А хайп деген нерсе мага жакпайт. Анын арты жакшы эмес.

– Көбүнчө үй-бүлөлүк темадагы видеолорду тартасың...

– Көпчүлүк бул жаатта видео тарта бербейт экен. Анан бул багытта тарткан видеолорум өзүмө жакты. Ырчы Скриптонит “биринчи өзүмө жагыш керек, анан элге жаксын” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, биринчи мага, анан досторума, туугандарыма жакты, анан эл көрүп баштады. “Азаматсың, жакшы болуптур, токтотпой тарта бер” деген жылуу пикирлер жазыла баштады. Анан тартууну уланта бердим. Азыр Тиктокто катталуучуларым 190 миңге жетип калды. “Жарнама кылып бер” деп кайрылгандарды жарнамалап берем. Бирок айына баланча табам деп жар сала берген мага жакпайт. Ал жагы сыр бойдон эле калсын.

– Тасмага дагы тартыла баштадың окшойт, ээ? Жакындарың сенин ишиңди колдойбу?

– Ооба, “Супер малина”, “Шерине”, “10 жылдык” тасмаларында роль жараттым. Тасмага тартылган мага аябай жакты. Үйдөгүлөр менин ишиме жакшы эле көз карашта. Мен ойноп жүргөн жокмун да. Акча табам, кадимкидей үйдөгүлөргө жардамым тийип калды. Азык-түлүк алып келем, каражат жагынан жардам берем.

– Азаматсың! Чыгармачылыгың өркүндөй берсин!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан