СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Рустам Айдананын көздөрүнө тигиле карап турду да, башын чайкап алды.
– Баары бир түшүнбөйм. Эмнеге азыр Айнурага айтпашым керек? Айдинди алып кетет деп ойлоп жатасыңбы? Айдин мени менен калат. Коркпо, баары жакшы болот.
– Рустам!
– Баары бир бул ишти чечишим керек. Мен минтип жашай албайм. Сенин алдыңда, Айнуранын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип, кыйналып кеттим.
– Азыр болбойт. Бир аз чыдап турушубуз керек. Сен... Сен эч нерсени билбейсиң. Айнуранын аз гана күнү калды.
– Эмне-е?
Рустам ордунан ыргып турду. Айдананын каруусун мыкчый кармады.
– Эмне деп жатасың сен?
– Рустам, мен сага айтпайм деп убада бергем. Бирок билишиң керек. Айнура... Менин билишимче, врачтар мээнин шишиги деп диагноз чыгарышыптыр...
Рустам шалдырай отуруп калды. Көз алдына аялы тартылды. Кийинки айларда өңүнөн кетип, арыктап баратканын байкаган. Түшүнүксүз таблеткаларды ичип жатканын көрүп “эмнеге ичип жатасың?” десе, “боюмда болбош үчүн” деп койгон эле. “Мээси жок” деп алды өзүнө өзү. “Келесоо болбосом мурун эле түшүнөт элем го”.
Айдана акырын сүйлөй баштады.
– Сен эч нерсени билген жоксуң. Менин эмне болуп келип калганымды да байкабадың. Мени... Мени сенин аялың чакырткан. Дарегимди Алымдан алган экен. Ошентип, сүйлөшө баштадык. Ал акырындап менин турмушумду билип алды. Бактысыз экенимди да түшүндү. “Эгерде бактылуу болгуң келсе, Кыргызстанга кайт. Рустам дагы деле сени күтүп жүрөт. А мен... Менин абалымды оор деп жатышат. Айыгып кетүүгө 20 пайыз гана ишенич бар дейт. Өзүң деле түшүнүп жаткандырсың. Эгерде мындай иш болбосо, мен сага эч качан байланышпайт элем”,- деп жазды бир күнү.
Кызык, канча аракет кылсам да, бул кат мээмден чыкпай койду. Балким, дагы бактылуу болгонго мүмкүнчүлүгүм бардыр... Балким, бул тагдыр деп ойлодум.
Рустам ордунан турду. Көзүн көтөргөнгө да алы келбей эшикке карай басты. Бул анын биринчи жолу коштошпой кетиши эле.

ххх

Үйүнө келген Рустам дароо кире албай босогодо турду. Адатынча Айнура ашканада бир нерсе кылып жаткан экен. Рустам аркасынан келип карап турганын байкабады. “Ушунчалык арыктап кеткенин кантип байкабадым? Айтчы, неге мага айтпадың? Кубанычта, кайгыда бирге болобуз деп Кудай алдында, эл алдында сөз бергенбиз. Бирок антпедик. Экөөбүз эки дүйнөдө жашап жүрдүк. Ушунчалык мерездигимден, катуулугумдан сен да катуу адамга айландың. Күнөөлүүмүн, баарына мен күнөөлүүмүн. Дагы деле көзүм ачылбайт болчу”.
Ооба, бир сөз айтып алып жарым саат күлгөн шайыр, шок, жанда жок эрке кыз болчу. Бир орунга тура албай жок жерден оюн таап, элдин баарын күлдүрүп жиберчү. Бир жолу аянттагы фонтанды буту менен кечем деп жатып айнекке бутун тилдирип алган. Чолоңдоп баса албай Рустамдын жонуна минип алган эле. Анда да жөн отурбай буту менен теминип, кытыгылап айласын кетирген. Кана эми, көзү күлүңдөгөн шок кыз? Кимге айланды? Энчиси ушул казан-аяк, күнүмдүк көр тирилик беле? Акыркы жолу качан сырдашып, бактылуу күлкүсүн укканы эсинде жок.
Рустам жүрөгү сыйрылып аяп турду. Бооруна бекем кысып, жакшы сөздөрдү айткысы келди. Аркасынан келип, кучагына кысып алды.
– Рустам?!
– Унчукпа, эч нерсе дебе.
Ый кекиртегине тыгылып калды. Аялынын арык, назик денеси калтырап турганын сезип, ого бетер мууну бошоду.
– Жинди десе, сен эмне... Ыйлап жатасыңбы?
– Жок.
Күйөөсүнүн колдорунан назик сылаган Айнура күлүмсүрөп алды.
– Биринчи жолу...
– Эмне биринчи жолу?
– Үйлөнгөндөн бери биринчи жолу сен мени берилип кучактадың.
Экөө көпкө кучакташып турушту. Биринин жүзүн бири карабаганы менен, экөө тең ыйлап жатышты.
– Неге мага айткан жоксуң? Мен сага ушунчалык алыс адам белем? Эмне үчүн катуу ооруп жатканыңды айткан жоксуң? Менин билүүгө акым бар эле го.
Күйөөсүнүн кучагынан бошонгон Айнура анын жаш жууган жүзүн карап турду.
– Кимден уктуң?
– Эмне кыласың кимден укканымды? Канчага чейин жашырам деп ойлодуң эле?
– Да, эми чындап эле жашырыштын кереги жок.
Алсыраган Айнура орундукка отура кетти. Чөгөлөп отура калып, буттарын кучактаган Рустамдын тармал чачтарын аяр сылап турду.
– Биринчи жолу укканда өзүмдү катуу жоготтум. Эмне кыларымды билбей калдым. Оюма дароо сен келдиң. Офисиңе чуркап келип, сага кирдим. Жыйналыш өткөрүп жаткан экенсиң. Кабагыңды бүркөп, күтө туруумду сурандың. Тыбырчылап, жыйналышың бүткөнчө күтүп турдум. А андан кийин... Андан соң менин кабылдамаңда күтүп турганымды унутуп, иштериң боюнча чыгып кеттиң. Артыңдан узата карап кала бердим. Билем, сен мага бала үчүн гана үйлөндүң. Бирок... Билбейм, сенден эмне күткөнүмдү... Бирок, Рустам, бир нерсе күтүп, үмүттөнүп жашап келгем. Жүрөгүңдөгү тоңгон муз эрийби деп ойлогом. Оорум тууралуу уккандан кийин сен, уулум тууралуу ойлондум. Менсиз кантип жашайт экениңерди көз алдыма келтирдим. Мен жок болсом, сен ого бетер түндөй түнөрүп, элден обочолоноруңду сездим. Сен башкача адамсың, Рустам. Сени түшүнбөгөн, сенин жан дүйнөңдү билбеген аялга кезиксең ого бетер катуу, мерез болоруңду түшүндүм. Анда менин уулумдун күнү не болмок?.. Атамдардын жашы болсо келип калды. Ошондо оюма Айдана келди. Ал жакшы аял экенин мурда эле сезчүмүн. Сүйлөшүп жатып мен ойлогондон да мээримдүү, өзгөчө адам экенин түшүндүм. Уулума жакшы эне, сага жакшы жар болот деп ойлодум. Өзүмдүн ордума коюп, балама жакшы тамак жасап, мээрим чачып жатканын, сени бактылуу кылганын көз алдыма келтирдим. Кызганыч төрөлө электе муунтуп салганга аракет кылдым. Акыры баары мен каалагандай болду.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
asal
2010-12-10 17:58:08
охоо дагы эмнлер кутуп турат болду экэн
0
aiz
2010-12-11 09:33:50
абдан жакшы чыгарма, суйуу эмнеге гана алып келбейт, бирин кыйнап, экинчисин курмандыкка чалып.....эхххх жашоодо да ушундай, эмне себептен суйушкондор бирге болбойт???
0
Tokmok
2010-12-11 18:50:32
uuffff yaa iyiladym okup jatyp..........
0
angel moi
2010-12-11 19:47:55
men da yiladym
0
meerime
2010-12-11 20:45:43
menin da kozumo jash tegerenip ketti...
0
Nuray
2010-12-12 15:09:42
...baarynan jamany bul turmushta jakyn adamyn akyryyyn oorudan turbay ölymgö jakynday bashtagany, a sen bolso karap turup kolundan e4 nerse kelbegeni!!! Dushmanyma da kaalabaym!!!
0
kila
2010-12-12 21:24:00
мен да ыйладым
0
kyyal
2010-12-14 20:20:50
мага ушундай жазылган нерселерди окуган жагат
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан