ООЗ ОМУРТКА ЖЫЛЫП КЕТСЕ ГРЫЖА, СКОЛИОЗ ЖАРАЛАТ, КӨРҮҮ НАЧАРЛАЙТ

Адамдагы 7 моюн омуртканын биринчиси “атлант” деп аталат. Мына ошол омуртканын ордунан жылып кетиши ден соолукка кандай зыянын тийгизет?

Анын белгилери кандай жана аны кантип түздөөгө, калыбына келтирүүгө болот? Мына ушул жаатта Бишкектеги "Атлант" ден соолук борборунун атлант оңдоо адиси Токтобай уулу Дастан маалымат берди.

АТЛАНТ – БУЛ ООЗ ОМУРТКА

Моюн – бул башты ары-бери бурууга шарт түзүүчү жөн гана дененин бир бөлүгү эмес, ал аркылуу мээге кан жана азык-заттарды ташуучу кан тамырлар, андан тышкары мээден организмге нервдер өтүүчү бөлүк. Башкача айтканда, атлант дене менен мээни бириктирген жер. Мына ушундай милдет аткаруучу 7 моюн омуртканын биринчиси “атлант” деп аталат жана адамдардын көбү анын ордунан жылышып кетишинен азап тартат. Атлант кыргыздарда “ооз омуртка” делет жана ал башка омурткаларга караганда өлчөмүнүн кичинелиги менен айырмаланат.

АТЛАНТТЫН ЖЫЛЫП КЕТИШИНИН СЕБЕПТЕРИ

Тубаса жылып кетүүсү. Бул түрү тукум куушу мүмкүн. 5 жашка чейинки балдардын омурткаларынын арткы бөлүгү кемирчек болот. Андан кийин катып, сөөккө айланат. Кээ бир балдарда кемирчектер сөөккө айланбай, кемирчек бойдон калып калат. Мындай балдардын омурткалары тубаса алсыз болуп, жылып кетүү коркунучу жогору. Алар оор жүк көтөрбөй, оор атлетика менен алектенбей, омурткасын абайлашы зарыл. Алар өмүр бою моюн булчуңдарын чыңап жүрүүлөрү керек. Чың булчуңдар омурткаларды кармап, аны жылып кетүүдөн же мертинүүдөн сактайт.

Туура эмес төрөттөн жылып кетүүсү.

Кээ бир балдардын атланты туура эмес төрөттөн улам жылып кетиши ыктымал. Бул узак убакыт билинбей жүрө берип, чоңойгондо оорутуудан улам текшерилгенде билиниши ыктымал.

Дегенеративдик жылып кетүүсү. Бул кесипке жараша болот. Кээ бирөөлөр дайыма оор жумушта чыңалып иштешет. Омурткага күч келгенде алардын ортосундагы кемирчек жешилип, омурткаларды кармай албай калат. Көбүнчө бул 40 жаштан кийинкилерде учурайт.

Жаракаттан кийин жылып кетүүсү. Буга жыгылуу, кулоо, мушташуу, спорттук беттеш, автокырсыкка кабылуунун айынан омуртканын жылып кетиши кирет.

Дамамат компьютердин маңдайында моюнду созуп отура берип атлантка күч келип, жылып кетүүсү. Мындай түрү чоңдордо көбүрөөк кездешет.

ЗЫЯНЫ

Атланттын туура калыпта турушу маанилүү. Жогоруда аталган себептерден улам жылып кетишинен моюндагы артерия кан тамырлар, омуртканын ичиндеги жүлүн, омуртканын тешикчелеринен чыккан нервдер кысылат. Мунун айынан мээге кычкылтек жана аны менен кошо керектүү азык-заттар аз барып баш оору, баш айлануу жаралат. Уйкунун жана эс-тутумдун бузулушу, бат ачуулануу, бат чарчоо келип чыгат. Дарыланбай узакка жүрүүдөн омурткалардын кемирчектеринин жешилиши (протрузия), остеохондроз, моюн грыжасы, баш сөөк алдындагы басым, 40 жаштан кийинкилерде кан басымы жогорулай баштайт. Башка омурткаларга күч келип, алар кыйшаят (сколиоз), ийиндер да жылат, бүкүрөйүү жаралат. Омурткалар жылганда аларды бириктирип турган тарамыш, кан тамырлар да чоюлуп, тартылып, ооруну күчөтөт.

Атлант омурткасынын тешикчелеринен чыккан нервдер кысылганда ал башкарган органда да оору жаралат. Атлант калган 6 моюн омурткасы менен биргеликте кол, көз, тиш, мурун, ооз, калкан сымал безди иштетип, баш мээнин кан айлануусун көзөмөлдөйт. Андыктан ооз омуртка жылса, анда кол алгач муздап, чымырап, уюп ооруп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй, жакшы иштебей калат. Ошондой эле моюн, желке да ооруйт. Көрүү начарлайт. Кан тамырлар тартыша баштайт (судороги).

ДИАГНОЗ

Диагноз омуртканы кол менен кармоо аркылуу коюлат. Кол менен 2-моюн омуртка аксисти кармап, башты оңго, солго буруп көрүшөт. Эгер баш калыптагыдай бурулбаса, буруу кыйын болсо, анда атлант жылып кеткен деп эсептелет.

ДАРЫЛОО АППАРАТ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Дарылоодо атайын аппарат колдонулат. Ал аркылуу моюн менен башты бириктирип турган майда булчуңдардын атайын чекиттерине вибромассаж жасалып, атлант ордуна келтирилет. Бул процедура 1 жолу жасалат (омурткага коррекция) жана 25-30 мүнөткө созулат. Пациент 1 айдан кийин кайра текшерилүүгө келет. Коррекция жасалганда кысылган нерв, кан тамырлар бошоп, кан айлануу калыптанат. 2-3 күндө оорутуулардын азайып баштаганы билинет. Мисалы, баштын, моюн, желкенин оорушу. Атланты жылганынан улам көп жылдап кан басымы жана баш сөөк алдындагы басымы жогору болуп келгендер 1-2 аптада жеңилдей баштайт. Ошондой эле атланттын жылышынан жаралган моюн, бел грыжасы (өлчөмү кичирээктер) 6 ай-1 жыл аралыгында жоголот.

Ооз омуртка ордуна келгенден кийин адам тынч уктап калат, эс-тутум, көрүү жакшырат. Келген пациенттерге атайын көнүгүүлөр үйрөтүлөт. Анын натыйжасында жешилген кемирчектер, жылышкан ийиндер акырындап калыпка келип, остеохондроз оорусу кетет.

Ооз омуртканы ордуна келтирүү ыкмасы 1996-жылы Швейцариядан ойлонуп табылып, кийин дүйнөгө тараган. Бул ыкманы эң көп колдонуучу өлкөлөргө Швейцариядан тышкары Германия кирет. Кыргызстанда бул ыкманын колдонулуп баштаганына 4 жыл болду.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан