Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ООР ДЕПРЕССИЯДАН ЧЫКТЫМ”

– Саламатсызбы, Алтынай эже? Аялзатынын майрамы болгон күнү маектешип отурабыз. Баса, 6-мартта өтүп кеткен туулган күнүңүз менен!

– Саламатсыңар, жазда тирүүлүк башталат эмеспи, ушундай керемет учурда төрөлгөнүм үчүн ата-энеме рахмат. Бир гана нерсе – туулган күнүмө да, 8-Мартка да бир эле белек алып калам да үлүп). Өзүмдүн туулган күнүмдү ата-энемдин көзү барда өткөргөндү жакшы көрчү элем, алардын көзү өтүп кеткенден кийин өткөргүм келбейт. Азыр өзүмө отчёт берүүнү адат кылып алгам, элге чай концерт берем. Ата-энеме рахмат алып берүү максатында уюштурам. Дайыма сөз алганда “ушул күн ата-энемдин урматына” деп айтып анан баштайм.

– Аялдар күнүндө маектешип калдык, сиздин оюңузча, бул аял деген зат кандай өзү, эң негизги функциясы эмне?

– Жараткан бизди эркектин кабыргасынан жараткан дейбиз. Кабырганын бир шимип жей турган ширин жери болот го, так ошондон жаралсак керек үлүп). Аялды эркек үчүн жараткан. Биз эркектерге аманатпыз. Алладан кийинки тукум жарата тургандарбыз. “Гүлдү сүйсөң тикенеги менен сүй” дешет го, анча-мынча тилибиз болот, мүнөзүбүз болот, аны эркектер көтөрүп коюшу керек. Эркектер, аялдын жаман мүнөзүн карап туруп да ага кейибегиле, “бул меники, муну жакшынакай кылып жонуп, түздөп алам” дегиле. Мен жакшы мырзага туш келдим, бактылуумун. Турмушта сөзсүз өйдө-төмөн болот, эркек-аял экөө тең сабырдуу болсо, абалдан чыгып кетишет. Эркекти эртең менен жакшы маанай менен узатып койсо , кечинде ошончо береке менен келет, андыктан аялдар жакшы мамиле менен көп нерсеге жетсе болот. Аялдын көңүлүн калтырбагыла, эркектер. Пандемия учурунда элге жардам берип жүрбөдүмбү, ошондо көп аялдардын оор жашоосун көрдүм. Кыргыздар орто жашайбыз деп ойлочу элем, көрсө, андай эмес экен, аны эл аралап жүрүп билдим. Турмуш – бул эки ат чегилген ат араба, бирөө тартпай койсо эле токтоп калат, арабаны жалгыз тарткан кыргыз кыз-келиндер өтө көп экен. Дагы бир нерсеге күбө болдум, кыргыздын аялдары күчтүү экен. Кыз-келиндерибиздин аң-сезими тынымсыз изденүүдө болот экен. “Эмне кылып жиберсем?” деп эле турушат. Жок эле дегенде интернет дүкөн ачып алып оокатын кылып жатышат.

– Аялдар активдүү болгон коомдо эркектер алсыз болуп жатышы мүмкүн. Эркектердин жоопкерчиликсиз болуп бара жатканы эмнеден келип чыкты деп ойлойсуз?

– Союз кулады. Эркектер үйдө отуруп калышты, аялдар активдүү болуп кетишти. Ошондо төрөлгөн балдар азыр 30дан ашкан жигиттер, алар үйдө отурган атанын моделин көрүп, жоопкерчиликсиз болуп калдыбы деп ойлойм. Аялдар ийгиликтүү болуп калганда койкоңдоп калат эмеспи, ошентип отуруп үй-бүлөнүн модели бузулуп калды. Байкасаңар, балдардын оорусу көбөйдү. Мунун баары аял менен эркектин тил табыша албаганынан, бактылуу жашабагандан, өздөрүнүн ден соолугуна жеткиликтүү кам көрбөгөндөн келип чыгып жатат. Аял менен эркек бир бүтүн болгондо гана бактылуу үй-бүлө болот. Мен мугалиммин, баланын бүтүн үй-бүлөдө чоңоюп жатканын, же атасы, же апасы жок экенин көзүнөн эле билип каласың. Андайларга аяр мамиле жасап каласың.

– Психолог менен да иш алып барып жатканыңызды кулагым чалып калды...

– Пандемия учурунда элге жардам берип баштабадым беле, кийин оор депрессияга түшүп калдым. Өмүрүмдө көрбөгөн нерселерди көрдүм. Эмоционалдуу адам экенмин, оор тагдыры бар адамдарды көрүп кошо эзилип жатып кыйналдым. Ыр жаздыра албай, сахнага чыга албай калгам. Психолог менен иштешип көзүм ачылып калды, жашоону түшүндүм. Адамдын жан дүйнөсү деле кулагың ооругандай, көзүң ооругандай, ашказаның ооругандай ооруйт тура, аны дарылабаса болбойт экен.

– Сиз дагы мугалимсиз, жакында эле мугалим менен окуучунун видеосу талкуу болду, сиз дагы мындай мамилеге кабылгансызбы?

– Жүрөгүм ооруду. Мугалим болуш өтө оор. Мектепте музыка сабагынан мугалим болуп 36 жылдан бери иштейм. Балдарда өткөөл курак болот, ал жагы түшүнүктүү. Балдардын азыр партада отурганы эле башкача, бутту учкаштырып мугалимди сынай тиктеп отурат. Ага деле кайылсың, көрмөксөн, байкамаксан болосуң. Карасаң дептери жок, китеби жок, “сиздин сураганга укугуңуз жок” деп отуруп беришет. Башкаларга таасири тийбесин деп чыгарып жиберсең, ата-энеси келет. Бирөө келип “сиз чыгарып жиберген бала кайсы атактуунун небереси, билесизби?” дейт. Мугалим үчүн бардык бала бирдей да. Мунун баары балдардын социалдык тармакта отурганынан улам, батыш тараптын таасиринен болуп жаткандай. Айтып жатып көзүмө да жаш айланып кетти үлүп).

– Келиңиз, жакшы нерселер тууралуу сүйлөшөлү, күйөө балага да, келинге да кайын энесиз, кандай экен бул сезим?

– Келиним Орусияда тарбияланып калгандыктан орусча сүйлөйт. Мен да “да, я согласна, хорошо, ладно” деген эле сөздөрдү сүйлөп калдым (күлүп). Мен “нет” десем иштер жүрүшпөй калчудай. Негизи жаштарга эркиндик керек. Мен да жаш болгом, келин болгом, кайын энем аябай тегиз караган инсан. 5 келинге бирдей көйнөк, бирдей жоолук берчү, бирибизге экинчибизди жамандабай, биринен-бирин артык көрбөй тарбиялады. “Ананайын” деп эле турат, ушуга чейин кайын энем мени урушуп көргөн жок. Анан мен кандай кайын эне болмок элем, азыркыга чейин кайын энемди жуунтуп, чачын өрүп, кызматын кылам. Өз келиниңден да ушундай жакшылык көр” деген батасын алам. Күйөө балабыз менен сыйбыз, сыйлайбыз. Жаштар ката кетирсе болот, мен “умная” эмес, “мудрая” болгон куракка келип калганда ката кетирсем жарашпай калат.

Жашоо мүдүрүлтөт, чайпалтат, жыгылтат. Азыр кыйын күндө турган кыз-келиндерге эмне деп кеңеш бермексиз?

– Менин деле башымдан кыйынчылыктар өттү. 43 жашымда ата-энемдин, үч бир тууганымдын көзү өтүп кетти. Чачылып эле кеттим го, чиркин! Бирок жыгылган учурда турганга күч табыш керек. Психологго барыш керек, табият коюнуна барып, эч кимге айта албаса, кайың, дарак болобу, кучактап алып болгон жаман нерсени айтып жеңилдеш керек. Мага ошол жардам берет. Дарак кучактап алып дартымды айтам. Китеп окуйм, мусулман китеби болобу, көркөм чыгарма болобу, окуп жатып өзүмдү таап алам. Бактылуу болгула, айымдар, аракет кылгыла, анткени аял бактылуу болбосо күйөөсү да, балдары да бактылуу болбойт. Бүгүн караңгы болуп жатабы, эртең сөзсүз күн ачылат!

– Рахмат, сиз дагы аман болуңуз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан