ОРУСИЯГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАР КЫРГЫЗДЫ КАНЧАЛЫК КЫЙНАЙТ?

Азык-түлүктүн күн санап кымбатташы – учурдун негизги темасы болууда. Орусия-Украина тиреши, Батыштын Орусияга каршы экономикалык санкцияларынын эпкини Кыргызстанга да тийип жатат. Доллардын кымбатташы, рублдун түшүшү, айрым азык-түлүктөрдүн тартыш болуп баратышы мунун ачык далили. Мындан ары абал кандай өнүгөт? Кыргызда кымбатчылыкка каршы альтернатива барбы? Экономикалык кыйынчылык канча убакытка созулушу мүмкүн? Экономисттерди кепке тартып, ушул өңдүү суроолорго жооп издедик.

САНКЦИЯЛАРДЫН КЕСЕПЕТИ

Доллар кымбаттап, рубль арзандап кетти

10-мартка карата Кыргызстанда 1 доллар 103-104 сомго, 1 рубль 0,85 тыйынга бааланууда. Жакында президент Садыр Жапаров "улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал" деп эскертип өттү. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда.

– Улуттук банктын резервинин суммасы 2 миллиард 768 миллион долларды түзөт. Бул сумма өлкөнүн 6 айлык импортун жабууга жетет. Валюта рыногу талап кылса, керектүү өлчөмдө интервенция жасалат,- деди Карабаева. Айта кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн 3 жолу интервенция жасап, 169 миллион долларды каржы рыногуна чыгарды. Доллар көтөрүлүп, сомдун кунунун түшүшү өлкөдөгү базар бааларына түздөн-түз таасир этип, инфляцияны жогорулатышы мүмкүн дешет эксперттер.

Азык-түлүк кымбаттоодо

Кыргызстан товар импорттоодо Орусиядан көз каранды абалда. Азык-түлүк, күйүүчү май, газ, курулуш материалдары, дары-дармек негизинен ушул өлкөдөн ташылат. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстан Орусиядан 329 миллион долларга күйүүчү май, 125 миң тонна буудай сатып алган.

Батыштын санкцияларынын айынан Орусиянын өзүндө да азык-түлүк кымбаттады. Бул кырдаалдын таасири Кыргызстандын базарларында сезиле баштады. Айрым азык-түлүктөрдүн тартыштыгы байкалып жатат. Мисалы, тоок эти.

Доллар менен насыя алгандар...

Доллардын кымбатташы кезинде банктардан доллар менен насыя алгандардын тынчын кетирүүдө. Бул маселе Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө да тийиштүү көйгөй экени анык. Тагыраагы, тышкы карыздын 81 пайызы чет элдик валюта менен кайтарылууга тийиш экенин эксперттер айтышат. Мисалы, 2021-жылы доллардын курсу 85 сом кезинде тышкы карыз 4 миллиард 294 миллион доллар же 364 миллиард сом болсо, доллардын учурдагы курсу менен бул сумма 400 миллиарддан ашык болуп кетүүдө.

Дары-дармек сатып алуу кыйындады

Кыргызстандагы дары-дармектердин 50-60 пайызы Орусиядан жана Украинадан келет. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусияга карата санкциялардан улам дары-дармектердин баасы кымбатташы мүмкүн экенин, дары-дармектер таңкыстыгы күтүлөрүн айткан. Кыргызстандагы Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов: "Украинадагы кырдаалга байланыштуу ал өлкөдөн дары алып келүүгө буюртмалар токтотулду. Орусиялыктар да рублдун куну түшүп кеткенине байланыштуу ички рыногун жетиштүү камсыздоо үчүн бизге дары экспорттоону белгилүү мөөнөткө токтотту",- деп билдирди.

Элдар Абакиров, экономист: “ОРУС-УКРАИН ТИРЕШИ КӨПКӨ СОЗУЛСА БИЗ ДА КӨП КЫЙНАЛАБЫЗ”

– Кыргызстандын экономикасынын 60 пайызы Орусиянын экономикасынан көз каранды. Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын кесепетин, албетте, кыргыз экономикасы тартат. Рублдун куну болуп көрбөгөндөй түшүп, Орусиянын борбордук банкы эсептик көрсөткүчүн 8,5 пайыздан 20 пайызга чейин көтөрдү. Бул - эл ала турган насыянын пайызы да жогорулайт дегенди түшүндүрөт. Бир катар өлкөлөр өздөрүндөгү Орусияга тиешелүү банктарды, андагы 100 миллиарддаган долларларды блоктоп жатышат. Кырдаал кайсы жагына өзгөрөт эч ким билбейт. Мен мындай шартта 2 жагдайды боолголоп жатам. Жакшысы: эгер орус-украин тиреши 1 айдын ичинде сүйлөшүүлөр жолу менен токтосо, эптеп кырдаалдан чыгып кетсе болот. Начары: Жаңжал көпкө созулса узак мөөнөткө кризиске кептелебиз. Санкциялардын кесепети кандай болушу мүмкүн? Мисалы, Иранды, Түндүк Кореяны алалы. Булар санкциялар менен жашай берет, бирок ал өлкөлөрдө эч кандай өнүгүү, завод-фабрика куруп, экспортун күчтөө деген болбойт. Күнүмдүк жашоосун ойлоп, тамак-аш, кийим-кечек маселеси менен гана чектелишет. Мындай оор кырдаалда биздин бийлик эл аралык деңгээлде тең салмактуу саясат жүргүзүшү керек. Эгер Орусияга киргизилген санкциялар бизге да кирсе жагдай ого бетер оорлошот. Азырынча бизге карата санкция жок.

Бул кризисте бизге жаралчу жаңы мүмкүнчүлүктөр барбы, ушул жагын кошо карашыбыз керек. Орусия, Беларустун программисттери Кыргызстанга барып иштесек кандай болот деп кызыгып жаткандарын уктум. Ошону пайдаланып, өнөктөштүк ишкана ачып кыргыз экономикасына пайда келтирсек болот. Ал эми рублдун куну түштү, эми орустар чыгарган товарлар арзандайт деген бир аз туура эмес. Орустар чийки затты көбүнчө Европадан ташышчу, алар орустарга эшигин жаап коюшту. Эми орустардын товарлары тескерисинче кымбатташы мүмкүн. Ушул тапта доллардын курсу 100 сомдон ашса, күйүүчү майдын баасы 70 сомдун тегерегинде болууда. Бизде күйүүчү майдын мурда ташылып келген запасы болгондуктан баа кескин көтөрүлө элек. Бирок адистер бензин дагы 8 сомго кымбаттайт деп жатышат. Рублдун куну 40 пайызга түштү, демек, Орусияда иштеп 10 000 рубль тапкан мигранттын акчасы азыр 6000 рубль өлчөмүндө болуп калат. Мына SWIFT системин колдонууга тыюу салып коюшту эле, биздин нефтетрейдерлер күйүүчү майдын акчасын которгондон кыйналып жатышат. SWIFT – бул дүйнөдө банктардын бири-бири менен тез арада маалымат алышуусу. Ал үзүлсө маалымат алмашуу жай жүрөт, эл аралык соода солгундайт. Дегеле ушундай кризистик шартта эмне кылышыбыз керек? Колдон келсе өндүрүшчүлөр кризистик кырдаалга туруштук бере турган керектүү жабдык, тамак-аштардын түрүн чыгарууну карап көрүүлөрү керек. Мигранттар валютасы туруктуу Түркия же Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө барып иштесе болот. Өкмөт элге 3-6 айга жете турган тамак-аштардын запасын резервдик кампага толтуруп коюшу зарыл. Жаз келди, талаага эмне сепсе баары өсөт. Эл дыйканчылык кылып, азыртадан сугатты ойлошу керек.

Умбриел Темиралиев, экономист: “АЛТЫНЫБЫЗДЫ, СУУБУЗДУ ЭФФЕКТИВДҮҮ САТЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

Орусия Украинадан аскерлерин чыгарып кеткен күндө деле эч ким санкцияларды дароо алып салбайт. Батыш Орусияны дүйнөлүк коомчулуктан обочолонтуу үчүн колдон келгенин жасайт. Тактикалык максаттарына жеткенден кийин
ЖККУдагы, Евразиялык экономикалык шериктештиктеги союздаштарын кабыл алат. Кыргызстандын экономикасы Орусияныкынан көз каранды. Алып айтсак, миллион мигрант жылына 2,5 миллиард долларды алып келишет, газ жана мунай продуктуларына 100 пайыз көз каранды, курал-жарактар Орусияда чыгарылат. Биз болсо текстиль жана жашылча жер-жемиштерди экспорттойбуз. Доллар дагы көтөрүлөт. Биздин мигранттардын акча которуулары кыскарат, текстиль өндүрүшү ылдыйлайт, улуттук банк интервенцияларга коротууну улантуудан коркуп кырдаалды көзөмөлдөөдөн коё берет, сомдун куну да түшөт. Учурда чет өлкөдөн насыя алуу кооптуу. Бул кырдаалда эмне кылышыбыз шарт, алтынды эффективдүү сатуу, сууну пайдалуу сатуу (анткени кургакчылык менен глобалдык жылуулукка эч ким санкция сала элек) ишкерлерди колдоо үчүн бюджеттен насыяларды берүү зарыл. Ишкерлердин товарын экспорттоодо евро жана доллар менен төлөй турган мамлекеттерге багытталышы керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан