КУТ ОРНОГОН КУТТУРГАН АЙЫЛЫ

Ар кимге өзүнүн туулган айылы кымбат, ал мейли кум учурган чөлдө же тоо арасында болсун. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, алыста жүргөн ким болсо да туулган жерин сагынып, эңсеп барат. Бүгүнкү биз кеп кыла турган айыл жайында жашыл кымкап жамынган, абасы, суусу тунук, эли кең пейил Куттурган айылы тууралуу болмокчу. Айылы, элдин жашоо турмушу менен аталган айылдын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Камила Осмонова тааныштырды.

Куттурган – Ош облусунун Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу айыл. Райондун борборунан болжол менен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кожолуктун (түтүн) саны – 303

Элдин саны – 2217 адам

Айылдын аянты – 86 гектар

Окуучулардын саны – 390

Айылда орто мектеп, ФАП, ветеринардык сервис, жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана бар.

АТАЛЫШЫ “КУТ БАЙЫРЛАГАН” ДЕГЕН СӨЗДӨН ЧЫККАН

– Айылдын аталышы тууралуу айтсам, биздин жерге эмне тиксе, сепсе да өсөт. Ошондон улам башка жактагы айылдарга салыштырмалуу түшүм да көп болуп, айылга келип-кеткендер “бул айылга кут орногон, кут байырлаган, кут турган экен” деп айтышчу экен. Аталышы ошондон чыккан дешет.

Атына заты жарашып элибиз да кең пейил.

Айылдын ортосунда чоң адыр бар, айыл ошонун күнгөй-тескейинде аттын такасындай имерилип жайгашкан. Бир башынан экинчи башына чейин болжол менен 8 чакырымдай аралык.

“ЭЛ УН, ЭТ, МАЙ МЕНЕН ӨЗҮН КАМСЫЗДАЙТ”

– Айыл эли мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет. Союз тарагандан кийин ар бир үй-бүлөгө жан башына үлүшкө 14 сотыхтан айдоо жер тийген. Андан тышкары чөп чаап алганга ар түтүнгө 40 сотыхтан жер бөлүнгөн. Элибиз тың. Мисалы, үлүш жерине буудай айдап, аны комбайн менен оруп-жыйнап алган соң Өзгөндүн борборуна алып барып, суу тегирменге тарттырып ун кылып алышат. Күн карама айдашып, аны да Өзгөнгө алып барып цехтен май чыгартып келишет. Ошентип ун, май менен өздөрүн камсыздашат. Нокот, жүгөрү жана башкаларды да айдайбыз. Эт керек болгондо баккан малынан союп алып, эккен жашылчаларынан кышка деп салаттарын жасап алат. Айылдагы трактор, машинасы барлар элге арзан баада кызмат көрсөтүшөт.

Айыл элинин 70 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Булак суусу суу түтүгү менен алынып келинип, короого киргизилген. Учурда ишкер жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса, элдин калганы да таза суу менен камсыз болуп калат.

“ӨНӨРПӨЗ, УЗ-ЧЕБЕРЛЕРДЕН КУРУ ЭМЕСПИЗ”

– Учурда айылда Фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат. Айылда ден соолук комитети бар, андагылар элге оорулар жана алардын алдын алуу боюнча маалымат таркатып турушат. Мисалы, пандемия кезинде ковид боюнча түшүндүрмөлөрдү берип турушту.

Айылда жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана бар, аны Максат Жусубалиева эже жетектейт. Ишканада иштеген аялдар жүндөн ат жабдыктарын, шырдак, кийиз, жайнамаз, кийиз тапочкаларды жасашып, өздөрү сүйлөшүп келишим түзүшкөн дүкөндөргө өткөрүшөт. Кээде чет мамлекеттен да кардарлар чыгып калат.

Чоң атасы убагында балбан, улакчы болгон 2 бир туугандар бар, Бакыт жана Канатбек Алпанов деген. Алардын ысымы республикага чейин белгилүү. Көптөгөн күрөш боюнча турнир, көк бөрү оюндарына катышып, байгелерди утуп, медалдарга ээ болушкан. Жыгач уста Каныбек Эрматов музыкалык аспап, сувенирлерди жасап келет.

2 гектардан ашык багы бар Адылбек Келдибаев 100дөн ашык түп жаңгак, кокон гилас жана ар түрдүү сорттогу алмаларды өстүрүп, элге багбанчылыктын сырын үйрөтүп келүүдө.

“Аруу тилек апалар” тобундагы ырчы апалар райондук, облустук кароо-сынактарга катышып келет.

Айылдан чыккандардын арасында Юстиция, Билим берүү жана илим министрлигинде, мамлекеттик тил комиссиясында, телеканалдарда жана башка жактарда көрүнүктүү кызмат орундарда иштеп жүргөндөр бар.

“БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЭШЕК МЕНЕН КЕЛИШЕТ”

– Айылдагы 2 кабат орто мектеп 2019-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Суу түтүгү менен ысыйт. Электр жарыгы өчкөндө сууну соруп чыгарып туруучу мотор иштебей калат, ошондуктан мектепке дизелдик генератор сатылып берилген.

Жогоруда айткандай, айыл узун болгондуктан мектептен алыс жашаган башталгыч класстын окуучулары кышында жана жазында буттары суу, ылай-баткак болбошу үчүн мектепке эшек минип барышат. Мурун эшектер кар, жамгыр жааса да сыртта турушчу. Ушундан улам алар үчүн мектеп аймагына чакан бастырма курулуп берилген. Учурда окуучуларды мектепке маршруттук такси менен ташуу, жолдорду оңдотуу жагы каралып жатат. Анткени асфальт жол жок, жолубуз таштак.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан