Айсулуу Муратова, чачтарач: “ЧАЧТАРАЧ БОЛУП ИШТЕП ҮЙЛҮҮ БОЛДУМ”

Орусияда сулуулук тармагында иштеп, ийгилик жаратып жаткан Кыргыз кыздарынан маек алдык. Алар көп жылдан бери Орусияда эмгектенип, туруктуу кардарларды күтүп калышкан. “Өз ишибизге тың, жоопкерчиликтүү болуп, жумушубуздун майын чыгара жасагандыктан бизге орустар жана башка улуттагы жарандар көп келишет. Башка мамлекеттин мигранттарына караганда биз, кыргыздар, бир нерсени бат өздөштүрүп үйрөнүп кетебиз”,- дешти кесибин сүйгөн айымдар.

– Айсулуу, салам! Адам жашоосун өзгөртүүнү каалаганда өзгөрүүнү чач жасалгасынан баштайт дешет, бул ойго кошуласызбы?

– Саламатсызбы? Ооба, кошулам. Москвада көпчүлүк кыргыз мигранттары жумуш, үй болуп келбетине көңүл бөлбөй калышат. Бир жолу бир эже келип үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрүн, күйөөсү менен мамилеси салкындап баратканын айтты. Өзгөргүсү келиптир, чачын такай түйүп эле жүрчү экен. Биз чачын боёп, кыркып, "укладка" жасап жибергенбиз. Эки жумадан кийин маанайы сонун болуп бизге ыраазычылык билдирип шоколад көтөрүп келди. Күйөөсү менен мамилеси жакшырганын айтып, “көрсө, көйгөйдүн баары өзүбүздө экен, аял киши келбетин караш керек тура” деп кеткен. Бул сыяктуу окуялар бизде көп болот.

– Анан да адам чачын кырккан адиси туруктуу бир жерде иштесе ага 10-20 жылдап чачын кырктырып жүргөн көрүнүштөр бар дешет...

– Менин чач кыркуу тармагында тажрыйбам азырынча 5 жыл. 4 жылдан бери өзүмдүн салонумду иштетем. Ооба, биздин туруктуу кардарларыбыз көп. Татьяна деген кардарым бар, чачы ак болгондуктан ай сайын мага келип чачын боётуп кетет. Бир жолу “бизде тырмак жасаган адис бар, жасатып кетпейсизби?” десем болбоду, көрсө көп жылдан бери тырмагын башка салондо иштеген адиске жасатат экен. Кесипте деле адамдын ишеничин актоо оор. Адамдар ишенген адисине гана чачын кырктырып, боётушат.

– Өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз, Орусияга кантип келип, чачтарач болуп иштеп калдыңыз?

– Жалал-Абад облусунун Шекафтар айылынан болом. Жашым 31де. Орусияга 8 жыл мурун келип 3 жылдай ресторанда официант болуп иштедим. Поднос көтөргөндөн тажаганда жумуш алмаштырсамбы деген ойлор пайда болду. Ресторанга такай келген бир кардарым бар, ал чачтарач болуп иштечү. Ошол аркылуу Москвадан чачтарачтын окуусун окуп, иштеп калдым. Чач кыркууда билимиң болгону менен, тажрыйбаң жок болсо көп жерде жумушка албайт экен. Жашаган жериме жакын жайгашкан көп салондорго барып жумушка орношо албай жүрдүм. 3 жолу чачтарачтын курсун окуп, анан жумушка орношком. Кудай өжөр адамдарды сүйөт окшойт, шүгүр азыр салонумда 11 адам иштейт. Айлыктарын өз убагында берип, бир да адисимди нааразы кыла элекмин. Салонубузга орус жарандары көп келет. Анткени бизде арзан, анан жакшы кырккан таланттуу кыздар-балдар бар. “Силер чачты элиталык чачтарачтардай эле кыркасыңар. Бирок алар 1500 рублдан кыркышса, силер 300 рублга эле кыркасыңар” дегендер бар.

– Чачтарач болуп иштеп байып кетүү мүмкүнбү?

– Эмгектене берсең бир күнү жемишин татат экенсиң. Чачтарачтык кесибимдин артынан Бишкектен бир бөлмөлүү батир алгам, азыр ал жакта сиңдим жашайт. Жакында дагы 2 бөлмөлүү батир алдым. Жеке автоунаам бар. Бизде салондо иштеген көп балдар-кыздар Бишкектен үй алышты. Тапканыбыз буюруп, жакшы киреше таап мекенибизге кайтсак деген эле тилек баарыбызда.

– Тилегиңиз орундалсын, маегиңизге чоң рахмат!

Гүлшат Алимбаева, косметолог-эстетист: “5 КЫЗДЫ 5 СААТТА СУЛУУЛАП КОЙГОНУМДА БААРЫ ТАҢ КАЛЫШКАН”

– Саламатсызбы, Гүлшат? Алгач өзүңүздү окурмандар менен тааныштыра кетсеңиз?

– Мен 1987-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Адистигим экономика программисти. Москва шаарына 2011-жылы иштегени келгем. Алгач байлардын үйлөрүн жыйнап иштеп баштап, сатуучу-консультантка чейин иштедим. Бирок талантымды аччу өзүмдүн жумушумду табышым керек эле. Бала кезде сүрөт тартканды жакшы көрчүмүн. Эжелериме “чачыңызды тарап, кашыңызды терип, көзүңүздү боёп берейинчи” деп эле артынан жүргөн кыз элем. Москвага келгиче Оштон перманенттик макияжды үйрөнүп келгем. Орусияга келгенде хобби катары тааныштарга 200-300 рублга кирпик чаптап анда-санда иштеп калчумун. Бул жумушту алып кетүү тууралуу ойлор декретте жүргөндө келди.

– Декретте жүргөндө аябай иштегиңиз келген экен да?

– Москвага келгенде маникюр жасоону үйрөткөн студияда окудум. Окуп жүргөндө салондун жетекчиси жумушка болгон берилүүмдү көрүп мени иштегенге алып калган. Кийинчерээк каш боёгонду үйрөндүм. Косметолог болууну да кыялданып жүргөм, косметолог болуш үчүн медициналык курстарга окуш керек болуп, 6,5 ай курска барып окудум. Андан соң перманенттик макияж боюнча адис керек деп мени бизнес-класстагы салонго иштөөгө чакырышты. Сунушташканда “мен күнүнө 5 кардардан кем эмес адам кабыл алышым керек” дедим. Алар “5 адамга жетишпейсиң го” деп күмөн санашты. Бирок салонго жумушка барып 5 саатта 5 кардарды тейлеп салганымда аябай таң калышкан. Негизи кыргыз кыздары кыйын, бала кезден эмгекке бышып калганбызбы, же ар бир ишти жөндүү алып кетүү каныбызда барбы, айтор, башкаларга караганда тыңбыз.

– Кардарларыңыз көбөйсө жеке салон ачууну кыялданып жүрсөңүз керек?

– Салондо иштегенде 50 пайыз кирешени салон алып калат, сен 50 пайызын аласың. Каш жасаган 13 000 рубль, 7 миңи меники, калганы салондуку. Бирок үй шартында иштеп жүргөндө салондогудан эки эсе көп тапчумун. Ошентип кыбырап жүрүп 2019-жылы Москвадан батир алдым. Эки жолу салон ачтым. Биринчи салонумду сатып, ипотекага алган үйүбүздүн карызын жаптык. Экинчи салонум учурда ижарада. Мен үчүнчү баламды төрөп үйдө болгондуктан буюртма болгондо гана барып иштеп келем. Азыр деле туруктуу кардарларым көп. Учурда перманенттик макияждын түрүн жасайм, пилингдин түрүн, бет тазалоону да өздөштүрүп алгам.

– Ар бир кесиптин оош-кыйышы болот эмеспи, сизде кандай болду?

– Адам өзүнүн жасаган нерсесинен ырахат алганда гана акча келет экен. Кесибимди сүйөм. 2-3 күн жумушка чыкпай калсам колум кычышып, иштегим келип калат үлүп).

– Жумуш учурундагы кызыктуу окуяларыңыздан айтып бербейсизби.

– Бир жолу үйрөнчүк кыздарды окутуп жаткам, бир орус улутундагы аял салонго келип калды. Орус деп айтсам түшүнүп калабы деп кыздарга “буларга муздак түстөрдү тандаш керек” дедим. Үйрөнчүк кызым тамашалап “бул жүн баштын териси “капризный” экен, чачы да мындай экен” деп сүйлөп жатты. Ал чыгып баратканда кассада отурган кызга “жүн баштарга 6500 рублдан жасайм, өзүбүздүкүлөргө 4500 болот” деп күлсөм, орус кардарым жаныма келип “мага деле 4500 кылып бериңизчи, мен деле кыргызстандыкмын” деп өчүргөн. Бир чети күлкүлүү, бир чети мен уялган окуя болду. Ошондон кийин жүн баш деп айтпай калгам үлүп).

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан