Султан Исманов, хоккейчи: "ХОККЕЙ МАГА БИР КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ ЖАККАН"

Бишкек шаарында 3-8-март күндөрү хоккей боюнча 4-дивизиондогу командалар арасында Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Бул чемпиондукка Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия, Кувейт өлкөлөрүнүн курама командалары катышты. Кыргыз курама командасы алгач 13:1 эсебинде Иранды, экинчи оюнда 22:1 эсебинде Малайзияны, андан кийин 15:0 эсебинде Сингапурду, жыйынтыктоочу оюнда 14:0 эсебинде Кувейт өлкөсүн утту. Жалпы эсепте 64:2 упай топтоп Кыргыз курама командасы Дүйнө чемпиону аталды. 2-орунду Иран (22:20), 3-орунду Сингапур (14:22) ээледи. Кыргыз курама командасы 2023-жылы 3-дивизиондогу командалар арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.

Чемпиондуктагы жалпы бомбардирлердин тизмесинде кыргыз оюнчулары сап башынан орун алышты. Улуттук курамдын оюнчулары Владимир Носов, Владимир Тонких 9дан гол жаратса, Султан Исманов 8 гол жаратып 3-саптан орун алды. Жаш, таланттуу хоккейчи Султан Исмановду кепке тарттык.

Анкета

Аты-жөнүСултан Исманов

Туулган жылы – 2004-жыл, 13-март

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 187 сантиметр

Салмагы – 73 килограмм

Амплуасы – Чабуулчу

Ойногон клубу – “Дордой”

Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу

Ойногон клубдары – “Илбирс”, “Медведи”

– Салам, Султан! Жеңишиңер менен куттуктайм. Хоккей боюнча 4-дивизиондо Дүйнө чемпиону аталып отурасыңар. Жеңиштин кубанычы менен жашап жатсаңар керек?

– Чоң рахмат. Ооба, өзгөчө сезимдер болуп жатат. Чемпиондуктун жалпы жыйынтыгы боюнча “Мыкты чабуулчу” наамын алдым. Ал эми Малайзия курамы менен болгон оюнда “Мыкты оюнчу” болдум. Анын үстүнө мен улуттук курамда биринчи ирет Дүйнө чемпиондугунда ойноп жатам. Улуттук курамда ойноонун өзү бир башкача сезим экен. Эл, күйөрмандар, ата-эне, туугандарың, баары сени карап турат. Өз өлкөңдүн желегин желбиретүү үчүн далалат кыласың, элдин, күйөрмандардын алдындагы жоопкерчиликти сезет экенсиң. Буюрса, улуттук курамдагы сапарым жакшы башталды десем болот. Бул Дүйнө чемпиондугу абдан бийик деңгээлде турат. Биз буга көп убакыт даярданганбыз, мындагы жеңишибиз биз үчүн абдан маанилүү болчу. Анткени бул 4-дивизион, муну уткандан кийин гана 3-дивизиондогу Дүйнө чемпиондугуна барууга болот. Буюрса, кийинки жылы барабыз.

– Баарын ири эсепте уттуңар, атаандаштарды жеңүү силер үчүн оорчулук жараткан жокпу?

– Чынын айтсам, курама командалар ар кандай деңгээлде ойноп жатышат. Бири абдан күчтүү болсо, бири начарыраак болду. Бирок командалардын баары азаматтар, жакшы даярданып өз өлкөсүнүн намысын коргоп, өздөрүнүн мүнөзүн, тайманбастыгын көрсөтүштү.

– Улуттук курамдагы алгачкы оюнуң экенине карабай чабуулчулардын катарын толуктадың. Хоккейде гол жаратууда эмне маанилүү?

– Хоккейде деле бардык спорт оюндарындагыдай эле жөндөм, тыңдык жана акылды иштетүү маанилүү. Ошондой эле сезүү маанилүү, анткени шайбаны сезип туура чабуу керек. Анан, албетте, жакшы даярдануу кажет. Ар бир шайбаны чабуу – бул гол үчүн жасалган аракет. Жалпы турнир боюнча 8 гол киргизип, 10 голдук пас бердим. Бул турнирде өзүм үчүн дагы тарых жараттым. Менден ашып ата-энем, туугандарымдын кубанычында чек жок.

– Хоккей – оңой спорт түрү эмес, эмнеден улам бул спортко кызыгып калдың?

– Хоккейдин башка спорт түрлөрүнөн чоң айырмасы бар. Биринчиден, үстүңдө 15 килограммдык форманы көтөрүп жүрөсүң, экинчиден, таягыңды көтөрүп шайбаны кубалап муз аянтчасы менен чуркап жүрөсүң. Шайба көргөнүңүздөрдөй, кичинекей, ошо менен командалашыңа пас берип же гол киргизесиң дегендей. Хоккейди бардыгы эле ойной албайт. Негизи бул спорт түрү кызыктуу жана кооз деп айтсам болот.

Кичинекей кезимде абдан көп ооручумун. Ошондуктан ата-энем мени хоккейге алып барышкан. Биринчи барганда эле аябай жаккан. Анан такай бара баштагам. Хоккейге баргандан кийин көп оорубай калдым. Анткени муз аянтчасында чуркайсың, тердейсиң дегендей.

– Үйдө сенден башка да спортко кызыккандар барбы?

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганмын, 2 эжем, 3 иним бар. Баары эле спортко кызыгышат. Эжелерим да кичинекей кезинде муз аянтында жүрүшкөн. Алар көркөм муз тебүүчү болчу. Бир иним сууда сүзүү менен алектенет, бири футболго барат.

– Кыргыз хоккейине кандай баа бересиң?

– Кыргыз хоккейи жакшы эле деңгээлде. Жылдан жылга өнүгүп жатат. Күн сайын кичинекей балдар хоккейге келишет. Бул спорт түрүнө кызыккандардын, хоккейчилердин саны арбыды. Хоккей күйөрмандары дагы көбөйгөнү кубандырбай койбойт.

– Жаракат алган учурлар болбой койбосо керек?

– Албетте, болот. Кичирээк кезимде майда жаракаттарды алгам. Негизи формабыз бизди ар кандай жаракаттардан коргоп турат. Ар бир дене мүчөбүздү форма жаап турат.

– Маегиңе рахмат. Дайыма мыкты оюн көрсөтүүңө тилектешпиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан