Жоодарбешим, ырчы: “АЛ УЧУРДА КӨӨП КЕТКЕМ”

“Жаман ойлобо”, “Өкүнбө”, “Унутулбас махабатым” жана башка ырлардын аткаруучусу, учурунда популярдуу болгон ырчы Жоодарбешим менен маектештик. Ал бир топ убакыт сахнадан алыстап кеткен, азыр кайрадан чыгармачылыгына жең түрө киришип жатыптыр. Башынан өткөн сыноолорду, азыр көп нерсенин баркын билип калгандыгын айткан ырчы менен жакшы маек болду.

– Салам, Жоодарбешим. Ырдабай калдыңыз, көп убакыттан бери шоу-бизнес чөйрөсүндө жоксуз, буга эмне себеп болду?

– Салам! Ооба, чыгармачылыгымда тыныгуу болду. 2016-жылы атам каза болуп аза күттүм, айылда болдум. Андан кийин үйлөндүм, үй-бүлөм менен алек болдум. Көптөгөн жеке маселелер болду. Ошентип ал жакты, бул жакты караганча эле 6 жыл өтүп кетиптир. Шоу-бизнеске жаңы кадам таштап баштаганда эң алгач “Супер-Инфого” маек бергем. Чыгармачылыгыма “Супер-Инфонун” кошкон салымы чоң. Сиздердин колдооңор менен күйөрмандарым пайда болуп, сахнадан өз ордумду таба алдым. Анын баары эсимде, учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Азыр да кайрадан чыгармачылыкка киришип жатканда силерге маек берип жатам, кубанычтамын. Бул да Алланын кайрадан баягы жолуңа түш дегендей белгиси болсо керек. Эми иштейм, чыгармачылыкка билек түрө киришип жатам. Лутфилла Бусурманкул уулу менен мурда иштешкенбиз, азыр да келишим түзүп ишти улантсак деген ниеттебиз, менеджер болуп бериңиз деп сурандым.

– Жакшы. Атаңыз тууралуу сурагым келип жатат.

– Ар кимдин атасы өзүнүн идеал туткан адамы да. Мен үчүн атам чындыгында башкача адам болчу. Кыргызда атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул деген түшүнүк бар эмеспи, мен атадан артык уул боло алган жокмун. Атама тең уул болсом экен, анын арбагы ыраазы болсо экен, мага карата “атанын уулу” деген жакшы сөздөр айтылса экен деп турмуштун камчысын чаап келе жатам. Атам күчтүү, сабырдуу адам болчу. 70 жашка 2 ай жетпей калды. Кудайдын буйругу экен, ар кимибиздин ичер суубуз түгөнгөндө күчтүү болгонубузга, хан же дербиш болгонубузга карабай четинен алып кете берет тура.

– Эмнеден улам кайрадан чыгармачылыкты улантсам деп чечтиңиз?

– 6 жыл ичинде көп жерде жүрдүм. Жашоо ар кандай экен. Чыгармачылык жан дүйнөңдө болгондон кийин жөн койбойт тура, ырдагым келе берди. Кудай буюрса, 2 клип тартып койдук, 3-клипти тартууга даярданып жатабыз.

– Мурдагы ийгиликти кайталай албай калам деп чочулаган жоксузбу?

– Жок, максат ал эмес. Бирөө үчүн жашаган адам эмесмин. Баарына жагыш кыйын. Жан дүйнөм ошону каалап жатат, бирөө үчүн эмес, өзүм үчүн ырдайм. Уккусу келбегендер болсо таарыныч жок. Чубак ажынын “сени жакшы көргөндөр менен жыргап жашап жүрө бер, жаман көргөндөр менен баш оорутуп эмне кыласың деген жакшы сөзү бар. Акыркы күндөрү ошентип жашап калдым, жакшы экен, жашоо жеңил, жыргап жүрө берет экенсиң.

– 2013-жылдарга кайтып көрсөк. Ошол кездеги жаңы чыгып жаткан Жоодарбешим болсоңуз эмнени өзгөртмөксүз?

– Көп нерселер башкача болмок. Ал убакта колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган эмесмин. Бул жашоо өзү чоң университет экен, өзү тарбиялап, окутат. Убакыт өткөн сайын тажрыйбалуу болот экенсиң. Ошол убак азыр болгондо баары башкача болмок. Анда мен тапкан-ташыганымды оюн-күлкүгө чачып жүрө бергем. Ал убакта атам да акча көп берчү, өзүм деле акчаны оңбогондой таап калгам, чакыруулар көп болчу. Каадаланып барбай да койчумун. Мисалы, Балыкчы менен Таласка 500 долларга барбай койчумун, 1000 доллар, 800 доллар деп. 500 доллар чоң акча болчу да. Болбосо ошол убакта кымбат унааларды айдаган колунда бар досторум көп эле. Мени менен сүрөткө түшүп, тамак ичкенине кубанып эртеден кечке жанымда жүрө беришчү, тамакты да өздөрү алып беришчү. Ошолор деле күнбү-түнбү кайда болбосун унаасын айдашат. Таласка барганча Суусамырдан кымыз ичип, куурдак жеп кетчүбүз, чөнтөктө акча көп, кыскасы, “жыргализм” да. Жөн кетпей жолдон башка тойлорго кире кетебиз. 500 долларга барып деле келсем болот да. Ошондо да каадаланыптырмын, көөп жүргөн кезим экен. “Уул баланы барчылык, кыз баланы жокчулук бузат” деген сөз бар го, таамай айтылган сөз, өз жашоомдон көрдүм. Атам колунда бар киши болгондуктан бардар жашоодо чоңоюп, мен үчүн дүнүйөнүн баалуулугу жок болгон экен.

– Азыр да досторуңуз көппү?

– Ошол учурда дос дей берчүмүн. Оомат келгенде сага баары тууган, баары дос. Доско этият мамиле жасайм, ал да баалуулуктардын бири. Өзүм оозум күйгөн кишимин да.

– Шоу-бизнесте досторуңуз барбы?

– Менин оюмча, атаандаштык болгон жерде эч качан достук болбойт.

– Жашоодо өкүнүп калган учур болдубу?

– Жалгыз өкүнгөнүм – атамды татыктуу сыйлап калбаганым. Кенен чер жазып сырдашпаптырмын, аларга мээрим бере албаптырмын, чоң сый көрсөтө албаптырмын. Мүмкүнчүлүгүм бар болчу, атама белектерди берсем болмок. Жаштык кылыптырмын, “эй, балам, бир саатка болсо да жашсың деген жакшы сөз бар го. Кээде бир саат мурда чыгарган чечимибизге өкүнүп калабыз. Такыр сыйлабай койдум дебейм, бирок мындан көбүн кылсам болмок. Жаштарга ата-энелериңердин көзү барда колдон келишинче мээрим төгүп, ошолорду кубантканга аракет кылгыла деп айткым келет. Өмүр кыска, баарыбыз бүгүн бар, эртең жокпуз.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Жубайым 1996-жылкы, Оштун Жапалагынан болот, 2 кызыбыз бар. Кудайга шүгүр, мени уккан, сыйлаган кызга жолуктурду. Жубайым мени дайым колдойт. Өзү да жакшы ырдайт. Бирок шоу-бизнеске аралашууга каалоосу жок. Болсо да мен ырдатпайм. Аял киши балдарга мээрим төгүп, жолдошу барганда ысык тамагын даярдап тосуп алып үйдө отурганы жакшы деп ойлойм. Мен багам. Кудай ооздон жаңылтпасын, кийин кыздарымды дагы иштетпейм. Иштейм, акча табам деп көп карындаштарыбыз сыртта жүрөт, кандай кордуктарды көрүп жатышат. Мен кыздарымды билимге сугаргым келет, иштесе да билимине таянып иштеп жүрүшүн каалайм. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү чечет, күйөөсү уруксат берсе иштейт, уруксат бербесе үйдө отурат. Азыр улуу кызым үч жарымга, экинчиси бир жарымга толду.

– Кыздарыңыз бактылуу болушсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан