КЫРГЫЗ САЛТЫНДА ӨБҮШҮП УЧУРАШУУ ЖОК

Батышты туурайбызбы, арабча кийинебизби, орусча сүйлөйбүзбү, жан дүйнө тарткан жак баары бир кыргыздын түпкүлүгү. Бул жолу кыргыздын каада-салттары тууралуу кеп кылып айрым салттарды эске салып коюуну туура көрдүк. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов бул макаланын даярдалышына жардам берди.

БАТА МЕНЕН ЭР КӨГӨРӨТ

Кыргыздар батага өзгөчө маани берип келген жана ошол салтты улантып отурган эл. Бата – элдин эң ырыскылуу дөөлөттөрүнүн бири. Отургандардын аксакалы, же кадырлуу конок, же зобололуу адамдын балдарга батасын берүүсү адатка айланган.

Атка минерман бол,

Эрөөлдө билерман бол.

Касыңа ок бол,

Досуңа от бол,

Үйүңө көз бол,

Жериңе сөз бол,

Душманга жут бол,

Элиңе кут бол! – деген сыяктуу баталар берилет.

Баталар көбүнчө уйкашып келсе да, кээде формасында болбой калышы да мүмкүн, батага жорго сөз, уйкашкан кара сөз стили мүнөздүү. Баталар адамдардын оң жолдо жүрүүсүнө, балдардын туура тарбия алуусуна чоң таасирин тийгизген. Баласына атактуу адамдын батасын алуу үчүн айлап жол жүрүп барып бата алышкан, алардын астынан өтүшкөн. Адатта бир ишти баштоо үчүн, мисалы, эски үйүн бузса, жайлоодо конуш которсо, атты байгеге кошсо, кыз узатса, баланы сүннөткө отургузса, мал сойсо, той кылса, түлөө берсе, үй тиксе – ушунун баары батадан башталат.

ЖАР КӨРҮШҮҮ

Жар көрүшүү – салттуу үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө болгон. Эки тарап кудалашкандан кийин күйөө жана күйөө жолдош болочок колуктусунун айылына келип, четирээк жерге түшкөн. Ошол жерге кыз тараптагылар атайын боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүшкөн. Оюн жүрүп жатканда кыз-күйөө бирин-бири көрүшкөн. Салт боюнча, кыздын жеңелери кыз-күйөөнү далыларын тийиштире тургузушкан. Күйөөнүн сол колу кыздын ийинине артылып төшү жакка сунулат, ошол эле мезгилде кыз оң колун удаалай күйөөнүн ийининен артылтып толгото имергенде бири-бирин тарткандай болушат. Бир-эки жолку аракеттен кийин колдор ажырашар маалда күйөө эпчилдик менен имерилип кызды өбөт. Жигит бетинен өбө албай калса уят болуп калат. Кыз-жигит тарап болушуп жар көрүү ырларын аткарышып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып, камдай келген белектерин тараткан.

БАЛАНЫН КЫРКЫН ЧЫГАРУУ

Наристени жаңы төрөлгөн соң кырк күн элден далдоо кармоо керек дешчү. Наристени көргөнү келгендер жанына жакын барып үзүлүп түшүп карабоо керек. Баланын кыркын чыгарганга чейин бала турган үйдөн сыртка буюм чыгарбайт. Кырк күнгө чейин наристенин атын толук айтып чакырбайт. Кыркы чыгуу – баланы биринчи жолу элге көрсөтүү да болуп саналган, бирок анда деле баланы ачык көрсөтө бербейт.

Төрөлгөндөн кырк күн өтүп, баланын чачын алуу аземи болгон. Чачты таятасы, таякеси же айылдын кадырлуу аксакалы алат. Кыркын чыгарууда кырк үйдү кыдырып, кырк кашык суу алып келип, баланы ошого киринтишкен. Ошол суу менен баланы эмдеп-домдоп, суудай өмүр, тунуктук тилешет. Баланын кыркын чыгарганда кырк үйдөн кырк кездеменин кыйындысын алып келип, балага көйнөк тигишкен. Эркек баланын тырмагын уста, саяпкер, мүнүшкөр, улакчыларга алдырып ырымдашкан. Алардын өнөрү балага өтсүн деген маани болгон. Кыздын тырмагын чебер аял алат, баланын кыркын чыгаруу – кыргыз элинин үрп-адат, салттарындагы кызыктуу жөрөлгөлөрдүн бири.

КЫРГЫЗДА САЛАМ АЙТУУНУН АДЕБИ

  • Жамаат отурган жерде кечигип келгенде кол берилип саламдашылбайт. Көпчүлүк тамак жеп жатышса кол берип учурашуу туура эмес болуп калат;
  • Жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат;
  • Топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат;
  • Эркектер жашы улуу аялдарга кол берип учурашыш керек болсо, биринчи кол сунбайт;
  • Жаш балдар улуу кишилер менен кол берип учурашканда эки колу менен кармап саламдашса жакшы болот;
  • Эркектер менен аялдар өтө жакын тууган же классташ, теңтуш болбосо, кол берип учурашпайт;
  • Көптөн бери көрүшпөгөн, же узак сапардан келген эркек адам менен эркектер кучакташып, бирок катуу бооруна кыспай, далысынан таптап, же сылап да койсо жакшы.
  • Кыргыз салтында ооз менен өбүшүп учурашуу адепсиздик катары бааланган.
  • Жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот;
  • Улоодо же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, кыймылда кетип жатканда мурдагысынан кийинкиси озуп баратса, ошол озуп бараткан адам биринчи салам айтат;

КЫРГЫЗДА СҮЙЛӨӨ АДЕБИ

Кээ бир кишилер бар, сүйлөгөнүн угуп эле тургуң келет, ал эми кээ бир кишилердин эмне деп сүйлөп жаткандыгын аңдай албайсың. Адам так, даана сүйлөгөнү ийги. Бул үчүн киши өзүн тарбиялашы керек. Жакшы сүйлөө – тарбиядан. Ички дүйнөң, максат-мүдөөң бүт сөз аркылуу ишке ашат жана сөз сүйлөө өзгөчөлүгү Жараткандын адамга тартуулаган эң ыйык тартуусу.

  • Жаман, уят сөздөрдү кебинде колдонуу, сөгүнүү туура эмес. Эл арасында отурганда кулакка шыбыроо, же эки кишинин бөлүнүп алып күжүң-мыжың сүйлөшүүсү – тарбиясыздыктын белгиси.
  • Чечен сөздөр – кырдаалга ылайык айтылгандыгы, курчтугу, таамайлыгы, маанисинин тереңдиги менен айырмаланган, чечен адамдар тарабынан оозеки айтылган сөздөр. Кыргыз элинде Көкөтөй, Тилекмат, Акматалы сыяктуу чечендер болгон. Жээренче чечен сыяктуу адамдардын сүйлөгөн сөздөрү, иш-аракеттери эл ичинде аңызга, уламышка айланып кеткен.
  • Сүйлөшүүдө бирөөнүн сөзүн бөлүп-жарууга болбойт, бирөөдөн уккан сөздү башкаларга туура эмес жеткирүү же көбүртүп-жабыртып ийүү, көрүп-билбей туруп жалган сүйлөө – адепсиздик.
  • Улуу адамдар сүйлөшүп жатканда сөзүн бөлүү жарабайт, эгер алар бир нерсе сурап калса кыска жана так жооп берүү зарыл.
  • Мактанып сүйлөгөн, сүйлөп жатып керилип койгон, эсинеп койгон, оозун ачкан, какырынган – маданиятсыздык. Оюн так айта албай узак сүйлөгөн, ток этерин айта албай айланып жүрө берген, бир нерсени айтып жатып «талаалап» кеткен адамдарды элибиз эзелтеден жактырбай «тантык», «эзме» деген ылакап аттар менен атап алышкан. Адамдардын кебине, сүйлөө маданиятына карап «көр жеме», «тапан», «дөдөй», «копол», «тажаал», «ажаан», «кеп жебес», «келжең», «тантык», «балпык», «шалпык», «ала көөдөн», «көйрөң», «куу чирен», «куу», «ичимтап», «сылык», «сыпайы», «сылаңкороз», «чечен», «жөө чечен», «калпычы», «жалганчы», «шыпыр», «ташамай», «алдамчы», «жылдырма», «көйрөң», «эзме», «бок ооз», «жылжытма» деп айтылат, мындай түрдүү сапаттарды ойлоп тапкан дүйнө жүзүндө кыргыздан ашкан калк болбосо керек дейм.
  • Жакшы сүйлөөнү, чечендикти үйрөнүү үчүн оозеки көркөм чыгармаларды угуу, чечен адамдар менен сукбатташуу, адабий китептерди көп окуу, анан сүйлөп үйрөнүү керек. Белгилүү чечендер ээн жерге барып алып өздөрүн көнүктүргөн.
  • Копол кайрылуу – сиз кайрылган адамдын да, өзүңүздүн да дилиңизге доо кетирүү деп билиңиз, мындай мамиледеги адамдардын иши алга жүрүшпөй, турмушта көп кыйынчылыктарга кезигет.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан