БАЙ АДАМДАРДЫН ӨЛКӨСҮ – КАТАР

Эх, Катарда төрөлүп калсам болмок. Азыр акчаны асманга чачып каалаганымды кылып жашай бермекмин. Ооба, окурманым, Катарда бай болуу үчүн ошол өлкөдө төрөлүү жетиштүү. Сиздер менен чогуу дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири Катарга сапар алалы.

Аянты: 11 миң 571 чарчы чакырым

Калкы: 2 миллион 660 миң (2021-жыл)

БорборуДоха шаары

Расмий тили араб тили

Акча бирдиги катар риалы

Башкаруу формасы абсолюттук монархия

Дини ислам

“МУНАЙ, ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ МЕНЕН БАЙЫГАН”

Деңиз, баш айланткан ысык чөл менен катар заңгыраган заманбап имараттар, дүйнөдөгү эң бай адамдардын мекени Катарга сиздер менен бирге саякатка чыгып келели. Катар – Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүнөн орун алып, Перс булуңу менен чулганган Түштүк-Батыш Азиядагы өлкө. Сауд Арабиясы, БАЭ менен чектешет. Өлкөдө мунай, жаратылыш газы өндүрүлөт. Ушул байлыктар аны дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири катары таанытты. Бул байлыктарды тапканына бир кылым да боло электе өлкө дүйнөнү суктандырган жерге айланды. Акыркы маалыматтар боюнча, ички дүң өндүрүмү киши башына учурда 62 миң долларды түзөт. Катар жарандары негизинен компанияларда жакшы кызматтарда иштешет. Мыйзам боюнча ар бир бизнестин 51 пайыздык үлүш акциясы катарлыктардыкы болушу керек. Ал эми эмирдин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө мамлекет мунайдан түшкөн кирешенин бир канча пайызын берип турат. Жашоочулардын 20 пайызы гана өлкөнүн жарандары. Сырттан келгендерге жарандык алуу мүмкүн эмес, ал үчүн жергиликтүү катарлыктардын үй-бүлөсүндө төрөлүү керек.

Өлкө өтө бай, мисалы, катарлыктар үйүндө бир буюм бузулуп калса аны оңдоп отурбайт, ыргытып, жаңысын сатып алышат. Коомдук транспорт дээрлик жок, баары эле жеке унаалары менен жүрүшөт. Бир үй-бүлөдө эң жогорку класстагы 3-4 унаанын болушу кадимки көрүнүш. 2019-жылы метро ачылган. Чөлдө жайгашкан Катар жашоо турмушка керектүү дээрлик бардык нерсени, азык-түлүктү импорттойт.

“КҮНДҮЗ КӨЧӨДӨ СЕЙИЛДӨӨ МҮМКҮН ЭМЕС”

Ислам дининин принциптери менен жашаган бул өлкөгө курал жарак, жардыргычтарды, баңгизатын, спирттик ичимдиктерди, чочконун этин, исламдын нормаларына дал келбеген аудио, видео материалдарды, гезит-журналдарды алып кирүүгө болбойт. Алкоголду таратып иштеген бир компания бар. Алкоголду мейманканалардан гана өлкөдө жашоого укугу бар адам жумуш берүүчүнүн уруксаты менен ала алат.

Катарда илимге жана билимге өзгөчө маани берилет. Окуу жарандар үчүн бекер. Бир улуттук университет жана Европанын, Американын ЖОЖдорунун филиалдары бар.

Июль, август айларында ысык 50 градуска чейин жетсе, январда орточо 17-20 градустай ысык болот. Андыктан жайкысын күндүз көчөдө жүрүү мүмкүн эмес. Бардык имараттарда, унааларда кондиционер бар. Дүкөнгө барганда да унаадан түшүү керек эмес. Дүкөндүн жанына барганда сигнал берип койсоң сатуучулар чыгып буюртмаңызды алышат да, сизге керектүүнүн баарын унааңызга чейин алып келип беришет.

Дохада мурда коомдук пляждар жок болуп, купальникчен сууга түшүү мүмкүн эмес болсо, азыр мүмкүн.

Жаштар негизинен ата-энеси тандаган адам менен баш кошушат. Үйлөнүү үлпөттө эркектер менен айымдар өзүнчө майрамдашат. Бул өлкөдө жаш балдарга өзгөчө сый көрсөтүлөт. Мисалы, кичинекей бала дүкөндү башына кийип алса деле эч ким эч нерсе дебейт.

ТӨӨЛӨРДҮН ЖАРЫШЫ, ЭҢ КЫМБАТ СПОРТТУК ДОЛБООР...

Дем алыш күндөрү шейхтердин көңүл ачуучу оюну – төөлөрдүн жарышы. Катарда төөлөр туризм тармагында гана жакшы кызмат кылбастан, сулуулук сынактарына, чуркап жарыштарга катышышат. Чуркоодон жеңген төөлөрдүн баасы эселеп көтөрүлөт. Мындай төөлөрдү багып жарыштарга катышуу мүмкүнчүлүгү да байларга гана таандык. Байлардын дагы бир көңүл ачуучу адаты – шумкар багып, аны менен аңчылыкка чыгуу. Шумкарлардын баасы дагы эсиңизди оодарат, эң кымбат шумкарлар болжол менен 16 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.

Мындаш тышкары, гандбол, бокс, футбол, ралли ойнолот. 2022-жылы Катар футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү алдында турат. Бул үчүн 200 миллиард доллар жумшалчу ареналарды куруп башташты. Бул тарыхтагы эң кымбат спорттук долбоор деп эсептелет. Дүйнө чемпиондугу үчүн эң чоң курулуш – Лусаил шаары. Бул шаарда чемпиондуктун ачылышы жана финалдык матч өтөт. Шаар 2006-жылы курулуп баштаган.

Чемпиондуктун катышуучуларын жана конокторун ысыктан коргоо үчүн Катар окумуштуулары жасалма булуттарды жасоого аракет кылып жатышат.

Катар – эң коопсуз араб өлкөсү. Өлкөдө кылмыштуулук жок. Кылмыш кылган мигранттарды өлкөдөн чыгарып коюшат, жашоочулар мыйзам бузушпайт.

Катарда кыдырып көрчү тарыхый жерлер аз. Негизинен туристтер курорттордо эс алуу үчүн, көргөзмөлөр үчүн барышат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан