АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Өзү айтты. “Айдайды мага берсеңер болду. Каалаган окуу жайына тапшыртам. Бапестеп багам. Кадырына жетем. Бактылуу кылам” дейт.
– Айдай ошого тийсе эле бактылуу болуп калат бекен?
– Кекетпе. Сен азыр жашсың. Сүйүү деле өтөт. Сүйүү менен эле курсагың тоюп калбайт. Жашоодо андан башка да маанилүү нерселер бар.
– Арстан мени ач калтырбайт.
– Арстанды унут дебедимби сага! Атаңды аясаң, аны унутасың. Атаңды ойлосоң, Элдарга турмушка чыгасың.
– Атама анын кандай тиешеси бар?
– Аны Москвага алпарып, операция жасатууга макул болду. Ооба, азырынча атаң муну билбейт. Бирок күйөө баласы доктурга көрсөтөм десе баш тартмак беле?
Ой, шүмшүк десе, карачы, баарын кылдат ойлонуштуруп, пландап коюптур. Адамдын талуу жери каерде экенин да билет.
Апа, апоо, суранам, мага жардам берчи. Жаным кыйналып кетти, мага кеңеш берчи. Айтчы, эмне кылайын? Атам – менин эң жакыным. Аны кыйын күнгө кантип таштайм? Жанынын кыйналганын кантип чыдап карап турам? Арстанчы? Анын көзүн жалдыратып туруп кантип таштап кетем? Ушундан көрө жанымды кыйып салсамчы? Денем дүр-р дей түштү. “Ошондо эле жыргап кетмек белең? Атаңды жакшы көргөнүң ушулбу? Ал ыйдан, кайгыдан эрте күндө соолуп калбайбы. Арстанчы? Ал сенин каза тапканыңды билсе, өз жанын кыйгандан кайра тартпайт. Андан көрө, чын эле, тигил Элдарга турмушка чыгып кет. Ошондо Арстан сага эрегишип болсо да жашайт. Атаңды да сактап каласың. Эң жакын эки адамыңды эрте күндө өлтүрүп алып шорго малынгандан көрө, өзүңдү курмандыкка чалып, ушул жолго барганың жакшы”. Ичимден кайсы бир үн ушул нерселерди айтып жатты. Түшүмдө да кимдир-бирөө кулагыма ушул сөздөрдү шыбырагандай болду. Негедир апакемдин үнүнө окшоттум. Уйкудан ойгонгондо ошону эстеп, “демек, апам ушул жолду туура көрүп жатыптыр” деп жеңилдей түштүм. Балким, апамдын деле үнү эместир. Бул учурда мен үчүн бир гана туура жол ушул болуп туруп албадыбы. Апам менин чечимимди колдосо деп ичимден тиледим окшойт.
Достор, балким, менин жоругумду түшүнбөссүздөр. Балким, “байлыкка кызыкты” дээрсиздер. Андай эмес. Арстаным. Бир күнү болбосо бир күнү мени кечирер. Мындан башка айлам жок. Атамды тезинен дарылатуу керек. Өзүм мектепти эми гана бүткөн кыз болсом, Ажар деле үйдөн карыш басып чыкпаган, өз алдынча иштеп көрбөгөн аял болсо, үйдү кыймылдаткан, бүткүл иштин баарын бүтүргөн да атам. Анан ал киши ооруганда Ажар экөөбүз кантмекпиз? Мейли, мага кызыгып жаткан болсо, ошол кишиге турмушка чыгайын. Эмнеси болсо да, атамды аман алып калышым керек. Ушундай чечимге келдим. Эми ал жолдон мени эч ким кайтара албайт. Арстан болсо, бир өмүр менин сүйүүм, арманым болуп кала берет.
– Ай кызым ай, кызым, көпөлөгүм менин, сары кызым менин. Мынчалык шашпасаң болор эле. Окуп, билим алсаң, өзүңө тең бирөө чыгар эле. Дагы да ойлонуп, акыл калчап көрчү?
Атам мени айныта албай күнү кечке убара тартты. Алгач Элдар менен агасы келгенде кабарды угуп, чалкасынан кеткен.
– Эмне дейт? Айдайдыбы? Бар, чыгып кеткиле! Өзүм кубалап жибере элегимде сыйыңар менен чыгып кеткиле. Силерге бере турган кызым жок!
Өз сөзүнө өзү муунуп, каары кайнап чыкты. Азыр жыгылып калат экен деп коркуп, кандайча алар отурган бөлмөгө жүгүрүп киргенимди билбейм.
– Атоу, ата, анчалык жинден­беңиз, өтүнөм.
– Кызым, көрүп турасыңбы мобу акмактарды? Сенин колуңду сурап келишиптир.
– Билем, билем, ата. Элдар байкени жакшы тааныйм.
– Эмне?!
– Атаке, мени кечириңиз, өтүнөм. Мен бул кишини тааныйм. Кадырыма жетет деп ишенем.
– Кызым, сен али жашсың. Турмушту ойлонууга эрте.
– Ата, Айдарга окшогон акмактар мени тынч коюшпайт. Турмушка чыгып, анан окууга тапшырсам туура болчудай. Сиздин да көңүлүңүз тынч жүрөт.
– Бул ойлорду кайдан алган­сың? Москвада Арстан күтүп жүрбөйбү. Ал “Айдай окууну бүтөрү менен аттестатын колуна карматып мага тапшырасыз, сөзсүз окушу керек” деп канчадан бери план түзүп жүрбөйбү?
Оххх, жүрөгүм, атаке, суранам, ошол ысымды дал ушул мүнөттө атабай туруңузчу, суранам сизден! Арстан, Арстан, сени канчалык сагынганымды билсең гана.
– Сени окутпай күйөөгө берип жиберсек, Арстан апаң экөөбүздү эки чайнап, бир жутуп ийбесин. Мен ага сөз бергем, балам. “Айдайды аттестат алган күнү эле самолёт менен салып жиберем” деп сөз бергем. Мына, кечээ күнү эле сүйлөштүк. “Неге телефону өчүк?” деп тынчсызданып жатат. Агаңдын да көңүлүн оорутасың, балам. Кой, мындай оюңдан кайт.
Арстандын атын уккан сайын жанагы чечкиндүүлүгүм жоголуп, мокоп бараттым. Чын эле, Арстандан ушинтип оңой эле баш тартып коёмбу? Чын эле, Арстан эмес, башка эркекти жаныма жолотомбу? Жок! Жок, мындай болбойт! Өзүмдү Арстанга гана арнайм.
Башым айланып, тизелерим титирей, алсырап отура калдым.
– Айдай!
Төрдө отурган Элдар ошончо чоң кебетеси менен ыргып туруп, мени жыгытпай кармап калды.
– Сага эмне болду, Айдай?
Колдору түктүү экен. Ошону көрүп, денем жыйрыла түштү.
– Кечиресиздер.
Эптеп ушул сөздү айтып, конок бөлмөдөн атып чыктым. Атам эмне кыларын билбей, башын мыкчып кала берди. Кандай сөзгө токтолушту билбейм, айтор, жанагы экөө жарым саатча отуруп, анан кош айтышып чыгып кетишти.
– Макул, эртең саат экилерге келели, Мукай ага. Ачууга алдырбай, акыл калчап иш кылалы. Жакшы туруңуздар.
Демек, эртең кайра келишет. Атам аларды өзү айткандай, кубалап жибербептир.
Эртеси атам ооруп калды. Мен баарынан да ушул нерседен корккон элем. Кечээ эле күүлүү жүргөн атакем төшөктөн тура албай жатып калса боло. Дарыгерге алпаралы десек, дегеле так секирип болбойт. Же мага, же Ажарга сүйлөбөйт. Түнү бою тигиниси кулак-мээсин жеп чыкты да. Экзамен тапшырганы барышым керек эле, атамды ойлоп, жанынан карыш чыгалчудай эмесмин. Менин кыйылып турганымды сезди окшойт, кабагын чытып урушуп, кубалап калды.
– Тиякта экзамени башталганы жатса, бул кыз эмнеле үйдөн чыгалбай жүрөт? Кандай камырабаган жан? Илгери биз мамлекеттик экзаменге күнү-түнү китептен баш көтөрбөй даярданчу элек. Бул кыздын даярданганын да байкабадым.
Кой, атамдын нервин сынабастан, ушунчасында жөнөп калайын. Түнү бою кирпик какпай чыгып, башым ооруп араң келгем, класска киргенде эле жагымсыз жагдайга туш болдум. Биз менен параллель класста Айдардын бир тууган карындашы окучу. Ошол отуруптур. Кыязы мен тууралуу сөз кылып жатса керек, кирип келгенимде мурдун чүйрүй сүйлөнө кетти.
– Мына, өзү да келди. Кааласа бир тууганы менен көңүл ачат, кааласа Айдар өңдүү бечаралардын башын айлантат. Анан минтип бай бирөөнү табат да, баарын кидать этип кете берет. Тимеле периштенин өзү.
– Айт, оюңду дагы айтып кал. Колуңдан эмне келер экен? Сенин алдыңда отчёт берип турууга милдеттүү эмесмин. Өзүм эмнени туура деп чечсем, ошону жасайм. Менин турмушума башыңды оорутпай эле кой. Баса, агаңды бечара деп аташтын кереги жок. Айдарга окшогондор эч качан бечара болушпайт.
Экөөбүз дагы канчага чейин айтышар элек ким билсин. Бирок класс жетекчибиз кирип калды.
Баарынан жаманы, жан курбум Асел мага сыртын салып калыптыр. Ушунчалык көөнү таза кыз да. Башка адам болсо, Арстан экөөбүздүн ортобузда кандай мамиле бар экенин эчак эле билип-туюп бүтмөк. Арстан дайыма буга чалып, шашпай сүйлөшүп, менин ал-акыбалымды сурап, дайындаса, бир туугандык мамиле катары сезип жүрө берди да. Эми гана экөөбүздүн мамилебиз такыр башка экенин түшүнүп, не кыларын билбей алдастап отуруп калды. Анткени Арстанды өтө катуу сүйөт. Анысын билем. Кана эми, сага жардам бере алсам... Көкүрөгүңдү өрттөп жаткан кызганычты, жинди сонун эле түшүнүп турам, Асел. Кана эми, сага жардам бере алсам, ошол өрттү өчүрө алсам... Сен эмес, менин көкүрөгүмдөгү жалынды өчүрөргө киши жок.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
asal
2010-12-10 17:47:08
бара бара кызыкту болуп баратат кийинки саны качан чыгат эми
0
Yasmin
2010-12-10 18:05:36
chon rahmat.
0
operaledi
2010-12-10 18:36:31
Кобуроок эле жазгылачы-ы-ы, ммм, сураныч.
0
aliya-leyla
2010-12-11 09:48:36
Уфффф!!!! Дагы бир жума кутомбу?!
0
aselka
2010-12-12 14:14:57
Бир жума бир жылга тете болуп кетип жатат го.
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан