КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кыз өзүнчө толкунданып жатты. Жарыктын күйүшүн күттү. Бөлмөдө аны күтүп жаткан мырзаны көрүүгө ашыгып, оюнда түркүн образ түзүп жиберди. Табышмак болуп жаткан мырза негедир көп күттүрдү. Бир музыка толук ойнолуп бүткүчө кыз терезеге жетип сыртка көз салып туруп калды. Аңгыча музыка жайлап, маңдайында гүл көтөргөн киши өзү тарапка келе жатты. Айсара келе жаткан кишини таң калгандай карап калды, бирок артка чегинип кете алган жок. Гүлүн алды, экөө тамакка толгон столдон орун алышты.

– Айсара, Айсара, кел, тамакка кара,- деди Тимур өзүнчө сүрдөп жатканын билдирбегенге аракет кыла. Жашы кырктан ашып калганына карабай 20 жаштагы жигиттей толкунданып жатканына Тимур бир эсе таң калса, бир эсе күлкүсү келип жатты.

– Мен телефондо сиз менен сүйлөштүм беле?- жанатан унчукпай отурган кыз алгач эле ушул суроону берүү менен сөз баштады.

– Ананчы, мен болбогондо ким болсун? Сени башка киши менен сүйлөштүрүп, анан жолугушууга өзүм келет белем?- деди шарапты бокалдарга куюп жатып.

– Ммм. Мен башкача элестетип алыптырмын...- деди кыз телефондун экранына үңүлө.

– Кандай элестеттиң?- Тимур башын көтөрүп кызды карап калды.

– Эми көрбөгөн адамыңды үнүн угуп ар кандай элестете бересиң го...- кыз ыңгайсыздана түштү. Кыз маңдайында отурган кишинин жашын болжолдой баштады. “Жаш бала эмес, чоң эле киши дейин десем андай деле улуу көрүнбөйт” деп ичинен ойлонуп отурду.

– Көрүп алып маанайың түшүп калбаса эле болду кызыл китепке киргизе турган мырзаны.

– Жок, андай мааниде деле айткан жокмун. Сиз деле мени Инстаграмдан көрүп албаганыңызда бир образды элестетип алып сүйлөшмөксүз да. Туура айтамбы?

– Туура айтасың, -Тимур эпилдеп жаткан кызды карап күлдү.

– А сиз мага эмнеге анчалык кымбат белек бердиңиз? Ошончо акчаңызды коротуп койгудай мен сизге кымбатмынбы?- Айсара Тимурдун оюн билгиси келип улам суроо артынан суроо бере берди.

– Сен андан дагы кымбатына татыктуусуң. Мен сенин номур биринчи күйөрманыңмын го дейм. Катталуучуларың көбөйгөн сайын алардан сени кызганчу болдум.

Айсара унчукпай отуруп калды. “Сен мындан дагы кымбатына татыктуусуң деген сөз анын көңүлүнө учкун чачыратып койгондой болду. Мынчалык аны баалап жаткан адамдан кол шилтеп кеткиси келген жок. “Эми убактылуу эле да, бул деле мага жармашып кечке жүрө бермек беле, эртең бир сулууну көрсө аны ээрчип кетет. А мен мунун акчасын пайдаланып калсам неге болбосун?” деп ойлонду ал.

– Кеч болуп кетти го, мен кете берсем болобу?- Айсара жылмая Тимурду карады.

– Сен кимдер менен жашайсың?

– Өзүм эле, батирде турам.

– Үйдө бирөө сарсанаа болуп жаткан экен десе. Үйүңө бара бересиң да. Бүгүн мында калып эс ал. Карачы, эшикте аккан суунун шарылдаган үнү, таза аба, сыдырым жел...- Тимур терезени ачып колун жаңсап агып жаткан сууну көрсөттү.

– Сиз менен кал дейсизби?- кыз көздөрүн алайтып.

– Жок, чочулаба, өзүң каалаган бөлмөңдү аласың. Мен өзүмчө, сен өзүңчө...- Тимур жылмайды. Тимур адегенде эле кызды чочуткусу келген жок. Жөн гана ага жакындоонун, чоочунсубай тааныш болуунун аракетин көрүп жатты. Кыз жанатан суктанып жаткан табияттын коюнунда уктоо үчүн Тимурдун сунушун четке какпай мейманканада калды. Айткандай эле ага жогорку кабаттан өзүнчө бөлмө алып берип, өзү ошол бөлмөдө калды.

ххх

Карлыгач адаттагыдай жумушунда эле. Кечээ телефон номерин сурады деген киши дагы келди. Карлыгач жанында шериги жок болгондуктан буюртма алууга өзү келди.

– Чоң кыз, телефон номериңизди бербейсизби.

– Байке, мен үй-бүлөлүү келинмин. Эмне кыласыз менин номеримди?

– Жөн эле. Сиз менен сүйлөшкүм келбейт дебейсиңби, үй-бүлөм бар дебей эле.

– Буюртма бересизби же...

– Болбосо кетип каласыңбы, же эмне кыласың?- киши Карлыгачты билектен кармап өзүнө тартты.

– Эмне кылып жатасыз?- аны кармап жиберерин күтпөгөн Карлыгач чочуп кетип аны түртүп жиберди. Толмочунан келген киши артты көздөй кулап түштү. Башы батареяга урулуп сызылып кан кете баштады. Кыйкырыкты уккан аркы жактагылар чуркап келишти. Аңгыча кафенин ээси Байыш келип калды.

– Эмне болуп кетти?- Байыш канды көрүп чочулай кыйкырды.

– Могу официантың башымды жарды,- башын сүлгү менен басып турган киши Байышка башын көрсөттү. Өткөндө Карлыгачтын номерин сураган киши экенин Байыш дароо тааныды.

– Мен атайын кылган жокмун, өзү...- Карлыгач ыйлай баштады.

– Башымды жарып коюп, өзү деп мага шылтаган жатасыңбы?- киши Карлыгачка жулуна берди эле Байыш кармап калды.

– Байке, жүрүңүз, эшикке чыгып сүйлөшөлү. Поликлиникага алып барайын, аял киши менен араздашат белеңиз,- Байыш капкара көздөрүн мөлтүлдөтүп жашка толтуруп ыйлап жаткан Карлыгачты аяп кетти.

Ашпозчу аял Карлыгачты сооротуп, бетин жуудурду.

– Ме, бул сууну ичип өзүңө кел, өгүздөй болгон неме сенин ыйлаганыңа боору ооруйт беле, ыйлаба.

– Мен ага эч нерсе кылмак эмесмин. Бир аз акча кылып алайын деп иштеп жүрсөм... Эми жумушу жок калтырат окшойт.

– Байыш акылдуу бала, ал деле уруштун эмнеден чыкканын түшүнөт. Сендей жакшы кызматкерди кетирип салбайт. Эмне болуп урушуп кеттиңер?

– Номеримди сурады. Үй-бүлөм бар десем мени билектен тартып жиберди. Чочуп кетип түртүп салдым, башын жарайын деген деле эмесмин.

– Кыз көрсө кыя өткөрбөгөн неме го. Анын үстүнө чырайың ашык кылгыдай эле болуп жатпайбы. Сени карап мен деле бир тамшанып коём,- аял күлүп калды.

– Коюңузчу, сулуу деле эмесмин.

– Сулуу элесиң. Эми маанайыңды түшүрбөй ишиңди кыла бер.

ххх

Карлыгач Байыштын келишин күтүп эшик тарапты улам-улам карап коёт. Байыштан кабар жок, улам саатын карайт, жумуш күндүн бүтөрүнө аз убакыт калганын көрүп ого бетер бушайман. “Байыш менен бүгүн көрүшүп, тигил окуя боюнча бир кебин угуп бир жаңсыл болсом болмок, балким, жумуштан чыгарып салсачы” деген санааркоо болуп жатты ичинде. Кезек алмашуу болуп, Карлыгач кетүүгө камынып жаткан кезде Байыш келди.

– Эмне болду, тиги кишини эмне кылдың? Ушунча убакыт жок болгонуңа караганда...- Карлыгачтын жүзүндөгү кейиштүү абал сырттагы адамга даана көрүнүп жатты.

– Коркпоңуз, ой, башын кичине эле жарыптырсыз,- Байыш күлдү.

– Күлөсүң го, мен бул жакта керели-кечке санаадан өлдүм. Ал барып милицияга арызданып салбайбы?

– Арызданышы деле мүмкүн аныңыз, догурунган киши экен. Башын таңдырып, чай алып берип коноктоп кетирдим.

– Ий, рахмат сага. Мындай нерсе болуп кетет деп ойлогон эмесмин, кечирим сурайм. Сага жүк болгум келген эмес. Убактың дагы кетти, кетирген акчаңды айлыгымдан кармап кал. Мен ошондо иштей беремби же жумуштан...

– Кетемби дейсизби? Иштейсиз да, ал киши сизге тийишип жатканын бая күнү эле көрбөдүм беле. Ал өзүнөн көрсүн.

– Өх, ошентчи,- деди Карлыгач жеңилдей түшкөндөй. – Рахмат сага, жакшы кал,- Карлыгач коштошуп жумуштан чыгып кетти. Кафеден бир аз узай бергенде анын аркасынан бир машина ээрчий айдап жөнөдү. Карлыгач көп узабай аялдамага келип маршруттук таксиге түштү. Эми тигил унаа ал түшкөн маршруттук таксинин артынан ээрчип жөнөдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан