СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көк бөрү: Нооруз турнири 13-мартта башталат

Көк бөрү боюнча Нооруз турнири 13-21-март аралыгы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Чүчү кулак 12-март күнү саат 17:00дө кармалат.

Турнирдин алкагында 18-19-мартта АКШдан келген коноктор менен көргөзмө оюндар болот.

Кошумчалай кетсек, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Талас Бегалиев шайланды. Буга чейин федерацияны Искендер Кадыркулов жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ал эми Талас Бегалиев буга чейин федерацияда вице-президент болуп иштеп келген.

Улан Насакеев “Достукта”

Нооруз турнири жакын калганына карабай командаларда трансфердик алмашуулар орун алууда. Көп жылдардан бери “Сары-Өзөн” командасында оюн көрсөтүп келген Улан Насакеевдин “Достуктун” курамына өткөнү көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Ал эми “Достукта” ойнойт делген Жоодар Жолчу уулу “Ала-Тоо” командасына өткөнү белгилүү болду. Ошондой эле “Ала-Тоонун” курамындагы Бакай Султан уулу машыгууда жаракат алып калганына байланыштуу анын ордуна улакчы Айбек Иманалиев келди.

Дмитрий Бивол АКШнын аймагында беттеш өткөрө албай калабы?

Бокс боюнча мурунку Дүйнө чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко АКШ бийлигин WBA версиясы боюнча учурдагы Дүйнө чемпиону, орусиялык мушкер Дмитрий Биволду мексикалык Сауль Альварес менен боло турган беттеши үчүн өлкөгө киргизбөөгө чакырды.

“Украина үчүн Орусияга бүтүндөй дүйнөнүн кысым көрсөткөнү маанилүү. Азыркы тапта орусиялык спортчуларга эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салынгандай эле, бул мушкерге АКШда мушташууга тыюу салынышы керек”,- деп билдирген.

Бивол менен Альварестин беттеши 7-майда Невада штатынын Лас-Вегас шаарында өтөрү пландалган.

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол Кыргыз өлкөсүндө туулган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан