“МАШИНАМДЫ КАЙРА АЛА АЛАМБЫ?”

“МАШИНАМДЫ КАЙРА АЛА АЛАМБЫ?”

Окурмандардан келген суроолорго “Наса” юридикалык компаниясынын директору Нурбек Абдалиев жооп берет.

– Мен машинамды коңшу айылдагы бир адамга саткам. Биздин оозеки макулдашуубуз боюнча ал машинанын акчасынын жарымын берген, калганын 2 ай ичинде берип кутулмак. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөт 1 ай мурун бүтсө да ал калган акчаны бере элек. Машинанын документтери ошондо болчу. Эми ал акчаны бербесе мен машинамды кайра ала аламбы?

Таалай, 32 жашта, Талас

– Сиз машинаңызды кайра ала аласыз. Сиз арыз менен жашаган аймагыңыздагы ички иштер бөлүмүнө кайрылыңыз. Анткени мындай жоруктар алдамчылыкка кирет (Кылмыш-жаза кодекси, 209-берене). Кылмыш иши козголору менен милиция аркылуу машинаңызды алсаңыз болот. Эгер машина кокус сатылып же бир себептерден улам жок болуп кетсе сизге келтирилген зыян толугу менен өндүрүлөт.

“Мурунку жубайымдын азыркы жолдошу үйдү талашпайбы?”

– Саламатсызбы? Мен аялым менен ажырашып кеткем. Ортобуздагы 2 бала аялымда калган. 2 бөлмөлүү жер тамыбызды аялым менен балдарыма таштагам. Үй аялымдын атына катталган. Кийин аялым башка күйөөгө тийген. Ал күйөөсүнүн мурдагы аялынан 2 баласы бар. Күйөөсү өзүн жана бир баласын аялым экөө жашап жаткан үйгө каттатып койгон. Эми аялыма бир нерсе болуп кетсе бул күйөөсү баласы менен үйгө ээлик кылып талашпайбы?

Кумар, 37 жашта, Бишкек

– Мурунку жубайыңыздын азыркы жолдошу жана баласы экөө үйдү түзмө-түз талашканга акысы жок. Анткени үйдү сиздер жубайыңыз экинчи күйөөсүнө баш кошо электе алгансыздар. Бирок азыркы жолдошу мыйзамдуу мураскору катары аялы көз жумуп кетсе мураскорлук беренеси боюнча үйдүн бир бөлүгүнө ээлик кылып калат. Ошондуктан сиз мурунку аялыңызды алып, нотариуска барып үйдү балдарга мурас катары калтырганга арыз калтырып коюңуз.

“Сындырган нерселеринин акчасын бербей жатышат”

– Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү 1 бөлмөлүү батирибизге акы төлөп жашаганга 1 үй-бүлөнү киргизген элек. Эгер батирдеги эмерек же башка нерсе сынып-бүлүнсө төлөп берүү жагын сүйлөшкөнбүз. Кийин алар башка жакка көчмөк болгондо карасак балкондун эшиги, жуунуучу бөлмөнүн эшигинин туткасы сынган, коридордогу туш кагаз (обои) айрылган болуп чыкты. Биз балкондун эшиги, тутка, туш кагаздын бааларын эсептеп ушунча төлөйсүңөр десек, алар “кымбат экен, биз өзүбүз таап ордуна келтирип беребиз” деген. Учурда алар башка жакта жашап жатышат. Акчаны беришпейт же өздөрү керектүүлөрдү сатып келип бүтүрүп беришпейт. Эми эмне кылсак болот?

Алина, 42 жашта, Ош

– Эгер батирде жашап кеткендер менен сиздин кагаз жүзүндө келишимиңиз (расписка) бар болсо аны алып, сотко кайрылыңыз. Келтирилген зыяндын өлчөмүн да көрсөтүңүз. Далилдерди келтириңиз. Сот ишти карап, чечим чыгарып берет.

“Багып алган бала үчүн алимент төлөбөй коё аламбы?”

– Аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Экөөбүз жашап турган кезде балалуу болбой, анын туугандарынын биринин турмушка чыга элек төрөгөн кызынын баласын эч кимге билгизбей багып, өзүбүзгө каттатып алган элек. Жакында аялым экөөбүз ажырашканда сот балага алимент төлөйсүң деп чечим чыгарды. Мен “баланы багып алганбыз, алимент төлөбөйм” десем болбоду. Мен кантип ал балага алимент төлөбөй коё алам?

Адилет, 31 жашта, Жалал-Абад

– Баланы багып алгандан кийин мыйзам боюнча сиз атасы болуп эсептелесиз. Сот туура чечим чыгарган.

Алимент төлөбөй коюш үчүн мурунку аялыңыз баланы өз ата-энесине кайтарып бериши керек болуп калат жана бул мыйзам жагынан тастыкталган соң алимент төлөбөй коё аласыз. Болбосо бала 18 жашка чыккыча алимент төлөйсүз.

“Баласынын акчасын апасы үстөгү менен доолап жатат”

– Менин 20 жаштагы балам бирөөлөргө карыз болуп калыптыр, муну жакында эле билип жатам. Балам дос баласына карыз берип тур десе ал банктык картасын берип, “ошого түшкөн айлыгымдан алып кутулуп тур” дептир. Досу 2 иште иштегендиктен ал бир айлыгы менен жашап турмай болуптур. Бирок баламдын досунун апасы муну билип калып, үйгө келип “балаңды сотко берем, баламдын картасынан канча акча алса ошону үстөгү менен берсин” деп чыр салып жатат. Баласы кой десе болбоду. Эмне кылсам болот?

Жамал, 42 жашта, Ош

– 18 жашка толгон 2 жаран тууралуу сөз болуп жатат. Андыктан мамилени өздөрү чечет, ата-энесинин бул иште ортого түшө турган укугу жок. Балаңыз досу менен сүйлөшүлгөн боюнча канча акча алса ошону гана төлөп берет, үстөгү төлөнбөйт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан