ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 14-марттан 20-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жашооңузда бир нерсени өзгөртүү боюнча ойлонууңуз мүмкүн. Мисалы, башка жакка көчүү же турак жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү. Мындан сырткары жашооңузду кандай сценарий менен улантуу тууралуу да ойлор ээлейт. Айымдар аптада мырзалардын айткан комплименттеринен төбөсү көккө жетет. Жетекчилер кол алдында иштегендерге көңүл бөлүп, алардын ишинин жакшы жыйынтыгын белгилеп, эмгеги үчүн мактоону унутпоолору зарыл.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумушта эмгегиңиз бааланып, жетекчиңиз оюңуздагыдай сый акы төлөп берет. Тапкан кирешеңизди үнөмдүү пайдаланып канча бир бөлүгүн катып койгонуңуз оң. Сүйүү мамилесинде абайлаңыз, ашыкча сырыңызды айтпаңыз, болбосо ал адамыңыз чыккынчылык кылышы мүмкүн. Жаз айында өнөкөт оорулар козголуп, ден соолук маселеси сизди түйшүккө салышы мүмкүн. Андыктан жылуу кийинип, витаминге бай азыктарды жеңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада түгөйүңүз сизге колдоо көрсөтүп, таяныч болуп берет. Базарга же башка жактардагы жумуштарды бүтүрүүгө барганда да аны ээрчитип алсаңыз болот. Андыктан үй-бүлөңүз, жакындарыңыз менен болгон мамилени бир сыйра карап чыгууңуз зарыл. Бизнес идеясын ишке ашырууну, профессионалдык жактан өсүүнү каалагандарды ийгилик коштойт. Жалгыз бойлорду жаңы таанышуулар күтөт, бирок андан олуттуу жыйынтык күтпөгөнүңүз туура.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта өзгөчө ырахат менен аткара турган иш, милдеттердин жумасы. Акча жана байлык маселеси жаатындагы иш, пландарыңыз оңунан чыгат. Көптөр үчүн пайдалуу байланыштардын саны көбөйөт, ишкерлер жаңы бизнес өнөктөш, кардар жана инвесторлорду табышат. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз экөөңүздөрдүн ортоңуздарда уруш-талаштар орун алышы мүмкүн. Ал эми болочок жан шеригин издеп жүргөн бөйөндөр сүйүктүүсүн табат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сүйүү мамилесинде, бизнес баштоо же аны өнүктүрүүдө жакшы жыйынтыктарга жетесиз. Жылдыздар жашооңузга өзгөртүү киргизүүчү окуяларды убадалайт. Апта ортосунда ири буюм сатып алууну же чоң суммадагы акча сарптоону пландабай туруңуз. Карызга акча берүү, алуу да сунушталбайт. Буга чейин бирөөгө берген убадаңызга туруп, анын айткан жумушун бүтүрүп бергенге убакыт табыңыз. Эс алуу күндөрүн иш-чарага катышуу, кызыктуу адамдар менен баарлашуу менен өткөрөсүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Идея, ой-максаттарыңыздын тизмесин жазып, четинен ишке ашыра турган убакыт келди. Алгач аракетти сиз “ишке ашырууга мүмкүн эмес” деп эсептегенден баштаңыз. Аптада досторуңуздун чөйрөсү кеңейип, сонун маанай жана жагымдуу баарлашуу тартуулайт. Документ иштерин бүтүрүүгө, билимин кеңейтип кошумча сабак, курстарга баргандарга ыңгайлуу апта болот. Дем алыш күндөрү дүкөн кыдырып, соода-сатык кылсаңыз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада буга чейин берген убадаларыңызды аткарууга аракет кылыңыз. Анткени жылдыздар сизге аларды тез жана оңой аткарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Көп иштерди бүтүрүүдө досторуңуздун кеңеши жардамга келет, туугандардын да пикирин сурасаңыз болот. Жумуш которуу же жакшы маяналуу жумушка кетүү планыңыз болсо аракетти баштаңыз. Аптада үй-бүлө ичинде келишпестиктерден улам чыр-чатак болуп кетиши мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сиз үчүн агрессивдүү жүрүм-турумдан арылуу, чыгармачыл потенциалыңызды кеңейтүү мезгили. Аптада өзүңүздүн үстүңүздөн анализ жүргүзүп, өзүңүздү башка бирөөлөр менен салыштырасыз. Көп нерсени эңсеп, каалап, пландарды курасыз. Бирок ашыкча кыялга берилип, убаракерчиликке барбаңыз. Дүйнө сиз менен бүтпөсүн түшүнүңүз. Ден соолук маселесинде көйгөй жаралбашы үчүн алдын ала дарыгердин текшерүүсүнөн өткөнүңүз оң. Жалгыз бой чаяндар сүйүүдө жолдуу болушат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сунуштаган идеяңыздын артынан жетекчиңизден мактоо сөздөрдү угасыз. Жеткен ийгиликтериңиз менен атаандаштардын санын арбытып алышыңыз мүмкүн, андыктан кесиптештер менен мамилеңизди бир калыпта кармаңыз. Шылуундардын торуна түшүп калбоо үчүн шектүү телефон чалгандардын суранычын дароо аткарбаңыз, банк картаңызга жана капчыгыңызга сак болуңуз. Айрымдар болочок түгөйү менен каржы маселесинде келишпестикке кабылат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жеке жашоого байланыштуу маселеде олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт. Апта башында унутулуп бараткан көйгөйлөрдү чечүүгө мажбур болосуз. Күтүлбөгөн жерден чоң суммадагы акчалуу болуп калышыңыз мүмкүн. Чөйрөдөгүлөр менен уруш-талашка баруудан качыңыз, айрым майда-чүйдө келишпестиктерге көңүл бурбай эле өткөрүп жиберген жакшы. Келбетине кам көрүп, диета кармагысы келгендерге аракетти баштоого убакыт келди.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Адаттагыдан тыш сезимтал жана аялуу болуп чыга келесиз. Кабыл алчу ар бир чечимиңизди жүрөк аркылуу өткөрүп, “эч кимге зыяны тийбейби, пайдасы канчалык?” деген суроолор сизди түйшөлтөт. Аптада жагымдуу сюрприздерди күтүңүз, сүйүктүүңүз романтикалык жолугушуу уюштуруп көңүлүңүздү көтөрүшү мүмкүн. Жумушта убактыңыздын көбү башка адамдар кетирген каталарды оңдоо менен өтөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Окшош күндөр сизди тажатып, күн тартибиңиз келечекке деген аракеттен, мотивациядан ажыратышы мүмкүн. Аптада үйүңүзгө жаңы буюм, жумушка керектүү нерселерди сатып алышыңыз күтүлөт. Жаңы тааныштар менен баарлашууда этият сүйлөңүз, айткандарыңыз кийин такыр башка өңүттө өзүңүзгө каршы иштеп калышы ыктымал. Жалгыздыкка умтулуп, коомдон обочо болууну каалап жатсаңыз, тынчтыкта кызыктуу китеп окуп мээ эс алдырыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1005, 11-17-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан