Тамга, ырчы: "БАРДЫК АЙЫМДАР ӨЗҮН ХАНЫША СЕЗИШИ КЕРЕК"

– Тамга, салам, жакында концерт берет экенсиң, концертиңдин аты эмнеге “Ханышанын кадамы”?

– Саламатсызбы? Командам менен бирге тандадык. Шахматка байланыштырдык, бир четинен улуу-кичүүлөрдү пайдалуу оюнга тартып, үгүттөйлү деген ой болду. Сахна ак жана кара түстө жасалгаланат. Мунун терең мааниси бар, жашообуз өзү ак жана карадан турат эмеспи. Менин чыгармаларымдан байкасаңыз, бирде Тамга жаркылдаган, жашоодо апакай из калтыргысы келген кыз. Кайсы бир ырларым менен каардуу, күчтүү образда болуп адамдын экинчи бир тарабын көрсөтүп бергенге аракет кылам. Социалдык тармактарда мага карата “кыргыз рэпинин ханышасы” деп да көп жазып калышат. Айтор, ушундай нерселерден улам бул атты тандадык.

– Өзүңдү ханыша сезесиңби?

– Ар бир айым өзүн ханыша сезиши керек. Башкалардын жашоосунда болбосо да өз жашоосунун сценарийин жаза билген күчтүү ханыша болушу керек деп ойлойм. Өзүмдүн жашоомдо, ооба, ханышамын! Өз жолумду таптым, жашоодогу ордумду билдим, эмне колумдан келет, эмне колумдан келбейт экенин билем.

– Мурунку Тамга уялчаак кыз эле, азыр мактанчаак болуп келе жатканбы...

– 2021-жылы ички дүйнөмдө төңкөрүш болду. Мурун уялчаак, тартынчаак Тамга болуп жүрүп, деңгээлим өсүп кеткенин байкабай калыптырмын. Бул нерсени кабыл алуу мага кыйын болду. Өзүмдүн бийигирээк тепкичке чыгып калганымды кабыл алып, андан ары да өсүш үчүн бир нерсе кылышым керек болду. Бул мен үчүн татаал процесс болду. “Эмнеге жашап жатам, кайда баратам? Мындан ары эмне кылам?” деген нерселерге чейин ойлондум. Мен кичинемден чоң ийгиликке жетким келчү, тырмышып жатып ошол нерсеге жетип алыптырмын. Жетип алгандан кийин да андан ары максат коюлушу керек да. Кыскасы, ичимде бурганак болуп жатып Москвага кетип калдым. Бир нерсени өзгөрткүм келди. Көп нерселерди ойлондум. Жаңы пландарды койдум, ойгондум. Келип эми жеке концертимди бергени турам.

Мактанчаак болуп калыпсың деп жатасыз, андай деле эмесмин, бирок мактана турган иштер болуп жатса эмнеге болбосун (күлүп)?.. Сонун командам мени колдоп жатат, жандуу үн менен өзгөчө концерт бергени турам. Мен аткарган ырларга бийик үн эле эмес, жан дүйнө, баатырдык да талап кылынат. Ар бир ырымда кыргыздын кайрыктарынын духун бергим келет. Бул көп кишинин колунан келбейт.

– Азамат, өзүн-өзү баалаган адамдарды сыйлайм. Жеке жашоодо жаңылык барбы, мырза, сүйүү сыяктуу?

– Азыр чыгармачылыгым менен эле болуп жатам, жигитим – концертим “Ханышанын кадамы” болуп жаткан учур. Ошону ойлоп ойгонуп жаткан кезим.

– Жигитиң кандай болушу керек?

– Ханышага татыктуу хан болушу керек (күлүп). Акылдуу, өзүнүн максаты бар, эмне кылып, эмне коюш керек экенин билген адам болсо деп ойлойм. Мага окшош тырышкан, жашоону ар тараптуу карай алган, чыгармачылыгымды түшүнгөн адам болсо сонун болмок.

– Эң мыкты сапатым деп кайсы сапатыңды айта аласың?

– Күчтүү жагым – өзүмө өзүм ишенгеним. Башка эч кимге ишенбешим мүмкүн, бирок “Тамга жасайт” деп ишенем. Кайра мактанып кеттимби (күлүп). Чын эле кичинемден өзүмө ишенүү бар, балким, төрөлгөндөн бери. Анткени апам “төрөлгөндөн бери эле өзүң каалаганыңды кыласың, кылдырасың” деп айтат. Мисалы, апам мага күрмө сатып берсе, ал мага жакпай калса, апамдын көзүнчө кийип туруп, ал кеткенде чечип кетип калчумун. Сыртта кар уруп жатса да ошентчү элем. Бул сапаттын зыяны да, пайдасы да бар.

– Жаман сапатың...

– Жалкоолук бар.

– Ырчылар той менен байып жатышпайбы, сенин киреше булагың?

– Ырчылар “күндө тойго барам” деп мактана беришет го, бизде андай эмес.Чын дилден жакшы көрүп, сыйлап чакыргандар болот, аларга барабыз.

– Машинам жок деп калдың...

– Максатым – чыгармачылыктан акча топтоп калуу эмес. Командабызда да андай максат койгон адам жок. Акча топтоюн десек, анда такыр башкача форматтагы, сатылчу ырларды ырдамакпыз. Кыргыз музыкасын башка эл да уксун, бааласын дейбиз, кыргыз музыкасына башкача стиль киргизсек деген тилегибиз бар. Бул жаатта чоң салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Эмнеге биз ырларды англис, түрк, орус тилинде угуп жатабыз да, алар биздин ырларыбызды укпашы керек? Азыр жакшы жыйынтыктар бар, кыргыз ырларын чет элдиктер угуп жатышат.

– 24 жаштагы кыз ушундай ойлонобу, ээ? Бул жашта сүйүү-күйүү, жакшы күйөөгө тийсем, заңгыраган үйдө жашасам, жакшы машине минсем деп ойлонушат го дегем...

– Айым катары комфорт мен үчүн маанилүү. Бирок бардык нерсенин баасы мен үчүн акча эмес. Каражатым көп болсо деле ушундай эле кийинип, балким, машинесиз жүрүшүм мүмкүн.

– Мынча ким реалист кылып тарбиялады?

– Апам, чоң энем, көп жерден көчө тарбиялады. Көчө таптап эле жүрчүмүн.

– Ырчылыктан башка эмне менен алексиң?

– Спортко кызыгам, бийлейм. Ырчы болбосом, сөзсүз спортчу болмокмун. Тикмечилик кылам. Психологияга кызыгам. Азыр экинчи билимди алып жатам, БААУда психология факультетинде биринчи курста окуйм. Психология эң биринчи кезекте өзүмө керек болду. Өзүмдү алгач түшүнүп алып, кийин, балким, элдерге жардам берем.

– Бир туугандарыңдан сен улуусусуң, билишимче. Адатта улуу балдар өтө жоопкерчиликтүү болуп калышат эмеспи. Сенде да ушул нерсе барбы?

– Төрт бир тууганбыз, мен улуусумун. Ортолорубуздагы жаш айырмачылык аз болгон үчүн кичинебизде урушуп кетчүбүз, чоңойгондо ынтымактуу болуп калдык. Азыр өтө жакынбыз. Улуусу болуп ал жасай турган ишти өз моюнуңа алып жасай бербей, өз эркине коюш керек экенин билдим. Алардын потенциалын өлтүрүп алышым мүмкүн деп азыр четтеп калдым. Мен болгону үлгү болушум керек, калганы өздөрүнүн колунда. Албетте, ар дайым коргойм, колдойм, кеңеш айтам. Анткени алар мага атамдын аманаты деп билем. Бирок думуктуруп эле коргой бербейм деп чечтим.

– Маегиңе рахмат, концертиң жакшы өтсүн!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан