АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК

Бала багуучулардын үлгүсүнө айланган Анастасия Заворотнюкту кимдер тааныбасын?! Настянын сериалга тартылганга чейинки жана кийинки тагдыры тууралуу кабарыңыз барбы? Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санынан бул суроого жооп алууга шашылыңыз.

КИЧИНЕКЕЙ ЖАРДАМЧЫ
Анастасия Заворотнюк 1973-жылдын 3-апрелинде Астраханда чыгармачыл адамдардын үйбүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Юрий Андреевич телережиссёр, ал эми энеси Валентина Борисовна театр адамы болгон. Настя кичинекей чагында эле “актриса” деген сөздү так айта албаганына карабай кийинки турмушу тууралуу ойлонуп, болочокто белгилүү актриса болууну чечкен. Апасы театрда иштегендиктен, балалыгы сахна көшөгө­сү­нүн артында өттү десе болот. Өзү беш жашар кичинекей кыз болсо да, спектаклдердин баарын жатка билчү. Алтургай кайсы артист кайсы жерден эмнени айтуу керек экендигин да алдын-ала билчү экен. Кээде актёрлор сөзүн унутуп калышса, сахнанын түбүнө туруп алып аларга жардамдашып шыбырап, сценарийдеги сөздөрдү айтып турчу. Настяны бул жоругу үчүн “жолтоо болосуң” деп театрдын сыртына чыгарып салганына карабай кайра кирип алып, кээде сахнада жүрүп жаткан спектаклди да бузуп, үзүндүгө дуушар кылчу эле.
Кийинчерээк мектепте окуп жүргөн учурда ыр-бийге кызыгып, ийримдерге да катышчу.

ЖАҢЫЛЫШ ТАНДОО
Астрахань шаарындагы №37-мектепти аяктагандан кийин апасынын кеңеши боюнча ошол эле шаардын педагогикалык институтутунун тарых факультетине тапшырат. Бир жылга жетпеген убакыт билим алгандан кийин мындай чөй­рө­нүн адамы эмес экенине көзү жеткен жана бул жерде башка бирөөнүн ордун ээлеп, өзүнүн кесиптик орду бош турганын түшүнүп, бул окуу жайдан биротоло кол үзүүгө баш байлайт. Настянын мындай чечимин атасы да колдоп, апасына “археологиялык казып текшерүү иштери боюнча Москвага кетип жатабыз” деп искусство институтуна тапшырууга жол тартышат. Алгач ГИТИСке өтпөй калганына кайгырып, кайра Астраханга кетүүнү ойлоно баштайт. Кызынын талантына ишенген атасы МХАТты көздөй багыттаган. Жыйынтыгында, кирүү сынактарынан өтүп, Авангард Леонтьевдин курсуна кабыл алынат. 1993-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап чыккан.

КАРЬЕРАГА КАДАМ
Настянын таланттуу экени студент кезинде эле байкалып, 1991-жылы алгачкы жолу “Машенька” фильминде роль ойноп, образ жараткан. Эки жылдан кийин Аркадий Сиренконун “Лихая парочка” комедиясына катышат. Үчүнчү курста “Дон Жуан” спектаклинде ойноого чакыруу алган болсо, төртүнчү курста Владимир Машков Анастасияны өзүнүн театрына чакырып: “40 мүнөттүн ичинде сен таланттуу экениңди мага далилдей алсаң, сага чоң мүмкүнчүлүк берем”,- деген. Настя учурдан пайдаланып, эч кимге окшобогон өзгөчө­лү­гү бар актриса экенин көр­сөтө алган. Бул театр-сту­дия­да Настя 10 жыл толугу менен эмгектенип, ошол убакыт аралыгында 29 спектаклде роль ойноого жетишет.

ҮЙБҮЛӨ КҮТҮҮ
Анастасия Заворотнюктун биринчи күйөөсү немис улутунан болгон. Бир көрүп эле сүйүүгө кабылганын айтып, Настянын артынан үч күн калбай ээрчип, “сиз королевасыз” деген сөзүн миң ирет кайталаган. Ал эми төртүнчү күнү баш кошуу сунушун киргизип, Анастасиянын макулдугун алат. Көп узабай Настя театрдагы жумушун да таштап, Германияга сапар тарткан эле. Тилекке каршы, кайрадан эле жаш жубайлардын турмуш жолу эки айрылып, Настя күйөөсүнүн кызганчаактыгына жана орой мамилелерине туруштук бере албай, мекенине баса берген.
Жашоосунда дагы бир сүйүү отуна кабылуусуна Жаңы Жыл тосуу мааракеси себепкер болгон экен. Жакындарына жаңы жылдык белек сатып алуу максатында дүкөнгө барып, бир топ сувенир сатып алган. Мындай учурда автоунаанын зарылдыгы чоң эмеспи. Жол жээгинде турган сулуу жүздүү актрисага бул жолу жардам берүү үчүн чет элдик маркадагы машина келип токтогон. Мындай жардамга муктаж болуп турган Настя эч каршылык көрсөт­пөстөн, тез эле машинага отуруп алат. Жолдон экөө таанышып, кийинки жолугушуу тууралуу макулдашышат. Дмитрий аттуу жигиттин жанына жакын адамы болоорун алдын-ала сезгендей болгону менен анын үйбүлөсү жана бир кызы бар экендиги чоң маселеге айланган. (Дима ошол кезде эле жеке ишкер болчу, учурда “Тойота-Вешняки” техникалык борборунун башкы директору). Ал күнү көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирүү максатында Дмитрийди үйбүлөсү менен театрга чакырган. Ушундан кийин Дима үч күн катары менен Настянын жеке айдоочусу катары кызмат көрсөт­көн. Эң кызыктуусу, Настянын тагдырына ушундай адамдарды жазганбы, айтор, мурунку немис күйөөсүндөй болуп төртүнчү жолку жолугушууда түбөлүк­түү жары болуусун өтүнүп, Настянын колун сураган. “Дима да өтө чечкиндүү адам болгондуктан, экөөбүздүн тең башыбыз бош болбогонуна карабай мындай чечимге болгону төрт күндүн ичинде эле келгенбиз. Керек болсо ата-энебизге билдирбестен, баш кошконубузду экөөбүз эле жөнөкөй майрамдап койгонбуз”,- дейт бул тууралуу актриса. Бир аз убакыттын өтүшү менен Аня аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар бир орунда отура берүүнү жактырышпагандыктан, кызынын төрөлүшү менен ишкердүүлүктүн жолуна түшүп, Америкага сапар тартышат. Ал жакта үч жыл толугу менен жашашат. Ал эми кез-кези менен Москвага келгенде сахнага чыгып спектаклдерде ойноп калгандыктан, өзүнүн ыйык кесибин биротоло таштаган эмес. Жүрөгүндөгү оргуп турган талантынын баркын көтөрүүнү чечип, “Американын майрам шаары” атка конгон Лос-Анжелести да сүйгөнүнө карабай Россияга кайтып келет. Лос-Анжелесте жүргөндө жубайлар Майкл аттуу уулдуу болушкан. Учурда баласы Миша менен кызы Аня британиялык жеке менчик мектепте билим алышууда.

«МОЯ ПРЕКРАСНАЯ НЯНЯ»
Бул сериалга тартылуу сунушу түшкөн учурда Настя Анапа курортунда балдары менен эс алууда жүргөн эле. Телефондук сүйлөшүүдөн кийин дароо эле Москвага жол тартат. Ал эми кастинг тууралуу билген да эмес. Сынак өтүп жаткан жерге келгенде гана Настядан мурда бул ролго 1,5 миң киши ат салышканынан кабар алган.
Сериалга тартылуу Анастасиянын жеке жашоосуна бир канча өзгөрүүлөрдү алып келди. Таң аткандан күн батканга чейин тасмага тартылуулар. Үйдөгү жумуштарга, балдарына убактысы артпагандыктан, бала багуучунун ролун жаратам деп өзүнүн балдарына бала багуучу жалдоого туура келген. Ал эми “сериалдагы Виктория менен чыныгы Анастасиянын айырмасы барбы?” деген суроого Настя: “Таптакыр башкача адамдарбыз”,- деп жооп берет. “Моя прекрасная няня” сериалына тартылуу Настянын гардеробуна да өзгөртүүлөрдү киргизди. Эгерде мурда кара түстөгү денесин толук жапкан кийимдерди кийген болсо, эми кыска жана алыстан көз чакырган ачык түстөгү кийимдерди кие баштады. Ошондой эле көптөгөн комплекстерден арылды десе болчудай.

БУЛАРДАН ТЫШКАРЫ...
Сериалга тартылуу Настяны сүйүктүү театрынан чыгуусуна алып келди. Азыр бир гана “Все как у людей” спектаклинде ойнойт. Андан тышкары, алпаруучулук жагдайы да бар. 2005-жылы Киев шаарында өтүүчү “Хорошие песни” берүүсүн Александр Цекало менен биргеликте алып барчу. Жергиликтүү каналдардын биринде “Кухня для чайников” кулинардык берүүсүнүн да телеалпаруучусу болгон. Бул жакка болсо алгач жөн гана конок катары келип тартылган эле. Берүүнүн жетекчилиги Настянын талантына ашык болуп, чогуу иштешүүнү сунуш кылган. Жогоруда айтылгандардан тышкары Настя Киевдеги “Взрослое радио” толкунунда “Радионяня” берүүсүн алып барат. Бул берүү тамашалуу болгондуктан, Настя «кантип тумар тандоо керек?», «балага ат коюуда эмнелерди эске алуу зарыл?» деген сыяктуу суроолор жана элдик медицина боюнча кеңештерди чеберчилик менен күлкүлүү кылып элге жеткирет.
Аткарган иштеринин акыбети кайтып, 2005-жылы 18-ноябрда эң мыкты роль жаратуучулугу үчүн “ТЭФИ” сыйлыгын алган.

КЫЗГАНЧААК КҮЙӨӨЛӨР
Анастасиянын маңдайына жазган тагдыры ушундайбы, айтор, күйөөлөрүнүн кызганчаактыгы турмушунда ар кандай маселелердин жаралуусуна алып келүүдө. “Моя прекрасная няня” сериалынан кийин пикир келишпестиктердин жана кызганычтын айынан жолдошу Дмитрий Стрюков менен ажырашып кетишкен эле. Мунун себеби кинодогу дагы бир баш каарман Сергей Жигунов менен аткарган сюжеттер болгон. Мүлк бөлүшүүдөн Настяга бир миллион доллардын тегерегиндеги акча тийген жана бул акчага Москванын белгилүү райондорунун биринен үч бөлмөлүү квартира сатып алган. Андан тышкары, белек катары Дима Настяга “Мерседес” маркасындагы машина калтырган экен.
Заворотнюктун турмушундагы дагы бир кызганчаак жакын адамы – белгилүү актёр Сергей Жигунов. “Сергей менен Настя кинотасмага тартылуу учурунда эле жакын мамиледе боло башташкан” деген сөздөр да бар. Бирок, бул кылыктарын эч моюндарына алышпай: “Биз жөн гана камера алдында өз кесибибиз менен алектенип келебиз”,- деп танып, үйбүлөлөрүнөн жашырып келишкен эле. Убакыттын өтүшү менен Настя мурунку жолдошу Дима менен ажырашкандан кийин экөөнүн мамилелери ачыкка чыга баштаган. Аларга далил катары “Две звёзды” теледолбооруна ээрчишип келишип, ээрчишип кетишкендерине баары эле күбө. Алтургай Настя Дима менен урушуп кеткенде жардамга биринчи эле Сергейди чакырган. Сергей келе албай калгандыгы үчүн Настя бир топ убакытка чейин таарынып да жүргөн болчу. Экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилесинин бар экенин Домбайга чогуу барып келгендери да далилдейт. Бирок, акыркы убактарда сүйүшкөндөр бири-бирине таарынып жүрүшөт. “Моя прекрасная няня” сериалы аяктагандан кийин Сергей Настя менен дагы да чогуу болуу максатында жаңы тартылып жаткан “Код апокалипсиса” киносуна чакырат. Кийинчерээк Сергей бул фильмдин продюсерлигинен көп акча сарптагандыгы үчүн четтетилген. Ага карабастан күнүнө бир канча жолу телефон чалып, Настядан дайыма кабар алып турчу. Фильмдин режиссёрлору: “Мындай кылыгың менен ишке тоскоол болуп жатасың”,- деп телефон чалууга да тыюу салышкан эле. Мындан тышкары, бул тасмада Настя биринчи ирет жылаңач денесин көргөзүп, Оскар Кучера менен сүйүү сюжетин аткарган. Муну көргөн Сергейдин кызганыч оту жанып, андан бетер кыжырданууда. Анткени, Жигунов бул фильмге продюсерлик кылып турган учурда мындай сюжет киргизилген эмес эле.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан