ТАРТКАН СҮРӨТҮНӨ КАРАП МҮНӨЗҮН БИЛ

Көпчүлүк телефон менен сүйлөшүп жатканда, чогулушта же конференцияда отурганда кагазга түрдүү сүрөттөрдү тартат, же кол коё берет, же тамгаларды чиймелейт. Бирок бул абал өздөрүнө билинбейт. Психологдордун айтымында, мындай убакта адам бир саамга сырткы дүйнө менен байланышты жоготуп коёт. Адамдын жан дүйнөсүндөгү абал ошол ойлонбой тартылган сүрөттөрдө чагылдырылат. Башкача айтканда, кагазга түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр ал адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү боло алат. Профайлер-криминалист, адамдын эмоциясы жана мимикасы боюнча адис Арсланбек Камчыбеков тартылган сүрөттөр боюнча адамдын психологиялык портретин түзүп берди.

Кол коюп, аты-фамилиясын жаза бергендер

Мындай адамдар өзүмчүл жана текебер болушат. Көз көрүнгөн жерге эле аты-фамилиясын жаза берсе “мен” деп өзүн-өзү көрсөтүүгө басым жасаганы. Булар көбүнчө өзүнүн керт башын башкалардан жогору койгондор, истерикалык психотипке киришет.

Гүл, дарактын сүрөтүн тарта бергендер

Мындай сүрөттөрдү тарткан адамдар адатта боорукер жана жумшак болушат. Эмоционалдуу, бирөө үчүн курмандыкка бара алышат. Гүлдөрдүн көптүгү адамда достуктун, көңүл буруунун жана назиктиктин жоктугунан кабар берет. Ар кандай гүлдөрдү тарткан адам бул жакшы мүнөзгө ээ, башка адамдарга жардам бергенди жакшы көргөн сезимтал инсан.

Дарактарды тарткандар

Ичке жана жылаңач бутактуу дарактарды адатта өзүн жоготуп таба албай жүргөн, депрессиядагы адамдар тартат. Бир нерседен тынчсызданып, шектенип жатса да ушундай дарактарды тартышы мүмкүн. Эгерде дарактын тулкусун жана бутагын калың кылып тартса анда бул анын энергияга бай жана оптимист экенинен кабар берет. Ал адамдарды учурда эч нерсе тынчсыздандырбайт.

Адамдарды жана алардын жүзүн тарта бергендер

Адамдардын жүзүн тарта бергендер жан дүйнөсү кенен инсандардын мүнөзүн чагылдырат. Мындай адамдар өзгөрүлмө мүнөзгө ээ, маанайы бат кубулуп өзгөрүп турат. Эгерде адам ыплас жүздөрдү коркунучтуу кылып тартса, анда ал учурда бир нерсеге нааразы же бирөөгө таарынып жүрөт.

Беткап, клоун, куурчак, роботторду тарта бергендер

Беткапты адатта түнт, жашыруун жана этият жүргөн адамдар тартышат. Булар көбүнчө шизоиддик психотипте болушат (шизофрениянын айрым белгилерин алып жүрүшөт). Ал эми клоундун же күлкүлүү беткаптын сүрөтүн тарткандар ойдон чыгарылган образдын артына жашынып, кандайдыр бир кемчиликти жашырууга болгон каалоосун көрсөтүп турат. Тартылган куурчак же робот башкалардын ашыкча көзөмөлүн жана алар тарабынан мүмкүн болуучу кысымды билдирет.

Сандарды жазгандар

Адатта мындай адамдарды көбүнчө материалдык баалуулуктар кызыктырат. Киреше табуунун жаңы жолдорун же болбосо карызын кантип кутулууну ойлонуп жаткандар.

Геометриялык фигуралар

Ромб, үч бурчтук, төрт бурчтук сыяктуу геометриялык фигураларды тарткан адамдын максаты дайыма ачык болот. Өз оюн ачык айтып, душманына тике карагандар. Мындай типтеги адамдар практикалык ой жүгүртүүгө ээ, ошондуктан жетекчилик кызматтарды ээлей алышат. Тегерек, үч бурчтук, төрт бурчтук жана башка фигураларды чийгендер логикалык ой жүгүртүүсү мыкты, лидерликке жөндөмдүүлүгүн билдирет. Эгерде фигураларга көлөкө түшсө же оймо-чиймелер менен кооздолсо бул автордун өз ишмердүүлүгүн уюштура жана кылдат пландаштыра билүү жөндөмүн көрсөтөт.

Жылдыздар

Жылдыз – үмүттүн жана оптимизмдин символу. Жылдыздарды көбүнчө кыйынчылыктан коркпогон оптимисттер тартат. Алар кыйынчылыктарды тез жеңүүгө, кандай кырдаал болбосун багынбаганга аракет кылышат. Ошондой эле көңүл бурууга суусап, башкалардын көңүлүн өзүнө бурганга аракет кылышат.

Үйлөр

Үйлөрдү өзүнө ишенген адамдар тартышат. Алар үчүн баары иреттүү, жайлуу, тартип менен болушу керек.

Жаныбарлар, балыктар, канаттуулар

Жаныбарлардын жана балыктардын сүрөттөрүн тамашакөй, келечегине ишенген оптимист адамдар тартышат. Канаттуулардын сүрөттөрүн тартуу бир аз жеңил ойлуу адамдарга мүнөздүү.

Оюндардын сүрөттөрү

Ар кандай оюндардын, мисалы, футбол, бокс же компьютердик оюндардын каармандарын тарта берген адамдар атаандаштыкка туруктуу, оптимисттер.

Кресттер

Мындай сүрөттөрдү көбүнчө өзүн күнөөлүү сезгендер тартышат. Убаданы аткарбоо, бирөөгө орой мамиле кылуу, башкалардын жемелөөсү өзүңүздү күнөөлүү сездириши мүмкүн.

Шахмат тактасы

Шахмат талаасын тарта бергендер адатта кайсы бир абалга түйшөлүп жаткандар. Кыйын кырдаалга туш болуп, шахматчы сыяктуу бир тактиканы жана стратегияны иштеп чыгуу менен бардык маселени чечүүнү каалагандар.

Ноталарды тартып, көп чекит коё бергендер

Мындай сүрөттөрдүн автору жакшы табитке ээ. Анын эстетикалык ырахатка көбүрөөк басым жасаарын билсек болот.

Жүрөкчө

Жүрөкчө тарта бергендер алар талашсыз романтик, сезимтал адамдар. Чыныгы сүйүүнү каалашат, издешет, балким, бирөөнү катуу сүйүп жүргөнүнөн кабар берет.

Оймо-чийме, симметриялык сүрөттөр

Буларды көбүнчө жашоосу бир нукка түшүп, бир калыптагы жашоосунан тажап калган адамдар тартат. Бул сүрөт менен алар жашоосунда бир нерсени өзгөрткүсү келип жаткандагысын билдирет.

Спиралдар, торчолор

Спиралдар көйгөйүн чечүүгө ынтызар болгон адамдардан кабар берет. Ал эми торчолорду тарта бергендер ал адамдын оор жагдайга кептелгенинен кабар берет. Мындай адамдар көпкө кек сактайт, жеке комплекстеринен жабыркайт.

Жебе

Жебенин учу ылдый жакты карап тартылса адам өзүнө, “мен” деген инсандыгына көбүрөөк басым жасайт. Жебенин учу өйдө караса анда ал башка адамдардын пикирин укканды жакшы көрөт. Сол тарапка багытталган жебе өтмүшү менен жашагандыгынан, оң тарапка багытталган жебе адамдын келечек жөнүндө ойлорунан кабар берет.

Көздөр

Көз тарткан адамдардын байкоочулук жөндөмү жогору. Ал эми көздөр ар кайсы бурчту карап жаткан болсо бул адам өзүн-өзү тереңдеп изилдеп жаткан болот.

Күн, булут

Буларды тарткандар табиятынан кыялкеч адамдар болушат. Шайыр, оптимист, достукка жана адамдар менен тил табышууга жөндөмдүү болушат.

Зигзаг

Адатта булар чыгармачыл, креативдүү, стандарттан тыш ойлонгон адамдар болушат. Идеяга бай, идеянын генератору десек болот.

Жазган текстин тегеректей бергендер

Өзүнө басым жасаган, бардык нерсеге үстөмдүк кылгысы келген адамдар. Элдин көңүл борборунда болууну каалайт. Жумшак деп айтуу кыйын чыр-чатакка жакын, кылдат, этият анан да перфекционист болушат.

Суроо белгисин коё бергендер

Мындай адамдар тынымсыз маалыматка ээ болуп, тактыкты талап кылат, өтө кылдат ой жүгүртүүгө жакын инсан.

Унаалардын түрү

Кагазга унааларды тарта берген адамдар бир нерседен алыс болгусу келип же бир максатка жеткиси келгендер. Тартылган унаанын маркасы канчалык ылдам жүрө турган болсо, адам ошончолук ылдамдыкта иштейт.

Дарыя

Суунун агымы солдон оңго агып жатса келечекке умтулуу, оңдон солго агып жатса өткөн чагында көп бүтпөй калган иштери калган. Суунун агымы түз болсо так максаттарды коюп ага жете билген адам.

Дүйнөлүк тажрыйбада

Израилде, Францияда жана АКШнын кээ бир штаттарында компаниялардын 70 пайыздан ашыгы эсепчилерди, жогорку кызматка адистерди ишке алууда тажрыйбалуу графологдорду жалдашат. Алар адамдын негизги мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн жана анын дараметин кол жазмасы менен гана эмес, сүйлөшүү учурунда кагаз бетине түшүргөн сүрөт, чиймелери менен да аныкташат. Анткени алардын тарткан “сүрөттөрү” башкалардан жашырууга аракет кылган ички абалын билдирип коёт. Ар бир ой кыймыл менен бүтөт. Демек, коркуу, каалоо, сезим, эмоциялар ичте энергия түрүндө топтолуп, кагаз менен карандаш алдыбызда турганда кол ал энергияны автоматтык түрдө барактын бетине чагылдырып салат. Бул кубулуш “графикалык автоматизм” деп аталат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан