“Бунт”, “Супер келиндер”, “Кайнене” тасмаларынын жаратуучусу, актёр Сапар Сайназаров менен жубайы Диана Мусалиева биздин маек төрүбүздө. “3 жолу көрүшүп баш кошконбуз” деген жубайлар кызыктуу маек куруп беришти.
– Саламатсыздарбы? Куш келипсиздер! Сапар мырза, жакында эле “Кайнене-2” тасмаңыз жарык көрдү. Кайнене темасына токтолууңузга эмне себеп болду?
Сапар: – Саламатсыздарбы? 2018-жылы “Кайнене” тасмасын тартканбыз, ошонун уландысын тарттык. Тасманын биринчисинде кайнене жаман персонаж болсо, экинчисинде кайнене аябай жакшы болот. Эмнеге дегенде келин менен кайнененин ортосунда чечилбей келген маселелер көп. Экөө бири-бирин жамандап жатканын көп угуп, көп байкачумун. Ошол нерсени кино аркылуу бергенге аракет кылдым. Тасманын соңунда кайнене, келин өз кызынан да жакын адам болорун, а өз кызы ал башка бирөөнүн бүлөсү, ал каалаган учурда жанында боло албасын түшүнгөнүн чагылдырганбыз.
– Жакшы, сизге чыгармачылык эргүү каалайлы. Маегибиз “Жан шерик” рубрикасынын алкагында уланат. Кайненеңиздин кызы менен кандайча таанышып калдыңыз эле, ошол учурду бир эстеп бербейсизби?
– Үйлөнүш керек деген ар бир эле бойдок эркектин башындагы маселе. Үйлөнөргө келгенде эле кыз жок, турмушка чыгарга келгенде эле жигит жок болуп калат. Бул курбу кызы экөө “Супер келиндер” деген тасманын кастингине сүрөт жөнөтүшөт. Көрүп, “жакшы кыз экен” деп эске түйүп койдум, киного эмес, жеке жашоомо. Ал кино тартылып бүттү, андан кийин “Love is” деген тасманы тартып бүтүп, бошоп калдым. Үйлөнүш керек болду, Диананын сүрөтүн өзүмдүн сүрөттөрүмө кошуп сактап коюпмун. Номерин карап эле дароо чалдым. “Кастингге сүрөт жөнөттүңүз беле? Азыркы учурдагы сүрөтүңүздү көрөйүн” десем Инстаграмын жөнөттү. Карасам бүт эле видеолорунда унаа айдап, кыздар менен жыргап жүрөт. Байдын көпкөн кызы экен деп жокко чыгарып койдум. Бирок кайра эле Инстаграмдагы сүрөттөрүн көрүп жаттым.
Диана: – Кээде “каяктасың?” деп жазып койчу. Кийинчерээк күнүгө эртең менен “Кутман таңдар” келе баштады. Анан бат-баттан жазышып, чалышып сүйлөшө баштадык.
С.: – Кичинеден жазышып отуруп кантип жакындашып кеткенибизди билбей калдык. Ошко баргам, ошол жактан “мага турмушка чыгасыңбы? Бишкекке барам, жолугабыз, баш кошобуз” дедим. Менин мүнөзүм ушундай, түз эле бетке айтышым керек. Бул түшүнбөй эле калды. Мүмкүн, тамаша катары кабыл алды. Мен Бишкекке келдим, 3 күн жолуктук, экөөбүз бири-бирибизге жактык. Ошко барып ата-энеме "Ысык-Көлдүн кызына үйлөнөм" десем “бул жакта кыз калбай калыптырбы?” деп башташты. Бизде мурдатан "түндүктөн же түштүктөн кыз алба, турмушка чыкпа" деген нерсе калыптанып калган го. Акыркы убакта жоюлуп бара жатат, бул жакшы көрүнүш. Кийинки муун муну такыр жокко чыгарат деп ойлойм. Ата-энеме “бир көргүлө, эгер жакпаса силер айткан кызга үйлөнөм” деп аларга сөз бердим. Апамдар Бишкекке келишти, Дианага телефон чалып үйгө алып келдим. Үйдүн оңдоп-түзөө иши жаңы бүтүп жаткан. Тазалай бергиле деп апам экөөнү таштап туруп, атамды ээрчитип кетип калдым. Кайра келсем экөө сүйлөшүп, таанышып калышыптыр. Апам Диананы жактырды.
Д.: – Ошондо апам (ред.: кайненеси) “ата-энеңди чакыр, эртең жолугабыз” деди. Үйдөгүлөр эч нерседен кабары жок эле. Андан мурун “ушундай бала менен сүйлөшүп жатам” десем, “ай, ал артисттериң зериккенде жазып коюшат, кызыкпа” деп апам урушуп койгон. "Эртең жолугушуу деп жатат" десем үйдөгүлөр нес болгон. “Ошко эмне бар?” деп башында экөө тең каршы болушту. Анан атам “чын эле жакшы көрөсүңбү, жашап кетүүгө көзүң жетеби, сен азыр жашсың” деди. “Ооба” деген жообумду угуп жолугушууга барышты.
С.: – Апам дароо ошол эле жерден Диананы алып кетем деди. Кайын журтум “ой, коё тургула” деп жатып 10 күнгө жылдырышкан. Анда карантин маалы болчу, ысырапкорчулук кылбай чакан эле той берип баш коштук.
– Үй-бүлө куруу чечимин чыгаруу үчүн 3 күн жетиштүү болот экен да, ээ?
С.: – Бардык нерсе Кудайдын каалоосу. Болбосо буга чейин канчасы менен сүйлөшпө, баары бир тыйын болуп калат экен. Экөөбүздүн бир болушубузду Кудай буюруп коюптур, 3 күн чечип койду. Ортобузда 14 жаш айырма бар. Телефондон жакшы сүйлөшүп жатканыбыз менен, жолукканда такыр сүйлөшө албай койдук. Бирок бирге болорубузду жүрөк сезип жатты.
– Анан сезимиңизди кантип билдирип, жубайыңыздын колун сурадыңыз?
С.: – Колун суроо деген иш-чаралар мен үчүн бир “понт” да. Мен мындай нерселерди, жасалмалуулукту аябай жаман көрөм. Мен сени жакшы көрөм деп сөз менен айтпай туруп эле бардык нерсени мамиледен эле билсе болот.
– Кыска аралыкта чечим чыгарууңуздарга кайсы сапаттарыңыздар түрткү болду?
Д.: – Жөнөкөй, анан "ушундай болот" деп чечип койгон чечкиндүү сапаты жаккан.
С.: – Мени жакшы билбей туруп, ата-энесинин каршы болгонуна, жашыбызда көп айырма болгонуна карабай, баарына көз жумуп макул болгонун бааладым. Мен үчүн ушундай кадамга барып жатат деп мен ого бетер аракет кылып жаттым.
– Тасма талаасында кайнене, келин темасына көп кайрыласыз, жашоодо бул жагы кандай болуп жатат?
С.: – Апамдын кайненелик кылганын ушул убакка чейин көргөн эмесмин. Мен жазган сценарийлердин апама такыр тиешеси жок. Мен аларды уккан-көргөндөрүмдөн улам жазам. Апам Диананы кызынан да жакшы көрөт.
Д.: – Апам (ред.: кайненеси) өзүмдүн апамдай эле мамиле кылат. Көп жерден мени аяйт. Ошто келиндин кызматы күчтүү го, апам мага оор жумуштарды кылдырбайт. Башында барганда өзүм туруп эшик шыпырып жүрдүм. Бир айдан кийин эле Бишкекке келдик. Кийин барганда боюмда бар болчу. Эшик шыпырып жатсам апам “сен эмне эрте туруп алдың, бар кирип укта” деген.
– Көпчүлүк аталар балалуу болгондон кийин үйгө шашып калдым дешет го. Сизде да ошондой болдубу, Сапар мырза?
Д.: – Башынан эле үй-бүлөнү биринчи кезекке коёт. Достору менен көп деле эки жакка бара бербейт. Кыздуу болгондон кийин мурдагыдан да бизге көп көңүл бурат. Зарыл жумуштары менен эле кетпесе, негизинен биздин жаныбызда.
С.: – 2017-жылга чейин мен жаштыктын доорун өтө катуу сүрдүм. Андан кийин токтолдум, жөнү жок эле эки жакка бара бербейм. Кыздуу болгондон кийин тандоо пайда болду: үйгө барыш керекпи же ишти бүтүрүш керекпи дейм. Ал ишти телефон аркылуу же эртең деле бүтүрсө болот деп кызыма, үйгө шашам. Мурунку кез болсо ал ишти ошол күнү барып бүтүрүп келмекмин да. Мурун достор, тааныштар отуруп алып кыз-уулу тууралуу айта берсе эмне эле деп жатышат дегенсип түшүнбөй карап койчумун. Балалуу болуу башкача сезим экен.
– Маегиңиздерге рахмат, сиздерге үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Динара Акимова