Кыргыздын тукуму уланып, бүгүнкү күндөргө чейин улут катары сакталып келе жатышына бешиктин чоң мааниси болгон дешет тарыхчылар. Кылымдарды карытып келе жаткан бешик тууралуу макалабызга педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов жардам берди.
ТАРЫХЫ
Бешик баланы чоңойтуп алууда көчмөндөр үчүн эң маанилүү буюм болгон. Биз көргөн бешиктин үлгүсү X-XI кылымдарда Борбор Азияда пайда болгондугу айтылат. Орто Азиядагы жана түрк элдеринин бешиги окшош болгон. Кийин ар бир улут өздөрүнө ыңгайлаштырып жасап алышкан.
КЫРГЫЗ БЕШИК
Бешик – кыргыздар үчүн көчүп-конууга ылайыктуу болгон. Көчтө бешикти баланын энеси гана өңөргөнүнүн себеби бар, ал баланы ат үстүнөн эмизип кете берет жана уйкусурап бешикти колунан чыгарып жибербейт дешкен. Кырсыктарда, ашуудан аттын буту тыйып жыгылган кезде көп балдарды бешик сактап калган. Бешик кокус эненин колунан чыгып кетсе бек байланганы үчүн ага эч нерсе болгон эмес жана “бешик энеси коргойт” деген ишеним жашаган. Сууга түшсө бешик чөккөн эмес, анткени бешик жасоодо арчаны кургатып, сырдап сууга чөкпөгөндөй жасашкан. “Ак кеме” тасмасындагы уламышта сууга ыргытылган бала аман калып, кыргыздын тукумун улаган деп айтылат эмеспи.
ЖАСАЛУУ ЫКМАСЫ
Бешик арчадан, талдан, жаңгактан, теректен жасалат, эң сапаттуусу арча бешик. Хан тукумдарынын балдары алтын, күмүш жалатылган бешикке жатышканы тарыхта айтылып келет. Бала туулгандан кийин таята-таенеси, тайлары бешик даярдайт. Бешик менен кошо ага керектүү жабдуулары кошо берилет.
БЕШИК ТОЙ
Кыргыздар жаңы төрөлгөн баланы киндиги түшүп, 7 күн өтүп-өтпөй бешикке салышкан. Бешикке бөлөө озуйпасы чоң энеси жана таенесине, же алардын ордун баса турган көп төрөгөн аялдарга берилет. Бешикти “Бешик энеси, бек карма, Умай энеси, уйку бер” деп аластап, шимекти сары май менен майлашат. Бөлөп жаткан энеге чарчы формадагы боорсок тиштетип коюшкан. Ал сүйлөбөй, ичинен тилектерин айтып бөлөйт. Ошондо бала жоош болот. Ал эми боорсоктун мындай формасы көбөйүүнү түшүндүрөт. Куру бешиктин ичине койдун оң жана сол чүкөлөрүнөн бирден салып, анын баш жагын өйдө кылып, «оң, оң» деп акырын көтөргөндө чүкөлөр шагырап барып күлтүккө түшөт. «Оң болсун» дегени баланын келечеги, жолу дайыма ачык, оң жагынан болсун деген тилектен улам айтылат. Оң жана сол чүкө салганы – сөзү, өзү оңго-солго өтүмдүү болсун дегени. Баланы бөлөп бүткөндөн кийин баланын апасы бешикти алып колуна кармап ыраазычылык билдирип биринчи төрдү карап, анан эки капталын карап үч жолу жүгүнөт. Бешикке салган күнүн бешик той деп белгилешкен.
БЕШИК ТУУРАЛУУ ЖӨРӨЛГӨЛӨР
• Бешик кыз баланыкы болсо үкүнүн канаты, мончок-шуру тагылган, уул баланыкы болсо чүкө тагылган.
• Баланы бешикке дайыма оң тарабынан бөлөш керек.
• Бешиктеги баланы жабуусуз калтырбайт, кечинде сыртка көтөрүп чыкпайт.
• Бешикти аттабайт.
• Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт.
• Бешикти бут менен терметпейт, жылдырбайт.
• Бешикти куру терметпейт, жамандыктын белгиси – баласыз каласың дешет.
• Бешикти сатып аларда соодалашпайт, устанын сураганын берет, уста да ашыкча баа сурабайт.
• Бешикти экөөлөп терметпейт, экөөлөп көтөрбөйт.
• Бешикке бала жатып жүргөн болсо, бирөөлөргө сатылбайт.
• Баланы бөлөп жатканда үйдө отурган бирөө сыртка чыкпашы керек, болбосо “баланын уйкусун алып кетет” деген ырым бар.
• Бешиктен баланы чечерде биринчи оң колун бошотуп коёт, уул бала чүкө менен, кыз бала үкүнүн канаты же мончоктор менен ойнойт, бул сологой болуп калбасын деген маани болгон.
• Ымыркай чоңоюп бешиктен чыкканда ороо-чулгоолорун тазалап, бөбөктү бөлөгөндөй кылып ороп койгон. Бул мындан ары да бала үзүлбөсүн деген ырым.
БЕШИК ЫРЫ
Бала эненин курсагында эле энесинин үнүн угууга жөндөмдүү болот. Жарык дүйнөгө келген алгачкы мүнөттөрдө эле өз энесинин үнүн тааный алат. Ырды уккан наристе сөзгө түшүнбөсө да көшүлүп тынч уктайт, анткени аны эң жакын энеси бешик ырын ырдоо менен өз эне тили жана музыка менен тааныштырат. Бешик ыры аркылуу наристенин көркөм сөзгө да, музыкага да болгон табити калыптанат. Эненин айткан бешик ыры менен кошо баланын дилине баатырлык, мээримдүүлүк жана башка көп нерсе сиңет дешкен. Бешик ырын жагымдуу обон, жай ыргак менен ырдоо керек. Баланын туура өсүшү жана тарбия алышы үчүн эки нерсе керек, анын бири – аста терметип туруусу, экинчиси – ошол терметүүгө кошуп музыка угузуу. Бешик ырын энелер гана эмес, кыз балдар жашынан үйрөнүп, кийин эне болгонго чейин эле ал куурчактарын жаткырууда, киринтип, ичинтүүдө, кичүү бөбөктөрүн кароодо пайдаланып келишкен.
Нуржамал Жийдебаева