САСЫК ТУМОО

Дүйнөдө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун тереңдеп кетишинен улам көз жумат. Мындай коркунучка кептөөчү сасык тумоо тууралуу маалыматтарды назарыңыздарга сунабыз.

САСЫК ТУМОО КАНДАЙЧА ЖУГАТ?
Сасык тумоонун вирусу организмге дем алуу жолдору (ооз, мурун) аркылуу кирет. Оорунун булагы болуп сасык тумоо менен ооруган адам эсептелет да, 5 (же андан көбүрөөк) күн ооруну алып жүрүүчү болуп саналат. Оорулуунун буюмдарын колдонгондо да (мисалы, идишин) вирус жугуп калышы мүмкүн.
Оорулуу чүчкүргөндө жана сүйлө­гөндө чачыраган шилекейиндеги вирустардын чоңдору жерге түшөт. Ал эми майдалары абада 4-6 саат калкып жүрө берет. Ушул аралыкта башкаларга жугуу коркунучу бар. Эгер ал майда бөлүкчөлөр бир нерселерге түшүп же жабышып калса, анда бир нече күн өлбөй жүрө алат. Демек, жугуу коркунучу күтүлөт.

ООРУНУ БАШКАЛАРГА ЖУКТУРБОО ҮЧҮН...
Эгер оорулуу чүчкүргөндө оозун колу же жүз аарчы менен жапса, анда шилекейинин тегерекке көп чачыроосунун алдын алат. Бирок колдогу вирустар колду ысык суу менен 2 сыйра самындап жуумайынча кетпей кала берет. Андыктан оорулуу адам башкалар менен кол кармашып учурашпоосу зарыл.
Колду спирт же арак менен шыбаса да вирус өлөрүн эскертебиз. Андан тышкары сөзсүз медициналык бет кап кийиши жана бирөөлөр менен өбүшпөөсү керек. Бет капты ар бир 4 саатта алмаштыруу кажет. Маска дакиден жасалса, анда 4 кабаттан турушу шарт жана ар бир 4 саатта жууп, үтүктөө зарыл. Ошондой эле оорулуу өзүнө гана тиешелүү идиштерди, төшөнчү, сүлгүнү колдонуп, башкалардыкына тийбөөсү кажет. Идиштерди колдонгондон соң кайнак суу менен жууп, жакшылап чайкоо шарт.

САСЫК ТУМООНУН БЕЛГИЛЕРИ
Оору курч башталат. Бир нече саат ичинде эле дене табы максималдуу көтөрүлүп (39-400 жана андан жогору), 3-4 күнгө чейин сакталышы мүмкүн.
Чыйрыгуу, тердөө, баш оору, көздүн жарыктан уялуусу, баш айлануу, булчуңдардын жана муундардын ооруй башташы сасык тумоонун белгилери. Оору башталгандан 2 күн аралыгында мурун бүтүү, катуу жөтөл, чүчкүрүү, көздүн кызаруусу, уйкусуздук жана шалдыроо күтүлөт.

ООРУ ТЕРЕҢДЕП КЕТСЕ...
Оору тереңдеп кетсе, пневмония, ринит, синусит, бронхит жана отит келип чыгышы мүмкүн. Мындан тышкары сасык тумоодон соң өнөкөт ооруга айланган бронхиалдык астма менен бронхит, бөйрөк оорулары курчуп кетиши ыктымал. Андыктан ооруну күчөп кетүүгө жеткирбей дарылануу кажет.

САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Сасык тумоо эпидемиясы жүрүп жаткан кезде коомдук унаанын кармагычтары вирустардын топтошкон жайына айланат. Андыктан кармагычты кармагандан соң вирус жукпашы үчүн кол менен бетти, оозду, мурунду сыйпалабоо керек. Үйгө барар менен колду 2 ирет самындап жууну унутпаңыз!
  • Эл көп жүрүүчү жерлерге баруудан качуу керек. Жана андай жерлерге балдарды да алып барбоо кажет.
  • Жыл сайын күзүндө гриппке каршы эм­дөөдөн өтүү зарыл!

СҮТ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ!

  • Сасык тумоо менен ооруганда денедеги уулар чыгышы үчүн суусундуктарды көп ичүү талапка ылайык. Бирок сүт ичүүгө болбойт. Анткени сүт денеде былжырларды көбөйтүп жибергендиктен, чимкирик менен какырыктын көбөйүшүн шарттайт.
  • Сүттүн ордуна дары чөптөрдөн чай демдеп ичиңиз. Мисалы, ромашка, жалбыз, сары чай чөптөн. Булар сезгенүүгө жана бактерияга каршы, тердетүүчү жана заара кубалоочу каражаттар. Дары чөптү термоско демдесе жакшы.
  • Каймак жана эт, ышталган жана куурулган азыктарды жегенге да болбойт! Анткени алсызданган организмге аларды сиңирүү кыйынга турат. Андан көрө суюк тамактарды ичип, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеген жакшы.
  • Аспиринди ашказанында жарасы же гастрити барлар, кан жана бөйрөк оорусунан жапа чеккендер колдонбоолору керек.

Аспирин менен кошо дан куурайдын (малина) кыямын кабыл алууга болбойт! Анткени дан куурайдын да курамында кандайдыр бир өлчөмдө аспирин болгондуктан, экөөнү тең кабыл алуу жүрөккө күч келтирет.

КЫЗЫКТУУ

  • Сасык тумоо менен ооруган адамдын шилекейинин 1 тамчысында 100 миңден 1 миллионго чейин вирустук бөлүкчөлөр болот.
  • Тажрыйбада сасык тумоо менен ооруган 1 адам учакта баратып, 4 саат ичинде жүргүнчүлөрдүн 72 пайызына ооруну жуктурганы белгилүү болгон.
  • 1918-жылы испан сасык тумоосунун айынан 50 миллионго чейин адам көз жумган.

ООРУ БАШТАЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КАЖЕТ?

  • Суусундукту көп ичүү (бал менен чай, морс ж.б).
  • Төшөктө жатуу.
  • Ден табы 38,50 өйдө көтөрүлгөндө ысытманы түшүрүүчү каражат – интерферонду жана вируска каршы дары-ремантадин, альгирем же арбидолду кабыл алуу.
  • Поливитаминдерди (же С витаминин) колдонуу.
  • Мурунга оксолин дары майын сыйпоо.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2010-12-10 18:40:13
Мен 2 кун мурун ооруп калдым.Антигриппинге аллергиям башталып,болок эмне даары ичеримди билбей,даарылардын баасы асманды башы, иши кылса айлам алты кетип атат.
0
pyeon hwa
2010-12-10 22:58:48
gripp bolgon adam dary ichse dele baary bir 1 jymadai ooryit andyktan kop esalyp jatkan jakshy. oshol dary bolot
0
Tokmok
2010-12-11 16:55:15
Menin tamagym oorup,gripdagy bolup kalyptyrmyn sut ichip jatkam,korso bolboit turbaiby. Yras jakshy jazyp koiupsunar. SuperInfo chooon rahmat..
0
Orozbek
2010-12-21 17:56:16
Каным Эже мен озум медфакта окуйм. супердин бардык санын окуйм мумкун болсо бардык санындагы денсоолук бетин топтоп китеп кылбайсыздарбы? же болбосо менин почтама жонотуп койсонуз ото чон иш болот эле. алдын ала чоон ыракмат.
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан