Түштүк Кореянын "25-21" дорамасы тууралуу кызыктар

Учурдун кызыктуу тасмалары менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет корейлердин “25-21” дорамасы тууралуу сөз кылалы дедик. Актёр Нам Жу Хёк менен актриса Ким Тэ Ри башкы ролдогу сериал жогорку рейтингди багындырган дорамалардын катарында келе жатат. Жеңил, үй-бүлө менен чогуу отуруп көрө турган тасманын таржымалын макаладан окуңуз.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Тартылган жылы: 2022-жыл

Канча серия: 16

Жанр: мелодрама, драма

Режиссёр: Чон Жи Хён

Сценарист: Квон До Ын

Башкы ролдордо: Нам Жу Хёк, Ким Тэ Ри, Ли Жу Мён, Бона, Чве Хён Ук жана б

КААТЧЫЛЫКТА ТАБЫЛГАН СҮЙҮҮ БАЯНЫ

Буга чейин “Мистер Саншайн”, “Издөө: www”, “Падыша: Түбөлүк монарх”, “Сен – менин жазымсың” сыяктуу популярдуу дорамаларга режиссёрлук кылган Чон Жи Хён кезектеги эмгегин тартуулады. “Жыйырма беш, жыйырма бир” деген кызыктуу аталышка ээ дорамада 1998-жылдан башталган окуялар баяндалат. Бул жылдары режиссёр студент болчу, Корея финансылык кризиске кабылганда канчалаган адамдардын кыялы орундалбай калган. Дүйнө жүзүн коронавирус пандемиясы каптаганда да келечекке койгон максаттар бүдөмүккө кептелди. Ошондо Чон Жи Хён алдыда кандай сыноо болбосун ак эмгек, аракет менен жеңишке жетүүгө болот деген мааниде тасма тарткысы келген.

“Жыйырма беш, жыйырма бир” дорамасында каржылык каатчылык беш адамдын жашоосун кандай өзгөрткөнү сүрөттөлөт. Биринчи жолу жолукканда Бэк И Жин 22, На Хи До 18 жашта эле. Достуктан башталган мамиле жылдар өтүп бекемделип отурат. Баш каармандардын бири 25, экинчиси 21ге чыкканда баягы достук сүйүүгө айланды. Бул убакыт аралыгында Хи До менен И Жин бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Ажырашып, кайра табышканга үлгүрүштү. Дораманын эмнеге “25-21” аталганын түшүндүңүз да, окурман?

На Хи До мектебиндеги фехтование курама командасынын мүчөсү. Келечекте атактуу спортчу болом деп жүргөндө өлкөнү каатчылык каптап, мектеп курама команданы таратып жиберет. Кыялынан баш тартпаган кыз өжөрлүгү менен улуттук курама командага кошулат. Атаандаштык, интрига коштогон спорттук карьерасында кол шилтеп басып кеткиси келген учурлар да болот. Бирок Хи До фехтование спортун, колундагы рапирасын (шпага) эч нерсеге алмаштырбайт эле. Демек, баарын жеңиши керек.

Атасынын иши банкрот болуп, кечээ эле байлардын катарында турган Бэк И Жиндин үй-бүлөсү жетишсиз жашоодо жашап калышат. Жигит окуусун таштап, атасынын карызын доолап келген адамдардан кутулуу үчүн ар түрдүү жумушта иштеши керек болот. Тагдырдын сыноосуна тизе бүккөн жигитке Хи До кезигип, аны колдогон жакын адамына айланат. Жаштардын күлкүгө, юморго, романтикага, кээде кусага кабылган кызыктуу жашоосу сериалдын өзөгүн түзөт. Жарымынан көбү экранга чыккан дорама 1-сериясынан бери жогорку рейтингди кармап, көрөрмандардын кызыгуусунан түшпөй келе жатат. Хи До менен И Жиндин сүйүү баяны эмне болуп аяктады? Аны алдыңкы серияларда чогуу көрөлү.

Бона

Сериалдагы Хи Донун башкы атаандашы Го Ю Ринин ролунда ырчы, актриса Бона. 27ге чыгам деп турган Бона шпаганы профессионалдык деңгээлде болбосо да өзүнө ишенимдүү кармап, атаандаштарына каршы чыгуу үчүн 3 эле ай короткон. “Тэ Ринин кантип даярданып жатканын көргөндө уят болбошум керек дедим. Экөөбүз машыгуу учурунда эле дуэлге чыкчубуз. Бирде ыйлап, бирде күлүп жүрүп жакын да болуп кеттик”,- дейт Бона.

Ким Тэ Ри

Шпаганы биринчи жолу кармаган актёрдук курамга бул спорт түрү боюнча алтын медалдардын ээси болгон спортчулар сабак беришкен. Тартуу иштери башталганга чейин актриса Ким Тэ Ри жарым жыл фехтованиеге барып, машыгып турган. Акыркы жолу 2018-жылы чыккан “Мистер Саншайн” сериалынан бери Тэ Ри тасмага тартыла элек эле. 3 жылдык тыныгуудан кийин актриса жаңы амплуада экранга кайтты. Режиссёр Чон Жи Хён “Тэ Ринин каармандардын эмоциясын билдирген мимикалары жагат” дейт. Экинчи жолу тасмасына чакырып жаткандан кийин чын эле жагат окшойт.

“Азыр триллер, фантастика жанрындагы тасмалар көбөйүп кетпедиби. Анан эле жөнөкөй жашоону чагылдырган сериалдын сценарийи колума тийди. Каарманым аябай ачык, активдүү, энергияга бай адам экен. Мындай образ жарата элек болчумун, аракет кылышым керек дедим”,- дейт Тэ Ри. 32 жаштагы актриса 18-21 жаштагы Хи Донун курагында көрүнүш үчүн чач жасалгасын өзгөртүп, көкүл кестирген.

Нам Жу Хёк

Буга чейин 28 жаштагы актёр Нам Жу Хёкту окуучунун, спортчунун ролунда көрүп эле жүргөнбүз. Эми ал кабарчы Бэк И Жиндин ролунда. “Жөн эле ары-бери баскан келишимдүү жигиттин ролун аткарды” деген сөзгө калбаш үчүн каарманымдын эл билбеген тараптарын ачып беришим керек эле. Атайын спорт журналисттери менен жолугуп, кайсы учурда эмнеге басым жасашым керектигин сурадым. 1998-жылдан азыркы мезгилге чейинки фехтование спортунда болгон жаңылыктарды окуп, сураштырып чыктым. Бэк И Жинди ар тараптан көрсөткөнгө аракет кылдым”,- дейт. Кызыгы ал актриса Ким Тэ Ри менен буга чейин иштешкенин унутуп калган. “Сценарийди чогуу окуганга келгенде Тэ Риге барып “сиз менен таанышканыма кубанычтамын” деп учурашып кеткем. Кийин эстесем мурда бир эмес, эки жарнамага чогуу тартылыптырбыз да. Мен да, Тэ Ри да унутуп калып, кайра таанышпадыкпы”,- деп күлөт Нам Жу Хёк.

Ли Жу Мён

Сериалдагы дагы бир кызыктуу каарман Жи Сын Вандын ролун актриса, модель Ли Жу Мёндун аткаруусунда көрүп жатабыз. 29 жаштагы актриса мектептин алдыңкы окуучусу, класстын президенти болгон кыздын образында. “Сценарийди алгач окуп баштаганда каарманым абдан тентек, орой, анча-мынчаны жактыра бербеген кыздай сезилген. Кийин байкасам ал оюн ачык айткан, чынчыл, адилеттүү адам экен”,- дейт каарманы жөнүндө Жу Мён.

Чве Хён Ук

Дорамадагы 5 башкы каармандын эң кичүүсү актёр Чве Хён Ук 20 жашта. Класстын “красавчиги”, саркеч кийинген Мун Жи Ундун образын жаратыш үчүн актёр 1990-жылдардын мода дүйнөсүн изилдеп чыккан. “Ал мезгилдин кийими, чач жасалгасы же башка эмне мода болгонун билбейм да. Андыктан издегенге туура келди. Менин каарманым баарына позитив тартуулаган адам”,- дейт актёр.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан