КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Башын жардырганына кекенип калган неме Карлыгачты жөн эле жайына койгусу келген жок. Акмалаганы да жөн эмес болчу. Бирок бала бакчадан божураган эки баласын ээрчитип чыкканын көрүп аялга жакын бара алган жок, демин басып унаасында отуруп Карлыгачты аялдамага чейин узата карап кала берди.

ххх

Мейманканадан чыгып бара жаткан Айсараны бут кийиминин такасы жерди тешип кетчүдөй тыкылдай баскан аял акырая карап ичкери кирип кетти. Анын турпатынан эле өтө чыргоо аял экени көрүнүп турат. Бул аял сулуу, жаш кыздын баарын ушундай муздак, жек көрүү менен карайт. Жакшынакай үй-бүлөлүк жашоосун дал ушул жаш, сулуу кыздар талкалап бырын-чырынын чыгаргандай сезилет. Түз эле Тимурдун бөлмөсүнө кирип барды. Бөлмөнүн иреттүү турганына таңдангандай айланта карады.

– Мхм, мейманканага жалгыз түнөй баштадың беле?- деди аял колундагы чакан сумкасынан чылымын алып жатып.

– Эмне таң атпай мени издеп?- үстүнө халатты желбегей жамынып Тимур керебеттен турду.

– Издейм да, күйөөм үйгө түнөбөй жүрсө... Үйлөр бош турат го, а сен мейманканага түнөп жүрөсүң, ойлогом бир сулууң бар го деп, көрсө, өзүң эле...- аял кытмыр жылмайып чылымын түтөтө баштады.

– Эмнеге келдиң, же менин мээмди эзгенди сагынып калдыңбы?- Тимур да чылымын тарта баштады.

– Балаңдын эсебинде акча калбай калганынан кабарың барбы? Италияга окууга болбой жатып жөнөткөн өзүң. Эми эмне өзүң каалаганыңды кыл деп таштап койдуңбу? Бир эле балаң бар го, элдикиндей бешөө болсо бир жөн жетпей жатат дегидей...

– Которгом, а сен качан кабар алдың эле Эрболдон? Андан көрө өзүмө акча керек дебейсиңби?

– Ооба, керек, мага дайыма керек. Сен муну жакшы билесиң да... Мен акча менен дем алам...

– Акча, акча дегенден башканы билбейсиң. Ме, ал,- керебетке таңылган акчаны ыргытты. – Компанияда акча жок, иши артка кетип жатат. Компанияны ойлоп койсоң боло, бул сага да, мага да эмес, балабызга кала турган нерсе, билесиң!

– Компанияны сен ойлоп жатасыңбы, өзүңдүн жыргалчылыгыңды ойлоп жүрөсүң го, урамактан урап калсын. Ар күнү ар кайсы кызга чачкан акчаңды эсепке албайсыңбы эмне?

– Жап жаагыңды. Сенде деле акча жок эмес, ижара акылардын жарымынан көбүн жыйнап алыптырсың. Ошончолук эле күйүмдүү эне болгуң келип жатса ошол акчадан Эмирге которуп койсоң өлөсүңбү?- Тимур аялына сүйлөгөнчө кийинип болду.

– Ал менин “долям”, сен ага тийишпе. Ал акчадан эч нерсе калган жок. Карыздарыма бергем.

– Ушу сенин карыздарың качан бүтөт. Каяктагы бир нерсеге илешип эле басып жүрөсүң. Сен анда ошол “доляңды” алып тынч жашай бер, бала демиш этип менин мээмди чакпай. Баладан кабар албай коё турган киши мен эмес, уктуңбу?!- чыга бериштеги күзгүгө каранып галстугун түздөдү да, эшикти тарс жаап бөлмөдөн чыгып кетти. Эрди-катын деген аты, аны далилдеген расмий нике күбөлүгүнөн башка экөөнүн мамилесинин ырыстуу эч нерсеси жок. Экөө бири-бирине урушуп туруу үчүн керектей эле ооздорунан бир жылуу сөз чыкпайт, жалгыз калды дегиче ит-мышыктай эле ырылдашып турушат.

ххх

– Карлыгач өзгөрдү, ээ? Күндөн күнгө кулпуруп эле келе жатат. "Марат кызганат" деп эле жүрчү эле го, кызганбай калган го.

– Ооба, мен да байкап жатам. Өзүн аябай каранып, койкоңдоп түрлөп кийинип калды,- көчөнүн аркы жагындагы отургучта отурган үч аялдын экөө өздөрүн көздөй келе жаткан Карлыгачты карап ал жөнүндө кеп башташты.

– Жапжаш неме жасанса жасанат да, анын үстүнө өзү иштеп жатса. Бала менен 4-5 жыл үйдө отурган деле оңойбу,- деп үчүнчү аял экөөнүн сөзүнө кошулбастан алардын демин басып койду.

– Кандайсыздар?- жакын келген Карлыгач учурашып калды. Бул жерде жакын жашаган коңшулар бири-бирин жакшы таанышат.

– Жакшы, ай. Өзүң кандайсың? Марат деле, сен деле көрүнбөйсүңөр.

– Жакшыбыз, эже. Экөөбүз тең жумушка таңда кетип, кечинде келип жатабыз.

– Мм,- шакылдаган аял Карлыгачты бутунан башына чейин сыдыра карады.

– Мейлиңиздер, мен барайын,- тиги аялдын карашынан Карлыгач ыңгайсыздана түштү.

– Муну эки бала төрөдү деп ким айтат? Буралат го, чиркин!

– Бул Маратка эмне болуп тийип калды экен?

– Экөөңө ар кимди эле сөз кылдырып койсо. Болдугула эми, жаныңардан карыш узай электе баштаганыңар эмнеңер?- толмочунан келген аял экөөнү тыя отургучтан туруп үйүн көздөй басты.

ххх

– Марат, мен жумуштан башка жакка которулдум,- деди Карлыгач кечинде чогуу отурганда.

– Которулдум?!

– Ооба, эмне алаясың?

– Каякка?

– Мен иштеп жаткан кафенин башка филиалы ачылды. Шефибиз мени ошол жакка которду.

– Аа,- деди көңүл кош.

– Бирок мен ал жакта официант болбойм.

– Анан ким болосуң? Шефпи?- деп күлдү күйөөсү көзүн телефондон албай.

– Жарым шеф,- деп койду. Күйөөсүнүн телефондон баш көтөрбөй отурганына кыжырдана.

– Эмне, эмне?

– Ой, администратор болуп барам.

– Бат эле администратор кылып салгыдай шефиңе эмне кылып жибердиң?

– Ой, баштабачы... Эмне кылып жибермек элем. Өзү эле сунуштады. Бала бакчага жакын экен деп макул болдум,- деп Карлыгач сүйүнүчүнө суу чачкандай сумсая оозгу бөлмөгө чыгып кетти. “Сөзсүз ушинтиш керек беле, мени менен чогуу сүйүнүп койсо эмне болот? Мен дагы кубанычымды муну менен бөлүшүп коём, айтпай деле койсом болмок экен...” Тамакты аралаштырып жатып Карлыгач күйөөсүнө жини келди.

ххх

Тимур басса-турса көз алдына Айсара тартылат. Анын мөлтүрөгөн көздөрүн эстегенде жан дүйнөсү жай ала түшкөнсүйт. Өзүнчө жылмайып алат. Бүгүн таңды аялынын уу тили менен баштаган неме керели-кечке ачуулуу жүргөн. Азыр гана Айсарасын эстеп тынч ала түшкөн чагы. Телефон чалып Айсараны жолугушууга чакырды.

– Машина кетти, 15 мүнөттө үйүңдүн жанында болот,- деди Тимур.

Башка жигиттер жолугуу үчүн күндө жазып жүрүп көндүрүшөт. Тимур болсо кыздын уруксатын да алган жок, жолугарын өзү эле чечип койду. Айсарага анын ою менен болуп эзилген мырзалар жакчу эмес, баарын өзү чечип койгон Тимурдун бул мүнөзү ага жакты. 15 мүнөттөн кийин үйдүн алдына Майбах келип токтоду, Айсара кыялдана ага отурду. Зуулдаган унаа бир заматта заңгыраган особняктын алдына келип токтоду. Тимур кызды тосуп алып, жигиттерин кетирип жиберди.

– Кел, үйгө кир, бүгүн бул үйдүн коногу сенсиң,- Тимур Айсараны белинен кармап үйдү көздөй ээрчите басты.

– Бул жакта...

– Бул жакта эч ким жашабайт,- деп Тимур кыздын оюн окугандай айта салды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан