СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бекназ Алмазбеков улуттук курамда ойнобой калды

Түркиянын "Галатасарай" клубунун оюнчусу Бекназ Алмазбеков футбол боюнча Кыргыз улуттук курамы менен оюнга чыкпай турган болду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти. Бекназ Алмазбековдун Түркиядагы окуу-машыгууга жана "Navruz Cup 2022" турнирине катышпай калышына "Галатасарай" клубунун футболчуну жибербей койгону себеп болду.

Белгилей кетсек, Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу чоңдор арасындагы улуттук курамга чакырылган.

Боксчулар ийгиликтүү кайтышты

Бокс боюнча кыргыз курама командасы 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданиянын Амман шаарында өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунан 13 медаль менен кайтышты.

Өспүрүмдөрдөн турган курама командадан күмүш медалды Эмир Кылычбеков алса, Зафарбек Камилов, Темирхан Данияров, Рамзан Кадыров, Мухаммадазиз Закиров, Азим Чойбеков жана кыздар арасында Назбийке Абаева коло медаль тагынышты. Ал эми жаштар курама командасында Алмаз Орозбеков алтын, Бекзат Эргешов, Акжол Асылбек уулу күмүш, Санжар Теңизбеков, Арген Бактыбеков, Жоодар Сапарбеков коло медаль алышты.

Спортчуларды улук машыктыруучулар Айбек Байсаяков менен Улан Төлөнбай уулу алып барган.

Көк бөрүдө кайсы командалар лидерлик кылууда?

“Нооруз” турнири 13-мартта Чолпон-Ата шаарында старт алды. Биринчи Лигада жалпы 24 команда (“Кабылан”, “Саякбай ата”, “Бакай-Ата”, “Ак барс”, “Кыраан”, “Ысык-Ата”, “Бакубат-Талас”, “Казарман”, “Жумгал”, “Аламүдүн”, “Алай”, “Четинди”, "Ийгилик", “Ак шумкар”. “Ай тамга”, “Жети-Өгүз”, “Көк бөрү мектеби”, “Афият”, “Төш-Булак”, “Токтогул”, “Намыс”, “Жаштык”, “Чаткал”, “Ат-Башы”) катышууда. Азыркы тапта “Бакубат-Талас”, “Бакай-Ата”, "Ийгилик" командалары лидерлик кылууда. 16-мартта Жогорку Лиганын тайпалык оюндары башталып, “Ала-Тоо” командасы “Көк-Жалды” 5:0, “Достук” “Мурасты” 2:0 эсебинде утту. “Ынтымак” “Мурасты” 8:0, “Сары-Өзөн” “Көк-Жалды” 18:4 эсебинде утту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан