“ОПЕРАЦИЯГА 25 МИҢ СОМУБУЗ ЖОК ДЕСЕК, ВРАЧТАР "ТАПКАНДА КЕЛГИЛЕ" ДЕШТИ”

“42 жаштагы майып кызыбыздын өтүндө ташы бар экен, алдыралы десек врачтар 25 миң сом сурашты. Андай акчабыз жок, кызыбыз кыйналып жатат. Аялым да, мен да оорукчанмын, бир үйдө үч майып жашайбыз” дейт 72 жаштагы Эсенали Жороев. Атанын аянычтуу тагдыры жүрөк оорутту.

– Биз Ош шаарынын Южный кичи районунда көп кабаттуу үйдө турабыз. Үйдө аялым, 2 кызым жана 1 кичине неберем болуп жашайбыз.

Мен тубаса бир жамбашым чыгып төрөлгөм, 2-топтогу майыпмын. Аялым Карамат Жороева 64 жашта, кант диабети, жогорку кан басым жана башка да оорулары бар. 2-топтогу майып, дарысыз жашай албайт, бир ичкенде 5-7 дарыны бир ичет. Оорунун айынан бир ирет операция болгон. Көрүүсү улам начарлап баратат. Оорусуна байланыштуу дайыма төшөктө жатканга аргасыз.

Улуу кызым Махабат 42 жашта, 1-топтогу майып. 17-18 жыл мурун жол кырсыгына учураган. Ал аз келгенсип эхинококк дартына чалдыгып, боорунан операция да болду. Ошондон кийин ооруп жүрүп, 16 жыл мурун инсульт болуп бир колу, бир буту иштебей калды. Баса албайт, жамбашы менен гана жылат.

Өт баштыкчасында таш бар, аны алдыралы деп жакында ооруканага алып барсак операцияга 25 миң сом сурашты. Анча акчабыз жок экенин айтсак, “тапканда келгиле” дешти. Ооруларынын айынан кээде 2-3 күндөп тамак ичпей, ал тургай эсин жоготуп, ооруканага түшүп калып жатат. Үйдөн дары беребиз. Тамак-ашты өзү иче албайт, биз ичирип-жедиребиз.

Кичүү кызым турмушка чыгып, 1 балалуу болгон эле. Бизди карап-бакканга эч ким жок, аргасыз турмушунан ажырашып келип, бизди багып жатат. Анын тапканы коммуналдык төлөмдөргө, тамак-ашка зорго кетет.

Майыптык боюнча мен 6000, аялым 3000, кызым 2000 сом пенсия алабыз. Бул акча аялым менен кызымдын 1 айлык дарыларына жетип-жетпей калат.

Ушинтип кыйналып жашап жатабыз. Эл-журт жардам берсе кызыма операция жасатып, аялымды ооруканага жаткызып бир сыйра дарылатып, текшертип алсак жакшы болот эле. Жеке лабораторияларга анализ тапшыртат экен, аларга көп акча кетет.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: МБанк 0704 780 407

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан