Калмурат Кашкеленов, Ак-Чий айылынын тургуну: “КЕЛИНЧЕГИМДИН АСЫНЫП АЛГАНЫНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КҮНӨӨЛҮҮ”

Кочкор районундагы мугалимдин өз үйүндө асынып алган окуясы көпчүлүктүн жүрөгүн зырп эттирди. Мугалим кордолуп жаткан акыркы окуялардын эң кейиштүүсү болду окшойт. Анткени Кочкор районунун Ак-Чий айылынын Ак-Чий орто мектебинин башталгыч классынын мугалими 54 жаштагы Гүлзадат Чодонова дипломуна байланыштуу райондук прокуратурага суракка чакырылып жүргөн. Маркум мугалим экинчи жолу суракка чакырылганда 9-март күнү үйүнүн сарайында асынып каза болгон. Биз Кочкор районунун Ак-Чий айылына барып окуянын чоо-жайын териштирдик.

“АБДАН ООР ЖОГОТУУЛАРДЫ КӨТӨРГӨН КЕЛИНЧЕГИМ ЖӨН ЭЛЕ АСЫНЫП АЛБАЙТ БОЛЧУ”

– Келинчегим Гүлзадат Чодонова менен түтүн булатканыбызга 30 жыл болду. Ортобузда 4 балабыз бар, 2 кыз, 2 уул. Бир уулубуз оорудан, бир уулубуз кырсыктан каза болду. Улуу кызыбыздын жолдошу да каза болуп калган, андан калган неберени тарбиялап бул айылдагы үйдө үчөөбүз турчубуз. Жаңы үйдү жакында эле куруп бүтүрүп, оңдоп-түзөө иштерин жасап эми көчүп киребиз дегенде ушундай окуя болуп отурат. Ага чейин чоң тамдын жанындагы кепедей эки бөлмөлүү времянкада жашадык.

Гүлзадат абдан токтоо, сылык, жумушун катуу сүйгөн жан эле. Мага мыкты жар болду, жаркыраган кыздарды-балдарды төрөп берди (ыйлап). Асынып алары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кичине сабырдуулук кылып койсо болмок, жарыгым, баарын ичине каткан адам эле. Директордун жумуштан айдаганы, прокуратурага кайра-кайра суракка чакырылганы катуу тийди. Ушул адамдар аялымдын асынып алуусуна жеткирди. Болбосо андай жеңил-желпи адам эмес болчу, эки баласын жоготуп кан жутуп отурганда да оор кайгыны көтөргөн, диплому жасалма деп шектелгени үчүн асынып алмак беле? Мектеп директору менен прокуратура кызматкери психологиялык басым жасашкан деп ойлойм. Ошону көтөрө албады.

“МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КОҢГУРОО КЫЛГАНДАН 5 МҮНӨТ ӨТПӨЙ АСЫНЫП АЛДЫ”

– Окуянын башы мындай болду. 25-февралда мектептен квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын Нарын шаарына окууга жөнөтүшкөн. Келинчегим барып 1-мартка чейин окуп келди. 4-мартка чейин мектепте иштеди. 5-март күнү унаама тетик алам деп шаарга жөнөп жатсам “мен да сени менен барып келейин” деп калды. Экөөбүз базарда жүргөндө прокурор чалып суракка чакырды. Биз ошол эле күнү суракка бардык. Келинчегим чыкканда “эмне болду?” деп сурасам, “дипломумду текшерип жатышыптыр, сиздики туура эмес чыгып жатат дешти” деди. “Эми диплом жасагыдай экөөбүздүн ишкана, мекемебиз жок, туура эмес болсо так, далилин аныктап табышсын, кыжалат болбо” деп жубатып койгом. 6-март күнү мектепке барып иштеп келди. 7-8-март күнү улуу кызыбыз Түркияга иштегени кетип жаткандыктан коштошуп келели деп Токмок шаарына барганбыз. 8-март күнү айылга келдик. Мен жайытка барып мал-жанды карап келейин деп кеткем, ошондо мектеп директору жубайымды чакыртып, мажбурлап арыз жаздыртып алыптыр. 8-мартта майрамда кылып жатат бул иштин баарын. Ошол күнү мектепке кийип барган аялымдын кийиминин чөнтөгүнөн черновик арызын таптым. Байкушумду кыйнап кайра-кайра арызын жаратпай өзү каалагандай жаздырткан окшойт. Болбосо жумуштан кетейин деген такыр ою жок болчу. Аялымдын жумуштан кеткенин каза болгондон кийин уктум.

Окуя болгон 9-март күнү эртең менен туруп бизге чай берди, эжейин куттуктап классындагы балдар бир торт, суусундук көтөрүп келишиптир. Андан кийин куттуктап агайлары келди. Агайлары келгенде мен тоскоол болбоюн деп эшикте малымды карап жүргөм. Бир убакта мектеп директору чалып калды аялыма. Сүйлөшүп эле телефонун столдун үстүнө коюп эшикке чыгып кеткен. Арадан 3 мүнөт убакыт өтпөй эжейлери куттуктап келип калышты, “Ой, Гүлзадат, чык, эжейлериң келиптир” десем жок. Сырттагы кампабыздын эшиги ачылып калыптыр, “мунун эшигин эмне ачып койгон?” деп кампага кирсем эле аялым жипке муунуп калыптыр. Эжейлер үйгө кире элек болчу, бакырып эле жиптен чечип алдык, эжейлер укалап баштады, мен оозунан үйлөдүм. Тирүүлүктүн белгисин берген жок. Дарыгер чакырсак бизге каза болгонун айтты. Эгер аялым асынып өлгүсү келсе 9-мартты күтпөй эле башка күнү деле өлүп алмак. Эмнеге дал мектеп директору чалгандан кийин ушул окуя болуп жатат? Эмне деп коркутту, эмне деп айтты? Тергөө ишинде баарын текшериши керек.

“АЙЫЛДАГЫ МЕКТЕПТИ ӨЗ КОЛУ МЕНЕН КУРУШКАН”

– Айылдын балдары буга чейин 8 чакырым алыстагы Ак-Учук айылына барып окушчу. Биз айыл тургундары долбоор жазып, грант утуп алып таруу, буудайыбызды сатып кошумчалап ушул чакан мектепти ашар жолу менен курганбыз. Гүлзадат кичинекей кыздарын жетелеп алып кирпичин, тамагын ташып кол кабыш кылып жүргөн. 12 жылдан бери Ак-Чий орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берип жүрчү. Эки айдан кийин пенсияга чыкмак. 9-март күнү мектеп директору Зина Абдраева мугалимдерди чогултуп чогулуш өткөрүп “бул Гүлзадат эжеңердин ордуна келди” деп жаңы мугалим менен тааныштырыптыр. Анан да “Гүлзадат эжеңер өз арызы менен жумуштан кетти, диплому туура эмес болуп калып 10 миллион сом айып пул төлөй турган болду” деп айтыптыр. Келинчегим Ишеналы Арабаев атындагы университетти 6 жыл сырттан окуп бүтүргөн. Жылда кышкы, жазгы сессияга барышым керек дегенде малымды сатып жиберчү элем. Дипломдук ишин жазам деп бир айдай шаарда да жүргөн. Биздин айылдын мектеби кичинекей, 56 окуучуга 21 мугалим сабак берет. Мектепте коррупция иштери да бар, бул директор мектепти башына кийип каалаган мугалимин жумуштан алат, каалаганын жумушка коёт. Менин аялымдын ордун башка таанышына берейин деп эле жумуштан мажбурлап кетирди. Себеби биздин мектептин мугалимдери тоолуу шартта окутканы үчүн деп айлыкты көбүрөөк алышат. Айлыгына кызыгып башка айылдан келип окуткан мугалимдер көп. Жаңы келгенде жамааттагы мугалимдердин баары “бул директор менен иштеше албайбыз” деп каршы чыгышкан . Бирок райондук билим берүү бөлүмүндө тааныштары болуп ал арызды өйдө жакка жеткирбей басып койгон. Мектеп директору аялымдын дипломунун жасалма экенин так билип-билбей каяктагы 10 миллион сомдук айып пулду айтты мугалимдерге? Айып пулдун эсебин сот чечеби же мектеп директорубу? Аялымдын өлүмүнө себепкер бардык тарап тиешелүү жазасын алышын талап кылам.

Нурзат Султанова, Ак-Чий орто мектебинин мугалими: “ДИРЕКТОР МЕНЕН ЖАМААТТЫН ОРТОСУНДА ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР БОЛУП ТУРГАН”

– Биздин Ак-Чий орто мектеби 2008-жылы ачылган. Гүлзадат эже 2010-жылдан бери иштечү. Окуучуларын балдарындай жакшы көрчү. Үйү да мектепке жакын болгондуктан тыныгууда үйүнө барып келсе окуучуларына момпосуй көтөрө келчү. Ушул мектепти салууда эженин салымы чоң. Бизге башка жайлоолордон көмүр ташыган КамАЗдар менен келип окуган окуучулар бар. 8-март майрамына карата корпоратив болмок “келесизби?” десем, “кызым Түркияга кетмек, ошону узатып келем” деп койду. Ошол боюнча көргөн жокпуз. 9-март күнү мектеп директору баарыбызды чогултуп жаңы мугалим менен тааныштырды, биз таң калдык. Директор “Гүлзадат эжеңер жумуштан кетти” деп айтты. Эженин асынып алганы биз үчүн да күтүүсүз болду, абдан токтоо, сабырдуу, катуу сүйлөбөгөн, оңою менен эмоцияга алдырбаган адам эле, ишене алган жокпуз.

Мектеп директору Зина Абдраева менен жеке мамилеси кадимкидей эле болчу, сен-мен деп айтышканын көргөн жокпуз. Бирок жамаат менен директордун ортосунда буга чейин 2-3 жолу келишпестиктер болгон. Мугалимдер районго чейин арызданганбыз. 9-марттан бери мектеп директору жумушка чыга элек, учурда окуу бөлүм башчысы карап жатат мектепти.

Зина Абдраева, мектеп директору: “ДИПЛОМДУ ЖЕҢЕМ САТЫП БЕРГЕН ДЕП АЙТКАН”

– Гүлзадат Чодонова 8-март күнү мага жумуштан кетүү тууралуу арызын алып келген. Мен “4-классты окутуп бүтүрүп коюп кет” десем болгон жок. “Дипломум жасалма экени билинип калды, канчалык эрте кетсем ошончолук жакшы. Айып пулду төлөй албай калам” деди. Гүлзадат эже мага дипломду жеңеси сатып бергенин, ал азыр тирүү эмес экенин айткан. Эжеге көбүнчө методикалык жактан жардам берчүмүн. Мугалимдердин чогулушунда “10 миллион сом айып пул төлөйт” деп айткан эмесмин. Тескерисинче, мугалимдер өздөрү “кармалып калса эми көп акча төлөйт болуш керек” деп айтышкан. Диплому жасалма экени боюнча да мугалимдерге айткан эмесмин. Прокуратура иликтеп жаткан эле. Мен 9-март күнү Гүлзадат Чодоновага “прокуратурага кайра суракка чакырып жатышат, сизге айтып кой дешти” деп гана чалгам. Жаңы мугалимди жумушка алганым чын, себеби эже кеткенден кийин балдардын окуусу тоскоолдукка учурабашы керек эле.

“МУГАЛИМДИН ДИПЛОМУ ЖАСАЛМА ЭКЕНИ АНЫКТАЛДЫ”

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы төмөндөгүдөй маалымат таратты:

– Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан райондук билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы, билим берүү жана башка мыйзамдардын аткарылышына пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Чий орто мектебинин 2 мугалиминин дипломдору шек жаратып, аныктыгын билүү максатында тийиштүү окуу жайларга суроо кат жиберилген. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин маалыматына ылайык, Ак-Чий орто мектебинин башталгыч классынын Ч. Г. аттуу мугалимине “Окутуучу” квалификациясы ыйгарылгандыгы тууралуу диплому берилген эмес. Буга байланыштуу 4-мартта райондук прокуратуранын кызматкери Ч. Гга чалып диплому тууралуу түшүндүрмө берүүнү сураган. Мугалим университетине өзү барып такташып, 9-март күнү түшүндүрмө берерин суранып, чыгып кеткен. Ошол бойдон мугалим прокуратурага кайра келген эмес. Ч. Гнын жогорку билими тууралуу диплому жасалма экендиги боюнча факт каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргүзүлүүдө.

“ДИРЕКТОРДУН МУГАЛИМДИН ӨЛҮМҮНӨ ТИЕШЕСИ БАРДЫГЫ ДАЛИЛДЕНСЕ ЧАРА КӨРҮЛӨТ”

Окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы буларды билдирди:

– Бул окуяны баарыбыз жүрөгүбүздөн өткөрдүк. Биз үчүн ар бир мугалимдин өмүрү кымбат. Мугалим административдик айып пул төлөсө деле 12 жылдык стажы бар экен, кайра сырттан окуп окуусун бүтүрүп алса болмок. Мугалимдин өлүмү боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер тергөө иштеринде мектеп директорунун мугалимдин өлүмүнө тиешеси бар экени далилденсе ага карата тиешелүү чаралар көрүлөт. 17-март күнү министрликтин тапшырмасы менен мектеп башкармалыгынын жетекчиси Ак-Чий айылына барып куран окутуп, аз болсо да каржылык колдоо көрсөтөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан