ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 21-марттан 27-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Идея жана кылган аракетиңиз ийгиликтин булагына айланып, апта сиз үчүн берекелүү болот. Жума күнү үйүңүзгө тиричилик техникасын сатып алып, жумушуңузду жеңилдетесиз. Апта ортосунда ишиңиздин натыйжасы жакшы болот. Кызмат акыңыз үчүн көп маяна аласыз же жетекчиңиздин өзгөчө колдоосуна ээ болушуңуз мүмкүн. Жалгыз бой айымдарга баш кошуу тууралуу сунуш түшүшү ыктымал. Байкап, ойлонуп көрүңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада алыскы жана жакынкы туугандар менен жолугушасыз, конок күтүшүңүз ыктымал. Мезгил алмашканга өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Вирустук ооруларга каршы эмдөө алып, коргонууну ойлонуп көрүңүз. Жума күнү каржы жаатында жакшы кабар угасыз, жаңы киреше булагы табылып үй-бүлөлүк бюджетиңиз жакшырат. Үй-бүлөлүүлөр эс алуу күндөрүн балдарына бөлгөнү туура. Аларды эс алуу жайларына, музейге алып барыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Сиз үчүн жаңы таанышуулардын мезгили. Аптада бир туугандай болуп калган достордун жакшылыгын көрөсүз. Жакындарыңыздан өзгөчө көңүл бурууну талап кылышыңыз мүмкүн, бирок ашыкча эмоцияга алдырбаганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында ден соолугуңузда көйгөй жаралышы ыктымал. Алдын ала дарыгердин көзөмөлүнөн өткөнүңүз туура. Жекшембиде жеке бизнесиңизге байланыштуу кубанычтуу кабар угасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада таарынышып жүргөн түгөйлөр элдешет. Карызы барлар карызынан кутулуп, чет өлкөгө чыгууну пландап жаткандар сапарга чыгышат. Жаңы таанышуулар сизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Үй-бүлөлүү айымдарда кайын журт менен келишпестик орун алышы мүмкүн, абалды курчутпай дароо жайгарганыңыз туура. Жалгыз бой бөйөндөргө жактырып жүргөн адамы жылуу сезимдери бар экенин айтат. Дем алыш күнү конокко барасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жакын мамиледеги адамдар сизге көрө албастык кылып, майда-чүйдө нерсе үчүн уруш чыгарганга аракет кылышат. Мындай кырдаал жиниңизге тийиши мүмкүн, бирок аларга көңүл бөлбөңүз, тирешпеңиз. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ал сизге жагымдуу сюрприздерди жасайт. Чыгармачылык багытта иштеген арстандардын идеясы жетекчилик тарабынан жакшы деп бааланып, каржы абалын жакшыртып алышат. Дем алыш күндөрү чарба жумуштарын, үйүңүздү иретке келтириңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жылдыздар сизге азыртадан бир топ маселелерди чечүүгө киришүүнү сунушташат. Мисалы, сот иштеринин алга жылышын, турак жайды каттатуу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнү, жетекчиликке айлык маянаны жогорулатуу талабын коюуну. Апта сизге энергияны жана ийгиликти убада кылат, мунун артынан ишкердикте позицияңызды бекемдеп аласыз. Жеке мамиледе түгөйүңүздөн күмөн санап, кызганчаактыкка жол бербеңиз. Сүйүктүүңүздү көзөмөлдөй берсеңиз чыр чыгат же качып кутулат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада үй-бүлөңүздө өзгөчө гармония орун алып, түгөйүңүз менен камыр-жумур жашайсыз. Таасирдүү адамдардан колдоо алып кызмат тепкичинен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Банктан насыя алуу, ошондой эле бөлүп төлөө кызматын колдонуу менен буюм сатып алуу кооптуу. Азыркы кризистик шартта сиздин чөнтөгүңүз өтө эле жукарат. Студенттер жаңы окуу ыкмаларын үйрөнүп, жаңы багытты өздөштүрүшөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чөйрөдөгүлөрдүн мамилесине, жетекчиликтин талабына жараша иш алып барыңыз, ошондо эч нерседен утулбайсыз. Мурун эч качан жасабаган жаңы нерсени жасап көрүңүз. Мисалы, тамак-аш же кол өнөрчүлүк. Жекшембиге чейин энергияңыз ашып-ташып бүт жумуштарды жасаганга жетишесиз. Жумуш издегендердин иши оңунан чыгат. Бизнес менен алектенген ишкерлер күтүлбөгөн жерден чоң каражатка ээ болуп калышы мүмкүн. Аптада жеке жашоодо олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жылдыздар сизге аптада жашоонун ар кайсы тармагында ийгиликтерди убадалайт. Сиз үчүн чоң жетишкендиктердин мезгили келди десек болот. Бирөөлөргө ишеним артууда абайлаңыз. Берген тапшырмаңызды убагында аткарбай, сиздин репутацияңызга көлөкө түшүрүп койбосун. Соода тармагында иштегендердин кирешеси көбөйөт. Өзгөрүүнү каалап жатсаңыз аракет кылыңыз, убакыт келди. Эс алуу күндөрүн досторуңуз менен жолугушууга арнаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада текечер айымдар өздөрүн модельер же дизайнер сезишип эстетикалык таланты күчөйт. Аптада эч нерседен коркпой татаал жумуштарды колго ала бериңиз, убагында бүтүрөсүз. Сиз жакындарыңызга иш же акча менен гана эмес, кеңешиңиз менен да жардам бере аласыз. Андыктан жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуп турууңуз керек. Ден соолукка кам көрүп, эс алууну да унутпаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бирөөлөрдүн сизди кемсинткен, ар-намыс менен кызыкчылыктарыңызга шек келтирген мамилесине дуушар болууңуз мүмкүн. Көңүл чөктүрбөңүз, сиз баарын сабырдуулук менен жеңесиз. Аптадагы бардык көйгөйлөр жумушка жана акчага байланыштуу болот. Ишкерлер маанилүү жолугушууларды башка күнгө жылдырганы туура, анткени бул аптада өнөктөштөр менен тил табышуу кыйындайт. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүздөн жагымдуу сюрприз күтүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жашооңуздагы олуттуу өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Анткени жылдыздар сизге кубанычтуу сюрприздерди убадалайт. Акча жана карьерага байланыштуу иштериңизди ийгилик коштойт. Сунуштарыңыз, демилге-идеяларыңыз туура бааланып жетекчиликтин мактоосуна арзыйсыз. Тиричилик техникасы же үйүңүзгө эмерек буюмдарын сатып албай турганыңыз оң, себеби ал буюмдар бат жарактан чыгып калышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан