БИР БҮРКҮМ. ДИПЛОМ ТЕКШЕРҮҮ УЛАНУУДА...

  • Унаалардын алдынкы эшиктеринин айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берчү мыйзам долбоорун парламенттин тийиштүү комитети колдоду.
  • Бишкекте “Түндүк электр” ишканасына мыйзамсыз туташуу менен иштеп жүргөн майнинг-ферма табылды.
  • УКМК жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүүнү улантууда.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 54 өрт өчүрүүчү унаа алганы айтылды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Өлкөдө жакырчылыктын айынан мектепке барбай калган 201 бала бар.
  • 14-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 944 миллион метр куб суу калды.
  • “Мегаком” компаниясынын мурунку директору, экс-депутат Акылбек Жамангулов алдамчылыкка шектелип кармалып, 2 айга камакка алынды.
  • ИИМ: Каржы пирамидасы адамдарды алдоо менен өнүгүп жатат.
  • Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды.
  • Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кармалганын Башкы прокуратура билдирди.
  • Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды.
  • Депутаттар 17-мартта Орусиядан келе жаткан ун, май, кумшекер ташыган вагондор Казакстан менен Орусиянын чек арасында туруп калганын айтып чыгышты.
  • 18-марттан 21-мартка чейин өлкөдө абанын температурасы төмөндөй турганы кабарланды.
  • Кыргызстанда доллардын куну арзандай баштады.
  • Кыргызстанда бензиндин 2 аптага жетерлик кору калганын 16-мартта Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.
  • Жусупбек Коргонбай уулу, депутат: "Айрым блогерлер саясатчылардан 10-20 миң сом сурап, дубана эле болуп калышты".
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий иш сапары менен келери белгилүү болду.
  • Бишкекте мектеп окуучулары үчүн жол кирени арзандатуу маселеси каралып жатканы айтылды.
  • Эсенбек Кылжыров “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын директору болуп дайындалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан