ИСФАНА ЭМИ РАЗЗАКОВ ШААРЫ АТАЛАТ

Баткендин Исфана шаары Раззаков шаары деп өзгөртүлөт. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 16-мартта 3 окууда кабыл алды. Мыйзамга эми президенттин кол коёру күтүлөт. 2021-жылы 25-декабрда президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон эле. Жарандык коом Исфананы Раззаков эмес, Исхак шаары деп атоо туура болорун айтып жатат. Кыргызда жер-суу аттары адамдын фамилиясынан эмес, көбүнчө атынан коюлат деген пикирлер айтылууда. Исхак Раззаков шаары деп толук атоо да сунушталды парламенттеги талкууда. Кыргыз жеринде Шопоков, Бөкөнбаев, Аманбаев, Кулатов деген жана башка айыл-шаарлардын аттары көп. Бишкектин 4 районунун, андан башка бир катар айыл-шаарлардын аталыштарын кыргызчалоо маселеси да мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келе жатат.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан