Зарлык Камбаралиев, ырчы: «СҮЙҮҮДӨ ТУРУКСУЗМУН, КӨП СҮЙӨМ»

Бул ырчы шоу-бизнеске өзгөчө ырлары менен кирди. Азыр “Зарлыктын ырлары башкача” деп ыр жазып берүүнү суранып кайрылгандар көп. Ырдын сөзүн, обонун жазып тим болбостон, аткаруучу катары да элге таанылып, сүймөнчүк ырчыга айланган Зарлык Камбаралиев маек төрүбүздө. Ырчы учурда 100гө жакын ыр жаратып коюптур. Суроолорго кыска жана так жооп берген ырчы менен сүйлөшүү жеңил, кызыктуу болду.

– Зарлык, салам, көптөргө маек берүүдөн баш тартасың, себеби эмнеде?

– Салам. Эл менен бөлүшө турган жаңылыгыбыз болгондо гана маек берели деп командабыз менен сүйлөшкөнбүз. Анчалык деле элди кызыктыра турган жаңылык жасай элекпиз, ошондуктан көп маек бере бербейм. Бүгүнкү жаңылык – «Супер-Инфонун» биринчи бетине чыкканым болуп жатат.

– Ырчы катары аз убакыттын ичинде элге тааныла алдың окшойт...

– Мен антип айтпайт элем. Мен таанылганга чейин көп изденип, көп ыр жаздырып көргөм. Жаңы аракет кылып баштаганда акчам да, үмүтүм да жок болчу, ыр жаздырыш үчүн канча акча керек экенин укканда ырчылык меники эмес окшойт деп ойлочумун. Азыр адам алдына максат койсо, ал орундалат деп ишенип калдым. Мен дайыма өзүмө “кандай ийгиликтерге жеттим?” деген суроону берем. Элге аябай таанылып кеттим дегенден алысмын. Бирок ырларым чыгып, убакыттын өтүшү менен көбөйүп, эл оозуна алынып мени сүйүндүрүп жатат. Мындан дагы көбүрөөк иштешим керек деп жүрөм.

– Сени Кызсайкал Кабылова менен ырдаган “Ажырасак” ыры элге таанытты. Бул дуэт кандай жаралган?

– Бул дуэт боюнча көп сөздөр айтылды. “Кызсайкал мени таанытты деп ыраазычылык айттыңбы?” деп да сурашкан. Айткан эмесмин. Бул ыр менен менин эле эмес, Кызсайкалдын да деңгээли бир аз көтөрүлдү деп айта алам. Кызсайкал мени чыгарды деп баса белгилеп айта албайм. Анткени ыр себеп болуп жатпайбы. Ырдын обону, сөзү мага таандык. “Ажырасак” ошол учурдагы Кызсайкалдын турмушундагы абалга дал келип калганы үчүн, балким, алдыга чыгып кетти. Кызсайкал мага рахмат айтышы керек деп да айта албайм. Себеби ал экөөбүзгө буюрган ыр. Баары ырдын артынан келди деп ойлойм. Ага чейин Кызсайкалдын ошол ырдай популярдуу болгон ырын эстей албайм.

Дуэттин жаралганы тууралуу айтсам, Кызсайкал бир ыр жөнөтүп, “ушул сыяктуу ыр жазып бере аласызбы” деп кайрылган. Мен ушул ырды сунуштагам. Ошентип ырдап калдык. Көпчүлүк Кызсайкалга арналып жазылган деп ойлошот экен. Жок, бул ыр ага чейин эле жаралган.

– Атың чыгып калгандан кийин эмнелер өзгөрдү?

– Мурда өзүмө ишеним жок болчу экен. Азыр максат коюп, ага жетүүгө аракет кылса болорун билем, өзүмө ишенем. Мурдагыдан күчтүүрөөкмүн.

– Материалдык жактанчы?

– Үйүм, унаам жок, капчыгы толтура жүргөн адамдардын катарын толуктабайм. Бирок наалыгым да келбейт.

– Көбүнчө кайгылуу ырларды ырдайсың, ырларыңдын өзүңдүн жашооңо тиешеси барбы?

– Көп учурда жашоомдон алып жазам. Чыгармачыл адам көп сүйөт деп айтышса мурда ишенчү эмесмин. Менде да болот. Сыртынан жактырып калып деле ыр жазып коём. Унута албай жүргөн сүйүүлөрүмдү да ыр аркылуу чыгарып койгум келет. Кайгылуу ырлар жүрөгүмө жакын, ырдасам ырдагандай болом, өзүмө жарашат. Өзүңө жарашкан ырларды ырдаган жакшы. Шаңдуу ырлар мага жараша бербейт. Ошон үчүн кайгылуу ырларды көбүрөөк ырдайм, анан жеңилдеп калам.

– Ошондо сүйүүдө туруктуу эмессиңби?

– Мен бир аз ошондоюраакмын (күлүп). Туруктуумун деп айта албайм, көп сүйөм. Ар бири менен мамиле куруп эмес, кыздарды сыртынан деле сүйө берем.

– Сага жагыш үчүн кандай кыз болушу керек?

– Түшүнүктүү, жумушумду колдогон жакын адамым болсо деп кыялданам. Учурда түшүнүп колдогон адамым бар.

– Ырларыңды уккан адам сени жашоодо да кайгырып жүргөн адам экен деп ойлошу мүмкүн. Жашоодо кандай адамсың?

– Жашоодо шайыр элемин, досторумдун арасында тамашалашып, күлүп-жайнап жүргөн эле баламын. Мурда аябай уялчаак болчумун. Аракет кылып аны жеңип келатам. Анан дагы бир өзүмө жакпаган сапатым бар – кекчилмин.

– “Апа” деген ырың өз жашооңдон алыныптыр. Апаң тууралуу сурасам сага катуу тийбейби?

– Апа тууралуу тема козголгондо жүрөгүм сыгылып кетет. Тилекке каршы, апам жок. Каза болгонуна 5-6 жыл болду. Адам баарына көнөт экен. Баарыбыздын барар жерибиз ошол экенин түшүнүп, моюнума ала билип, азыр чыйрак болуп калдым. Ырымды өз жашоомдо болгон окуяларды чогултуп жаздым, клип тарттырдым.

– Апаңды бир аз эстебейлиби...

– Кичинемде эле ырдачумун да. Ошондо эле атактуу ырчылар концерт бергенде сахнада апаларына гүл беришчү. Аны көрүп апам “ырдап чыксаң, мен да ушинтип сахнага чыгып, биринчи концертиң менен куттуктасам” деп айтып калчу. Экөөбүздүн ошентип сүйлөшүп отурган учурларды көп эстейм. Апамдын көптөгөн сөздөрү, көп элестери көз алдымда.

– Ырларыңдын өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуң?

– Өзгөчөмүн дегенден алысмын. Бирок башка ырларга окшоштурбай жазганга аракет кылам. Башкача стилде жазгым келет. Болушунча кыргыздын унутулуп бараткан сөздөрүн кошкум келет.

– Сонун. Сага ийгилик каалайбыз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан