ЖАЗГЫ ТҮСТҮҮ ДААМ

Көпчүлүк азыктардын баасы көтөрүлүп жаткан маал. Бул учурда өтө кымбат эмес, витаминдүү азыктарга басым жасап организмди керектүү заттар менен камсыздаңыз.

ТҮСТҮҮ ОЛАДЬИ

Керектелүүчү азыктар:

Брокколи – 200 грамм

Көк пияз – 1 боо

Жумуртка – 1 даана

Ун – 5 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Паприка, туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Брокколини тутамдарынан ажыратып кайнак сууга 5 мүнөт салып, чыгарып суусун сарыктыруу керек. Брокколини да, көк пиязды да майда туурайбыз. Бир идишке салып үстүнө ун, туз, паприка салып, жумуртканы чегип аралаштырабыз.

2. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп ысытып алабыз. Аралашмадан эки аш кашыктан алып, алакан менен жукараак тегерек формага келтиребиз. Көмөч казанга салып, капкагын жаап эки тарабын тең 5-8 мүнөттөн кызартабыз. Витаминдүү оладьибиз даяр!

Көк пияз

Табигый биохимиялык зат болуп саналган кверцетинге, калий, кальций, цинк, фолий кычкылы, Е жана В4 витаминдерине бай болгондуктан – жүрөк-кан тамыр ооруларын, онкологиялык ооруларды, ичеги-карын ооруларынын алдын алууда натыйжалуу. Чач жана тырмакты бекемдейт. Астма, ашказан оорулары, аллергиясы барлар колдонууда абайлоосу керек.

СОУСТАГЫ ФРИКАДЕЛЬКИ

Керектелүүчү азыктар:

Фарш – 400 грамм

Жүсай – жарым боо

Коюулатылган сүт (сливки) – 200 миллилитр

Сыр – 100 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Коюулатылган сүттү көмөч казанга куюп, ысыган кезде сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды, майдаланган сарымсакты, туз жана татымалдарды салып бир кайнатабыз.

2. Ага чейин тоок этинен даярдалган фаршка (уй, кой этинен даярдалган фаршты да колдонууга болот) майда тууралган жүсайды салып, туз, мурч татытып көпкө чейин аралаштыруу керек. Ошондо фрикаделькилер бышырганда чачырап кетпейт. Кичирээк тоголок формага келтирип, алгач 180 градуста ысып турган электр мешине салабыз. 15 мүнөттөн соң алып чыгып, көмөч казандагы соуска салып 30 мүнөт орточо отто бышырабыз. Жанына гарнир кошуп, дасторконго сунсаңыз болот.

Жүсай

Аскорбин кычкылы, пектин, кальций, темир, В тобундагы витаминдерге жана Е витаминине бай болгондуктан – организмди вирус, бактериялардан коргойт, ичтейди ачып, тамак сиңирүүнү жакшыртат, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Панкреатит, ашказан жарасы, холецистит ооруларында сунушталбайт.

“ИММУНИТЕТ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Алма – 2 даана

Апельсин же мандарин – 1-2 даана

Шпинат же салат жалбырагы – 1 боо

Сыр – 50 грамм

Грек жаңгагы – 50 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Бал – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач өсүмдүк майын, лимон ширесин, балды кошуп бир массага келгиче чалуу кажет.

2. Апельсин же мандаринди кабыгынан тазалап, бөлүктөргө бөлүп алабыз. Ага чарчы тууралган алманы, сырды салып, жууп кургатылган шпинатты же салат жалбырагын кошобуз. Үстүнө жаңгак салып, майды куюп аралаштырабыз.

Шпинат

В1, В2, D, С витаминдерине, органикалык кычкылдарга, белок жана лютеинге бай болгондуктан – клеткалардын картаюусун алдын алууга, ичегилердин иштөөсүн жакшыртууга, көз ооруларынын алдын алууга көмөкчү. Шпинаттын бир эле терс жагы – анда щавель кычкылы көп болгону. Ошондуктан наристелерге берүүдө жана өт, бөйрөктүн таш оорулары, боор оорулары барларга сунушталбайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан