АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Арадан 5 жыл өттү...

Үстүнө кара күрмө кийген, 22-23 жаштардагы кыз шаардын сыртындагы көрүстөнгө жаз айларынын биринде келди. Кучагы толо кызыл гүл. Бул Айсулуу. Атасы үчүн куран окуганды үйрөндү. Мурун күндө келчү, азыр эки-үч күндө бир келет. Ортодон беш жыл өтсө да жоготуунун ачуусу жан дүйнөсүндө азайбады. Атасы көз алдында жылмайып турганы турган. Айсулуу 5 жыл ичинде эч ким менен мамиле курбады. Бир да эркекти эркек катары караган жок. Болгону атасынын жардамчысы Таир менен сүйлөшөт. Аны менен деле атасы тууралуу гана. Башка ортолорунда эч кандай мамиле болбой турганын ачык, так айткан. Жигиттин көзүндөгү өзүнө болгон учкундарды байкаганда так кесе айткан эле.

– Таир байке, мен сизди агам катары көрөм. Агам боюнча калыңыз, башка бир мамиле менден күтпөңүз.

– Эмнеге, Айсулуу?- деди тиги кыздын мынча ачык сүйлөгөнүнө таң кала. Атасы да сөздү айландырбай дал ушинтип тарс бетке айтчу.

– Менин жашоомдо бир да эркек болушу мүмкүн эмес. Болгон окуя менден атамды эле алган жок, менден бүт эркек аттууну алды. Кайсы бир учурда бир эркекти сүйүп калышым, же кимдир бирөөгө аял болушум мүмкүн эместей туюлат. Ичимдеги аял деген нерсени ошол түн жок кылды.

– Эмнеге?

– Корком.

– Менден да коркосуңбу?

– Агам катары жанымда болуңуз, башка каалоом жок!- ушуну кесе айткандан кийин Таир башка сөзгө өтө албай кала берген. Бирок сыртынан карап, коруп, анын аман-эсен болгонуна эле бактылуу болуп жүрөт. Айсулуу 5 жылдан бери балет мугалими. Кесибин жакшы билет, ата-энелер мугалим катары аны аябай жакшы көрүшөт. Өзү да кесибин берилип жакшы көрөт, атасынан калган үйдө, арзыбаган маянасы менен жөнөкөй жашоодо жашап кала берди. Апасы кызынын минтип кала беришине эч макул эмес эле. Кез келген жерден айта берет, бирок кызы күлүп гана коёт. Ушундай эле жай турмуш менен жашап жатты Айсулуу... Өз оюнда ушундай жашоо менен эле өтүп кетем деп ойлочу, бирок тагдыр аны шамал учурган жалбырактай алыс жактарга учуруп кетерин эч билген эмес.

ххх

Эркин мекенине келе жатты. 5 жыл өттү! Өзү менен өзү күрөшкөн, өзүн кечире албаган, кечире албаган сайын жаны кейиген муздак жылдар өттү. Окуусун бүтүп, Америкада бир жыл иштеди. Жакшы кыз таап, кыз-жигит катары сүйлөшүп да көрдү. Убакыттын өтүшү менен мамилелери сууп кетти, кызды үмүткөр кыла бербейин деп ачык айтып, коё берди. Эч эле алаксыта албады өзүн. Бир күнү ойлонуп отурду да, "өз өлкөмө кетем" деп чечти. “Болду, жетишет! Үйгө кетем” деди. Биринчи жолу чын дилинен жыргап жылмайып алды. Үй! Мекен! Бул сөздүн маанисин, тереңдигин ар бир кыргыз сыртка чыкканда жакшыраак түшүнөт. Пафос эмес экенин, киндик каның төгүлгөн жерге кусаң артып, башка жерде баары жакшы болсо да өз мекениңе тамырың тартып турарын сезишет.

Эркин да куса болгон эле, кетем деп чечкенден кийин дароо билет алды. Ата-энесине айтып кеңешкен жок, болгону кичүү карындашына “сага сюрпризим бар” деп жазып койду. Учакка отурганда гана жүрөгү бир оор жүктөн арылганын сезди.

Учак конду. Таң атып бара жаткан маал болчу. Кулагына чымчыктардын сайраганы башкача угулду. Жүзүн шамалга тосуп күлүмсүрөп алды. 5 жыл ичинде Эркин көңүлгө түшө тургандай болуп өзгөрдү. Келбеттүү, бойлуу, сулуу жүздүү, күнөөлүү тиктеген, мээримдүү көз карашы бар жигит эле. Көзүндөгү мээрим бир караганда эле көрүнүп турчу. Жакшынакай жигиттин шамалга жүзүн тосуп жыргап турганын кыздар көздөрү күйүп карап өтүп жатышты. Такси менен келген жигит чөнтөгүндөгү ачкычты алып дарбазаны ачты. Үйгө акырын кирип өз бөлмөсүнө кирди. Апасы анын керебетинде уктап жатыптыр. 5 жыл бою эч нерсе өзгөрбөгөндөй. Апасы бооруна рамкадагы сүрөттү кучактап алыптыр. Акырын алып карады эле, өзүнүн сүрөтү экен. Ыраазы боло жылмайып алды. Апасы да сагынган экен!

– Апа...- деди акырын.

– Ия?- көзүн чала-бучук ачкан аял жанында турган уулун көрүп көргөн көзүнө ишене албай кетти.

– Эркин, сенби?

– Мен, апа, келдим...

– Уулум менин!- ыйлап жиберип кучактай калган апасынын чачтарынан сылап, кичинесинен өзүнө тааныш жытты искеп турду. Өзүнүн да көзүнөн жаш айланып кетти.

– Кабар берсең эмне болмок?..

– Сюрприз кылайын дедим да, апа,- деди күлгөн уулу. Заңгыраган үйдө апасы эле бар экенин сезди, жүрөгү зырп дей түштү. Эки карындашы турмушка чыгып кетишкен. Бирөө орус жигит менен баш кошуп, Москвага кетип калган, экинчиси да 18 жашка чыгып эле турмушка чыгып кетти. Ата-энеси эки кызынын тең баш кошуусуна нааразы болушту, бирок кыздары айтканынан кайтпай туруп алышты. Анда да Аскар “сен тууган балдар кантип адам болмок эле? Менин кайран эмгегим, баарына жакшы келечек түзөм дегеним текке кетти. Канча жыл окуттум?!” деп кулак-мээсин жеди.

– Жалгызсызбы, апа?- деп алып өзүнүн жүрөгү мыкчылды.

– Ооба, атаң...

– Дагы эмне болду?

– Эмне болсун, жакшы эле, жүрөт иштери менен. Сен кандайсың? Арыктап да кетипсиң...

– Жок, апа, сага ошондой көрүнүп жатса керек... Зыңк элемин!

– Сагындым сени. Биротоло келдиңби? Эми кетпейсиңби?- деди апасы үмүт менен.

– Жок, апа, кетпейм, сени менен болом. Сени мындан ары жалгыз калтырбайм.

– Ооба, кетпе, уулум. Мен да бабырап отуруп алганымды кара. Азыр сага тамак даярдап жиберейинчи..- карбаластаган апасы тура жөнөдү. Эркин өз бөлмөсүн айланта карады. “Кетпейм эч кайда, менин жашоом ушул жерде” деди ал өзүнө-өзү дагы бир жолу.

ххх

– Пепельницаны бери берип койчу,- деди Аскар суйкайган сулуу келинге. Жылаңач ак дене төшөктөн “булак” эте берди. Фантазиясы укмуш Аскар аялды жалт эте кача берген маралга окшоштуруп ийди. Аты да Марал. Өзү да маралдай. Сулуу дене, жаштыктын деми, жанын магдыраткан сезимге туш болду. Өзүн бул дүйнөнүн падышасы сезди. Бир жыл мурун бул селки менен бир кечеде таанышкан. Модель кыз деп тааныштырышкан. Бирок маселеси башынан ашкан Аскар анча көңүл бура берген эмес. Кийин компаниясынын жарнамалык баракчасына чыкканда жакшылап карады. Кыйгач көз, дене мүчөсү келишкен, секиргенге даяр турган пантерадай караган укмуш сүрөт болгон экен. Фотограф да мыкты окшойт. Укмуш “дерзкий” көз карашты бериптир. Марал менен дагы бир кезикти, анан дагы, кантип жаш келин мунун башын айлантып алганын байкабай калды. Адатта аялдардан бат тажап кетчү Аскар эмнегедир ушуга токтоп калды.

– Компанияңызда башкы бухгалтер карып калгандай сезилбейби?- деди Марал төшүнө башын коё акырын сүйлөп.

– Эмнеге?

– Билбейм, креативдүү, жаш кадрларды командаңызга алсаңыз жакшы болмок деп ойлойм.

– Түптөлгөндөн баштап Зуура эже иштеп келе жатат. Ишин мыкты билет. Так, бир тыйындан бери отчёт берип турат. Эмнеге алмаштырмак элем?

– Эми айтып койдум да.

– Дорогуша, сен мээңди мага гана арна. Андай нерселер менен толтурба.

Аскар сулуунун жүзүнөн жыттап койду. Марал сүлүк курттай жабыша калды да, экөө кумарлана өбүшө кетишти.

– Сиз менен бир сааттык жашоо бир кылымдай мен үчүн...- деди Марал энтиге шыбырап.

– Сөздөрүңдөн сенин...

– Сиз мени бирок баары бир таштап кетесиз...

– Эмнеге?

– Ошондой сезилет. Мен сиз менен чогуу жашап, мыйзамдуу аялыңыз болгум келет. Балким, балалуу да болорбуз?

– Ко-ой, чын элеби?

Аскар кыялдана кетти. Мындай акылдуу, сулуу аялың болсо, анан томпойгон эркек бала төрөп берсе, өмүрүнүн акырына чейин кунарсыз аялынын жүзүн көрбөй, мына бул жаш селки менен жашап жашоонун даамын сезүү кандай бакыт болмок?! Айткан сөзү дал бутага тийгенин биле калды Марал. Бала! Бала төрөп берем деп алдаш керек!

Аскар чын эле ойлоно баштады. Мына, аялы менен 32 жыл жашады. Кыздары болбогон бир күйөөгө тийип жоголушту. Эркин башына балээ болгондон башка эмне кылды? Үйдө жалгыздыктан жанын коёрго жер таппаган, ар кайсы жери ооруган аялы анын кыжырына гана тиет. Демек, азыр ажырашып кетсе эч нерсе болбойт. Эч ким аны “акмак экенсиң” дебейт. Аялы деле каршы болбойт болуш керек. Анткени Эркин кеткенден бери чогуу жаткысы келбей уулунун бөлмөсүндө жатчу болду. Бир-эки куплет арманын айтып ыйлап коёт, бүттү.

– Аскар байке, эмнени ойлонуп кеттиңиз?

– Чын эле мен сага үйлөнөм десем атаң макул болобу?

– Эмнеге макул болбойт?

– Эми... Мен сенден канча жаш улуумун, атаңдай эле курактамын...

– Атам мени менен иши жок. Ал башка үй-бүлөсү менен жашайт. Өзү да жаш токолу менен жашап жаткан неме эмне дей алат мага?

– Апаңчы?

– Апам...

– Ии?

– Мен жайгарам.

– Ошондой де.

– Ошондой, сиз качан нике кыям десеңиз мен макулмун.

Аскар көзүнө жаркын келечегин элестетип жатып уктап кетти. Эмнегедир ошол түнү түшүнө жылан менен кучакташып жатканы кирди. Тердеп-тепчип жатып ойгонду. “Кызык, жылан коюнумда жатканы эмнеси? Эмне деген жышаан бул?” деди өзүнөн-өзү чочулап...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан