СТРЕСС БОЛГОНДО ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?

“Бардык оорунун башаты – нерв болуудан башталат” деген сөз бар эмеспи. Кыска убакытка болсо да стресске кабылуу билинбей түрдүү ооруларды жаратышы мүмкүн. Эмоционалдык чыңалуу абалы менен ар ким ар кандай күрөшөт. Бири айлана-тегерегин жыйнап, жууп-тазалап кирсе, экинчиси күчүн тамактан чыгарат да, эртеси “семирип кеттим” деп кайра стресс болот. Ошондо стресстен арылуу, ошол эле учурда ашыкча салмак кошпоо үчүн эмне жеш керек?

СТРЕСС УЧУРУНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН АЗЫКТАР

1. Эмоционалдык чыңалуу мезгилинде организм ачка болуу сезимин күчөткөн жана пайдасы жок тамактарга табитти ачкан кортизол, инсулин, грелин гормондорун көбүрөөк бөлүп чыгарат. Стресс учурунда кайсы азыктарга жакын барбаш керек?

2. Кофе. Күнүнө 1 же 2 жолу кофе ичүү адамга сергектик сезимин тартуулайт. Бирок стресс учурунда ичкен кофе энергия бербей эле, кортизол гормонун көбөйтүп, анын эсебинен кайра ачууланып, кан басымдын көтөрүлүшүнө, түрдүү жүрөк ооруларына алып келет. Кофенин ордуна компот, жок эле дегенде жөнөкөй суу ичсеңиз өзүңүзгө пайда.

3. Алкоголь. Капаланып, стресске кабылып турганда “көңүл жубатуу” үчүн спирт ичимдиктерин ичсе бардык маселе оңой чечилет, адам өзүн жеңил сезип калат деген жөн гана куру сөз. Алкоголь адамды агрессияга түртмөлөгөн норадреналин гормонун бөлүп чыгарат. Андан да стресс болгон сайын “жүз граммдан” иче берип аракеч болуп кетүү да алыс эмес экенин унутпаңыз.

4. Фаст-фуд. Пицца, гамбургер, шаурма, картошка калдырканы... Мм... Бул азыктардын пайдасынан зыяны көп экенин билесиз. Бирок стресс учурунда баарына кол шилтеп, дал ушул тамактарды жегиң келет. Бирок ашказан ооруларынан жана ашыкча салмактан башка эч пайда таппайсыз. Андыктан карманыңыз.

5. Таттуулар. Момпосуй, шоколад, печенье, торт, кекс жана башка таттуу тамактар кандын курамындагы канттын өлчөмүн көбөйтүп, ашыкча салмакка алып келет.

СТРЕСС УЧУРУНДА ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР

Клетчатка. Клетчаткага бай азыктарды жесеңиз стресс менен күрөшүп эле тим болбой, арыктайсыз, ичеги-карын системинин иштеши жөнгө салынат, организмден керексиз шлак, токсиндер чыгып, жүрөк-кан тамырдын иштеши жакшырат. Жалпылап айтканда, клетчатка бардык тарабынан сизге пайдалуу азык. Клетчатканы жашылчалардан (брюссель капустасы, сабиз, спаржа, брокколинин курамында айрыкча көп), буурчак, фасолдон, андан сырткары жаңгак, бадам, зайтун мөмөсү, малина, шабдалы, банан, алма, алмуруттан табасыз.

В витамини. Организмдеги метоболизмдин иштешин жөнгө салып, нерв системин көзөмөлдөөгө жардам берет. Эгер бул витамин организмде жетишсиз болсо адам уйкусуздук, стресс, депрессияга кабылышы ыктымал. В витаминдер топтомун жашылчалардан кенен табасыз. Капуста, шпинат, кызылча, дарбыз, брокколи, цитрус жемиштери, жумуртка, грек жаңгагы, канаттуулардын эти, деңиз азыктары, буурчак түрлөрү жана башкаларда бар.

Омега-3. Адамдын эмоционалдык абалын турукташтырууга жардам берген заттардын бири. Омега-3 баарынан да деңиз азыктарында, анын ичинен балыкта абдан көп. Андан сырткары жаңгак түрлөрү (айрыкча грек жаңгагы), зыгыр, соя, брюссель капустасы да омега затын камтыйт.

Антиоксиданттарга бай азыктар да пайдалуу болуп эсептелет: мөмө-жемиш, капуста, грек жаңгагы жана башкалар. Эгер такыр эле таттуудан баш тарта албай жатсаңыз, аз өлчөмдө кара шоколад жеп койсоңуз да стресс менен күрөшкөн антиоксиданттардын деңгээли жогорулайт.

Пробиотиктер. Тамак сиңирүү системиндеги микроорганизмдердин дисбалансы да адамды тынчсыздануу, стресс абалына жеткирүүчү себептердин бири. Ичегилердин жакшы иштешине пробиотиктер жардам берет. Пробиотиктерди үй шартында жасалган йогурт, айран, ачытылган, туздалган капуста, сырдын айрым түрлөрүнөн табасыз.

Белок. Стрессти жеңүү үчүн да энергия керек. Энергия болуш үчүн пайдалуу азыктар менен тамактануу талап кылынат. Стресс менен күрөшүү үчүн белок керек. Андыктан белокко бай канаттуулардын эти, деңиз жандыктары, жумуртка, сүт азыктары, дан азыктарынан ботколор, жаңгак, буурчактын түрлөрүнөн тамак жасап жеңиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан