Майсалбек Шаимов: “ГИПС ШЫБАК МЕНЕН БИР ЧОҢ ҮЙДҮ 3 АДАМ 3 СААТТА ШЫБАП КОЁТ”

– Туулган жерим – Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылы. 2011-жылы Москвага иштегени барып, курулушчуларга кошулуп иштеп калгам. Ошондо үйлөрдүн ичиндеги дубалдарды немис технологиясы менен шыбачубуз. Башкача айтканда, негизги курамы гипс, ага полимердик кошулмалар кошулган шыбак үчүн кургак аралашма колдончубуз. Бул ыкма “машина менен аткарылуучу гипс шыбак” деп аталат.

Кыргызстанга келгенде шыбакчылардан бригада түзүп, аталган ыкманы колдонуп элге кызмат көрсөтө баштадык.

Бул ыкма үчүн, жогоруда айткандай, Германиядан чыгарыла турган 30 килограммдык мүшөктөгү кургак аралашма, атайын аппарат жана суу керек. Аппаратка аралашма салынат. Чоң бочкалардагы суу мотор аркылуу сордурулуп, аппаратка түтүк аркылуу куюлат. Аппарат аларды аралаштырып берет, аппараттын түтүгү аркылуу аралашманы дубал бетине чачып, анан тегиздеп чыгабыз. Тегизделген соң жылмаланат. Шыбак кургаган соң “маяк” темирлерди чыгарып, анын ордун шыбап коёбуз.

Аралашманы чачардан мурун дубалдын “уровенин” чыгарып, анан 2 метр сайын “маяктарды” (ичке темирлерди) тигинен орнотобуз. Ортолоруна аралашма чачылат. Аралашма ал темирлердин бети менен тегиз болуп чачылышы шарт. Ошондо дубалдын бети тегиз шыбалат.

Гипс шыбактын артыкчылыгы – бат шыбалып, бат бүтөт, үндү жутат, жылуулук жакшы сакталат, 50 жылга чейин кызмат кылат, ным тартпайт, жыт чыгарбайт. Гипс экологиялык таза каражат, андан тышкары ак түстө болгондон кийин дубал аппак болуп калат. Гипстеги полимердик кошулмалар жылтырагандай да түс берет. Кургагандан кийин эле туш кагаз жабыштыра берсе болот. Дубалга илгеркидей ылай шыбак, анан кум шыбак кылуунун, ага керектүүлөрдү ташып келүүнүн кереги жок.

Мисалга, аянты 100 чарчы метр кыштан тургузулган тамдын ички дубалдарын шыбаш керек болсо, болжол менен 2 тонна 500 килограмм гипс аралашма керек. Эгер дубал бетон болсо аралашмадан 2 тоннадай кетет. Негизи эле жыгачтан башка менен тургузулган дубалдардын баарына, анын ичинде ылай менен тургузулганына да жарай берет. 100 чарчы метр дубалдын бетин аппараттын арты менен 3-4 адам 3 саатта шыбаганга жетишсе болот.

Жыйынтыгында 1 чарчы метр үчүн сатып алынган керектүү материалдарга кеткен акчага шыбакчылардын акысы кошулуп үй ээси 590 сом төлөйт. Ошондо 100 чарчы метр дубалга үй ээси 59 000 сом чыгым болот. Эгер ылай жана кум шыбакка кете турган чыгымды эсептесек гипс шыбакка кетчү чыгым бир эле болот. Бирок гипс шыбакта убакыт үнөм болот. Үй ээси тигини-муну ташып келип убара болбойт. Ал болгону шыбакчыларды суу менен камсыз кылат.

Фархад Исраилов: “ШЫПТЫ ПЕНОБЕТОН МЕНЕН ЖАБАБЫЗ”

– Менин кичи мекеним – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылы.

Илгертен келе жаткан ыкма боюнча, шыпты сырткы чатыр жагынан жабуу үчүн тосундар бекитилип, анын үстүнө жука тактайлар жабылып, үстүнө ылай жаткырылат. Ал эми биз колдонгон ыкмада шып үчүн узун такталар кагылып, алардын алдына жазы рейкалар жыш кагылат. Анан узун такталардын араларына пароизоляция материалы жаткырылып, үстүнө пенобетен куюлат. Бул шыпты жылуулоо деп да аталып жүрөт. Аталган ыкма Германиядан ойлоп табылып, анан ар кайсы өлкөлөргө тараган. Кыргызстанда колдонула баштаганына 10 жылдай болсо да элге эми кеңири тарап жатат.

Шыпты пенобетон менен жабуу үчүн керектүүлөр:

1. Пенобетон. Мунун курамына курулуш буласы (волокно), көбүк жаратуучу зат, цемент, кум кошулат. Башкача айтканда, жалаң экологиялык таза курулуш материалдарынан жасалат.

2. Пароизоляция. Бул абадагы нымды үйдүн ичине, ал эми үйдүн ичиндеги жылуулукту сыртка чыгарбай кармап турчу материал (плёнка, мембрана).

3. Кошулмаларды аралаштыруу үчүн атайын аппарат керек. Анан даяр аралашма насостун арты менен сордурулуп туруп, түтүк менен чачылат.

Пенобетон 10 сантиметр калыңдыкта куюлат. Кургагандан кийин үстүндө басып жүрө берсе болот. Пенобетон жеңил, катуу, чычкан тешип аралай албай турган материал. Ылай шыпка караганда жылуулукту 3-4 эсе көп сактайт, үндү жутуп ичкери өткөрбөйт. Өрткө туруктуу, грибок баспайт, үй эскирип калгыча кызмат кылат.

Чыгымына келсек, шыпты ылай менен жапканга кеткен каражаттын өлчөмүнө барабар эле болот. Бирок убарагерчилиги аз, убакыттан утасың. Мансард түрүндө салынган, ошондой эле бир, эки кабат үйлөргө да колдонулат.

Керектүүлөрдүн баары даяр болсо 3-4 адам 1 чоң үйдүн шыбын жарым күндө куюп коё алат. Пенобетон шыптын 1 куб метрине үй ээлери 3700 сом төлөшөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан