“ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗДООНУ ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 21 МАМЛЕКЕТТИК ИМАРАТ РЕНОВАЦИЯДАН ӨТӨТ

«Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын» алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети кыш айларында жылытуу секторундагы электрден көз карандысыздыкты кыскартуу жана жылытуу жаатында ишенимдүү, натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртып, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, имараттардын электр энергиясын пайдалануусун азайтуу үчүн энергонатыйжалуу технологияларды жайылтуу чечимине токтолгон.

Коомдук имараттар канааттандырарлык эмес абалда, ага себеп техникалык тейлөө үчүн ресурстардын жетишсиздиги жана сырты жылууланбагандыгы, жылытуу системинин эскирген абалы. Ушулардан улам жылуулукту жоготуу жогорку деңгээлде.

2017-жылы жылытууга баа берүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик имараттардын жылуулукка болгон муктаждыгы жылуулукту жоготууларынын көптүгүнөн, жылуулук жана электр энергиясы менен жетиштүү жана ишенимдүү камсыздалбаганынан улам жыл сайын орточо эсеп менен 20-30 пайызга чейин канааттандырылбай келери аныкталган. Натыйжада көптөгөн коомдук имараттар олуттуу жылытылбай келет, бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана калктын ыңгайлуулугу менен жыргалчылыгына терс таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстанда калктын санына пропорционалдуу түрдө өлкө боюнча 9780 коомдук имарат бар жана бул сектор энергиянын негизги керектөөчүлөрүнүн бири болуп саналат (айрыкча электр энергиясын керектөө боюнча). Ал тез темп менен өсүүсүн улантууда – бул өз кезегинде өлкөдөгү имараттардын жалпы фондунун энергонатыйжалуулугунун төмөндөшүн шарттайт.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) каржылык колдоосунда «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун демилгелеген. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан жогоруда айтылган долбоордун компоненттеринин биринин алкагында өлкө боюнча тандалган социалдык объектилер энергияны үнөмдөөчү имараттарга айлантылат.

«Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун инженери Валерий Борминцев өз оюн билдирди:

– Долбоорду талкуулоонун алдында Кыргыз Республикасындагы коомдук имараттардын көбү 25-60 жыл мурун, Совет доорунда эч кандай энергоэффективдүү факторлор эске алынбастан курулганын белгилеп кетким келет. Бул өлкөнүн экономикасында энергия сыйымдуулугунун жогору болушуна алып келет. Натыйжада отун ресурстарын сарамжалдуу эмес пайдалануу менен мекемелердин бюджетине жана бөлүштүрүүчү тармактарга чоң күч келип, ошондой эле электр энергиясынын жетишсиздигинен улам катуу отунду колдонуу көбөйүп, экологиялык абалдын начарлашына алып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети белгилүү иш-чараларды көрүп жатат, ошондуктан ченемдик укуктук база өркүндөтүлүүдө. “Имараттардын энергонатыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Кыргыз Республикасынын жаңы салык кодексинде жаңы имараттарды курууда жана долбоорлоодо энергияны үнөмдөө чараларын колдонгондорго айрым жеңилдиктер каралды. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин күч-аракети иш жүзүндө да багытталган: Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана Швейцария өкмөтүнүн (SECO) колдоосу менен “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору ишке ашырылууда. Ал 2 компоненттен турат: 1-компонентти «Бишкек жылуулук тармагы», ал эми 2-компонентти Кыргыз Республикасынын коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырат, жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу. Долбоор өлкөнүн коомдук имараттарында энергоэффективдүүлүктү жогорулатуунун артыкчылыктарын көрсөтүү менен ишенимдүү жана эффективдүү жылытуу кызматтарына жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, энергияны керектөөнү азайтуу үчүн энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган,- дейт Валерий Борминцев.

Долбоордун инженери маалымдагандай, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көбү электр энергиясын үнөмсүз пайдаланып, олуттуу жоготууларга дуушар болуп жатканы байкалат. Алардын ичинен аталган долбоор боюнча негизги талаптарга жооп берген 21 объекти тандалып алынган. Биринчи талап катары имараттар мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында болушу керек эле. Экинчиден объектилер электр энергиясынын негизинде жылытылып, үчүнчүдөн долбоордун алкагында реконструкциялана турган объектилердин эскилиги 50 жылдан ашпашы керек болчу. Төртүнчүдөн, алар өздөрүнүн негизги максаттары үчүн колдонулуп жана келечекте профилин өзгөртпөшү керек болчу. Бешинчиден, алар акыркы 5 жылда капиталдык оңдоодон өткөн эмес болуусу шарт эле. Мына ушул талаптарга жооп берген 21 объектини жалпы өлкө боюнча тандап алышкан.

Долбоор 2019-жылы башталып, ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылга чейин деп эсептелген. Бул аралыкта бүтүндөй өлкө боюнча 21 имарат реновациядан (реконструкция) өтөт. Алардын ичинен Бишкек жана Ош шаарларында бирден мекеме, Чүй менен Жалал-Абад облустарында үчтөн имарат, Талас, Нарын жана Баткен облустарында экиден имарат, Ош облусунда 6 жана Ысык-Көлдө бир имарат каралган.

Акыркы кезде өтө кеңири жайылып жаткан энергоэффективдүүлүккө токтолсок. Энергоэффективдүүлүк – энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн колдонулган бир катар иш-аракеттер. Бүгүнкү күндө ал эмне үчүн маанилүү? Анткени эскилиги жеткен имараттарды жылытууда жылуулуктун 35 пайызы дубал, ал эми 25 пайызга жакыны терезе жана чатыр аркылуу жоготууларга учурайт. Мындан улам электр энергиясы натыйжасыз колдонулуп, бюджет дагы, энергоресурс дагы ысырап болот. Ошол себептен “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору аркылуу тандалып алынган объектилерде оңдоо-түздөө иштерди жүргүзүп, энергияны максималдуу түрдө натыйжалуу колдонгонго шарт түзүлөт.

Долбоордун инженеринин айтымында, имараттардын абалына жараша электр энергиясын натыйжалуу колдонуу боюнча бир нече иш-чаралар атайын адистер тарабынан ишке ашат. Стандарттуу чараларга, биринчиден, терезе, эшик, чатыр, пайдубал жана имараттын конструкциясын жылуулоо кирет. Экинчиден, жарыктандыруу жакшыртылып, лампалар энергоэффективдүү лампаларга алмаштырылат. Үчүнчүдөн жылытуу системи жаңыланат.

Долбоордун инженери Валерий Борминцевдин турак жайларды энергоэффективдүү кылуу үчүн жарандарга берген кеңештерине токтолсок: “Кыргызстанды шарттуу түрдө 6 климаттык зонага бөлүп карасак болот. Андыктан турак жайларды энергонатыйжалуу кылууда ар башка чаралар колдонулушу ыктымал. Мисалы, Нарын менен Суусамыр өрөөнүн алсак, ал жактарда кыш ызгаардуу келип, узак созулат. Демек, үйдү бардык жагынан жылуулап, терезелерди жаңы 5 камералуу пластик терезелерге алмаштыруу сунушталат. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына мындай чараларды көрүүнүн кажети жок. Ал жакта кыш жылуу болгондуктан 3 камералуу терезе менен жалпы жылуулоо жетиштүү. Үйдөгү лампаларды электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу туура чечим болот”,- деди ал.

Долбоордун алкагында 1-циклге кирген 6 коомдук имараттын бири – Чүй облусундагы Сретенка орто мектеби эксплуатацияга берилди. Учурда Талас облусундагы эки орто мектепте оңдоп-түздөө иштери 80-90 пайызга аяктап калды. Калган 3 объект боюнча иштер графикке ылайык жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 2024-жылга чейин долбоордун алкагында 21 коомдук имарат энергоэффективдүү шарттар менен камсыздалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА