СОДАНЫН ПАЙДАСЫ

Кадимки тамак-аш содасын огороддо колдонуп, жашылчалардын түшүмдүүлүгүн көбөйтүп, отоо чөптөр менен күрөшүүгө болот.

Урукту тазалап алуу. Ашкабак, кызылча, бадыраңды тигер алдында алардын уруктарын сода аралашмасы менен тазалап алса болот. Мында урук бат өнөт жана өсөт, өздөрүнө тиешелүү ооруларга аз чалдыгат. Анткени сода антисептикалык касиетке ээ. Сода аралашмасы үчүн жарым чай кашык соданы 1 литр сууга салып аралаштыруу керек. Анан ал сууга дакини салып суулап туруп, ал дакиге урукту салып байлап түнү бою коюп коюу шарт.

Отоо чөптөрдөн арылуу. Короодогу жол ордуна төшөлгөн плиткалардын арасына отоо чөптөр өсүп калат, аларды жок кылуу кыйын. Бир куту соданы 1 чака сууга аралаштырып алып, сууну плиткалардын араларына чачуу кажет. 3-4 күн ичинде отоо чөптөр куурап калат. Айрымдары калып калса ыкманы кайра кайталоо кажет.

Малинаны курттан сактоо. Бул үчүн 1 аш кашык соданы 1 литр кайнак сууга кошуп, анан сууну кайра муздатуу кажет. Эми түйүлүп баштаган малиналардын үстүнө суудан чачыңыз. Муну 2-3 күндөн кийин кайра кайталап коюу шарт.

Жашылчаларды оорулардан сактоо. Помидор, болгар калемпири, баклажан фитофтороз оорусуна (козу карын сымалдар пайда кылат) чалдыкпашы үчүн 3 аш кашык соданы 5 литр сууга кошуп, сууну пульверизаторго куюп алып жашылчалардын үстүнөн чачуу талап кылынат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан