ТАҢ КАЛЫЧТУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

«ТИШИҢ ӨГӨӨЛӨНСӨ БЕЙИШКЕ КИРЕСИҢ»

Индонезиянын Бали аралынын элинде “учтуу тиштер жамандык чакырат, адам өлгөндөн кийин бейишке кирбей калат” деген ишеним бар. Мындан улам 18 жашка чыккан ар бир адамдын учтуу тиштери өгөөлөнөт. Бул ритуал чиркөөдө өтөт, дин кызматкери кадимки эле өгөө менен өгөлөйт. Эч кандай ооруну басаңдатуучу дары-дармек колдонулбагандыктан, тиши өгөөлөнүп жаткан адам жан чыдагыс оорутууга чыдашы керек.

«КУМУРСКАГА ЧАКТЫРСАҢ ЭРКЕК БОЛОСУҢ»

Бразилияда жашаган сатере-маве уруусунда таң калычтуу ырымдар көп. Алардын бирине токтолсок, уул бала 18 жашка чыккандан кийин “эркек” деген статус алуу үчүн "тукандера" деп аталган сыноодон өтөт. Бала эки колуна самандан токулган мээлей кийип, 10 мүнөт жүрүшү керек. Мээлейдин ичине кадимки аарынын чакканынан 30 эсе оорута чаккан тропикалык ири ок-кумурскалар толтурулган болот. Эркек болом деген байкуш бала кумурскалардын “жемине” айланган мезгилде буга чейин бул сыноодон өткөн эркектер аны тегеренип ырдап, бийлеп турушат. Ооруга чыдабай кыйкырганга болбойт, бул алсыздыктын белгиси. Мээлейди чечкенде адамдын колу 3-4 саатка чейин кыймылдабай, шал абалда болот. Ууну таратуучу дары ичкенден кийин калыбына келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан